16 ЖАШТАГЫ МАЙЫП КЫЗДЫ ЗОРДУКТАДЫ ДЕП 70 ЖАШТАГЫ КОҢШУСУ ШЕКТЕЛҮҮДӨ

Ысык-Көлдүн Түп районунун Күрмөнтү айылынын 70 жаштагы тургуну коңшусун, башкача айтканда, жашы жете элек майып кызды зордуктаганга шектелүүдө. Бул окуянын чоо-жайын иликтеп көрдүк.

“МААЛЫМАТ ТЕРГӨӨ АЯКТАГАНДА БЕРИЛЕТ”

Түп РИИБи:

– Бул окуянын чоо-жайы жана шектүү тууралуу маалымат тергөө аяктагандан кийин берилет. Учурда тийиштүү медициналык экспертизалар дайындалды.

“КЫЗ КОШУНАСЫН, АНЫН ҮЙҮН КӨРСӨТҮП ЖАТАТ”

Камиль Рузиев, укук коргоочу:
– Ысык-Көлдүн Түп районунун 70 жаштагы тургуну А.С. (аты-жөнү өзгөртүлдү) айылдашы, майып, жашы жете элек кызды зордуктаганга шектелүүдө.

Жабырлануучу В.А. (аты-жөнү өзгөртүлдү) балдардын шал оорусу (ДЦП) менен ооруган 2-топтогу майып, 16 жаштагы кыз. Ал 5 айлык кош бойлуу абалында кан кетүүнүн айынан төрөт үйүнө жеткирилген. Ысык-Көл облустук төрөт үйүндө врачтар операция жасап, кызды аман алып калышканы менен, курсактагы бала чарчап калган.

Укук коргоочу катары окуянын чоо-жайын териштирдим. Андан тышкары Түп райондук ИИБи менен маселе боюнча сүйлөштүм. Алар бул боюнча кылмыш иши козголо электигин, бирок шектүүнүн үстүнөн арыз түшкөндүгүн айтышты. Өспүрүм кыз өздөрүнөн 4-5 үй ары жашаган кошунасын, анын үйүн көрсөтүп жатса да ал адамга иш козголгон эмес. Шектүү адам күбө катары гана өтүп жатыптыр. Стамбул протоколу боюнча врачтар кароо жүргүзбөптүр.

“Чарчап калган баланын генетикалык анализи чет өлкөгө жиберилет. Анын жыйынтыгына карап иш андан ары уланат. Учурда керектүү медициналык экспертизалык иштер дайындалды. ДНКны изилдөөгө кете турган 1200 доллардай каражатты табабыз” дешти Ысык-Көл облустук ИИБинен.

Милиция кызматкерлери ишти тийиштүү деңгээлде жүргүзбөгөндөн айыл эли чара көрүп, зордуктаган адамды айылдан чыгарып жиберүүнү чечишиптир.

Маалыматтарга караганда, шектүү майып кызды “тигини-муну берем”, “белек берем” деп алдап үйүнө алып барып зордуктап жүргөн.

Кыздын атасынын көзү көрбөгөндүгү, апасы да оорукчан экендиги, жетишпеген жашоодо жашай тургандыктары маалым болду. Учурда бул иш боюнча кыздын эжеси чуркап жүрөт. Ал Түп районунун
ИИБине кайрадан арыз жазыптыр.

Мен кыздын укугун коргоо боюнча Ысык-Көл облустук акыйкатчыга да кайрылдым. Учурда андан тиешелүү жоопторду күтүп жатам. Ысык-Көлдөгү президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарына кызга жардам берүү, укугун коргоо жана башкалар боюнча да кайрылдым, ал бул иш боюнча жергиликтүү бийликтин жетекчилери менен чогулуш өттү. Жыйынтыгын айтышат.

“ЗОРДУКТООГО ШЕКТҮҮ КҮБӨ КАТАРЫ СУРАЛЫП ЖАТАТ”

Бул иш боюнча жабырлануучунун туугандарынан комментарий алуу максатында кайрылганыбызда кыздын эжесимин деген Жамал (аты өзгөртүлдү) буларды айтып берди:

– Мен кыздын эжесимин. Сиңдим майып. Мен атамдын биринчи аялынын кызымын. Жабырлануучу атамдын 3-аялынан. Атамдын ал аялынан дагы 1 кыз, 1 баласы бар. Бир айылда жашайбыз.

Атам 75ке келип калды. Эки көзүнөн глаукома менен ооруп, көрбөй калганына 6-7 жыл болду. Кыздын апасы кызынын таламын талашып, укугун коргогонго сабаты жетпейт. Баарына кайдыгер караган адам, оорукчан адамга окшош. Ошондуктан сиңдимдин укугун коргоп, таламын талашып мен жүрөм.

Милицияга шектүүнүн үстүнөн арыз жазганбыз. Бирок милиция кыймылдабай койду. Окуя билингенде социалдык кызматкерлер бир жолу келишип, анан келбей коюшкан. Менин билишимче, Ысык-Көлдөгү президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү бул иш боюнча тиешелүү жерлерге чалган экен. Ошондон кийин кыймылдай башташты окшойт. Кечээ, 13-апрелде социалдык кызматкерлер келип кетишти.

Сиңдим оорукчан, ал уялганды, коркконду, калп айтканды билбейт. 70 жаштагы шектүү кишини жана анын үйүн көрсөтүп жатат. Ал кишини, менин билишимче, милиция оңдуу суракка ала элек. Күбө катары өтүп жатат.

Сиңдим оорукчан экендиги аз келгенсип, кордогонго тиги кишинин кантип дити барды экен?

Кылмыш кылган адамдын мыйзамдуу жазасын алышын, иш козголуп, тергөө тиешелүү деңгээлде жүрүшүн талап кылам.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1010, 15-21-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан