ЭГОНУ ЖЕҢҮҮ АДАМДЫ БАКТЫЛУУ КЫЛАТ

Эго терминин психоаналитик Зигмунд Фрейд айтып чыккандан бери көп окумуштуулар изилдешти. Ар биринин өзүнүн көз карашы жана пикири бар. Бул жолу психолог Өмүрбек Жалилов эго тууралуу, аны жеңүү жолдорун айтып берди.

– Эго деген эмне?

– Жалпак тил менен айтсак, бул – напси. Илимий тил менен айтканда, эго. Ар бир адамда түрдүү формада эго болот. Мындай караганда, текебер, менменсинген, "мени" күчтүү адамдарды эгосу күчтүү деп коёбуз. Ошол эле учурда байкуштун, өлүмүштүн кейпин кийип алып зыян берген да эго болушу мүмкүн. Адамдардын көбү эгонун өзүнө зыян берип жатканын билбейт.

– Бала төрөлгөндө ак барактай таза төрөлөт. Канча жашынан баштап эго калыптана баштайт?

– 3 жашынан 7 жашына чейин бала калыптанып бүтөт. Ушул жаштарда балада эго дагы, ичиндеги программа да калыптанат. Ата-энеде кандай эго болсо ал дагы балага таасир берет. Көп ата-энелер жакшы көрүүнүн, эркелетүүнүн чегин билбей калышат. Өтө эркелете берсе баланын эгосу ашып кетет. Ашыкча эмоция, ашыкча сүйүү, ашыкча кам көрүү, мунун баары эгоизмге алып келет. Наристени жакшы көрүш керек, мээрим төкпөй койсо болбойт. Бирок эркелетүү менен анын эгосун "семиртпеш" керек. Сүйүү менен тарбиянын ортосундагы чекти дайым кармап туруу зарыл.

– Эң зыяндуу эго кайсы?

– Ашыкча акыл. Өзүн акылдуу сезген, көп китеп окуган адамдын эгосу өтө кооптуу. Акылга гана таянганда адам адашып, багытын, миссиясын түшүнбөй калат. Бардык нерсени акылга салып чечкен калпыс ойлорго жетелейт. Жүрөк менен акыл бирдей деңгээлде активдүү болгондо гана адам баланска келет. Кургак акыл менен акылмандуулук – бул эки башка нерсе. Эгону ооздуктап, баш ийдирип алган, Кудайдын мыйзамы менен жашаган адамды акылман дейбиз. Кургак акыл “мен билем, анткени көп окугам” деп эле өз мыйзамын орнотуп алат. Аны жеңе алганда акылмандуулук келет. Акылды коомду агартууга, адамдарга жардам берүүгө жумшай баштаса, анда акылмандык келип чыгат.

– Эгосу күчтүү адамдар көп ийгиликке жетет деп билебиз...

– Жетиши мүмкүн. Ийгилик ага бактылуулук алып келдиби? Ошол жагын караш керек. Атактуулугу, байлыгы бар, коомдо статусу жогору болушу мүмкүн. Биз бай, атактуу адамдын баарын бактылуу дей албайт эмеспизби. Ийгиликтүү болуп туруп эгосун ооздуктап, аны ат кылып минип алган адам чыныгы бакытка жетет. Эго чоң күч. Ошону элди агартууга, кайрымдуулукка же өзүнүн жанындагы адамдарга жакшы мамиле кылууга кетирсе, анда чоң иштер башталат. Бизнесмен, аткаминерлердин көбү мен айткан учур чак менен жашоого аракет кылып, менден окуп жатышат. Демек, алар жалаң амбиция, эго менен бир күнү сынып каларын сезип жатышат...

– Эгону кантип жеңебиз?

– Таарынуу, бирөөнү жамандоо, адамдарды статусуна карап бөлүү, ичи тардык, “мен муну кыйын билем” деген ишеним, менменсинүү, айтор, эгонун формасы көп. Биз ушул сапаттардан арылганда эгону жеңген болобуз. Ал өтө амалкөй, адамга билинбей туруп эле жан дүйнөсүн ээлеп алат. Эң жөнөкөй ыкмасы – адам өзүнүн үстүнөн иштеп, жан дүйнөсүн жаркыратып, Жаратканга жакын болушу керек. Эң эффективдүү ыкмасы – медитация. Медитация учурунда адам өтмүш менен же келечек менен жашабай калат. Ага учур чак келет. Учур чакта жашаган адам момундукка келет. Ага байлыгың, бийлигиң бир тыйын болуп калат. Аң-сезимди учур чакка алып келүү – бул өтө чоң эмгек. Жалпыга тиешелүү нерсени айтсам, адамдарга, абалга баа бербеш керек. Баа берүү менен эгону ойготуп алабыз. Жакшы-жаман, бай-кедей, акылдуу-акылсыз, жөндөмдүү-жөндөмсүз деп баа берүүдөн алыстоодон баштаңыз. Ойго келсе да унчукпай коюш керек. Ошондо эго акырындап сына баштайт. Эго менен дайым күрөшүү керек. Өтө көп ыкмасы бар, ар бир адамды өзүнө жараша индивидуалдуу айтып беребиз.

– Ашып кеткен эгонун зыяндары?

– Бактысыздык, оору, күтүүсүз кырсык, депрессия, кээде өзүнө кол салууга чейин алып барат.

– Эгосу күчтүү аялдар менен жашоо кыйынбы?

– Андай аялдар ошондой эркекке жолугат. Анткени эгону эго сүйөт, бул жерде тартылуу күчү пайда болот. Психологияда бул дагы чоң илим. Чогуу жашай келгенде уруш-талаш, чыр-чатак көп болушу мүмкүн. Аял аялдыгы менен бактылуу болушу керек. Алардын чыныгы функциясы мээрим берүү, жылуулук тартуулоо. Эгосу күчтүү аялдар мээрим бермек тургай Кар ханышасындай муздак болуп калышат. Сиз Кар ханышасы менен жашагысы келген эркек көрдүңүз беле?

– Күрөштүк, жеңдик дейли, андан кийин адамга кандай сезим келет?

– Жүрөгүнө бейпилдик орнойт, бактылуулук келет. Көп оорулардан айыгат. Адамда 93 пайыз оору стресске байланыштууэмеспи. Эгосу күчтүү адамдар көп стресс болушат. Андан арылганда жашоонун маңызын түшүнө башташат.

– Психологдор “өзүң каалагандай жаша. Эркин бол” деп көп айтышат. Бул ойлор эгону өстүрөт экен, сиз кайра эгону жеңиш керек деп жатасыз...

– Башкалардын айтканына бир нерсе десем аларга баа берген болуп калам. Мен өзүмдүн көп жылдык тажрыйбамда адамдарды эгодон арылтып, оор дарттардан айыктырдым. Адамдарды жөнөкөйлүккө алып келип дарылайм. Ошондо ажырашкандар жарашат, ата-эне менен баланын ортосунда жакындашуу пайда болот. Бактылуулук табышат. Башкалар тууралуу эч нерсе дебегеним туура.

– Тема тууралуу адамдарга эң жөнөкөй ыкманы айтып кетсеңиз...

– Эч нерсе күтпөй жашагыла. Жетекчиңерден, балаңардан, ата-энеңерден. Курбу-достон, бир туугандан жакшы сөз, колдоо, түшүнүү күтпөй жашаганга көнгүлө. Ошондо гана момундук, жөнөкөйлүк акырындап келе баштайт. Бул сөздүн философиясын туура түшүнсөңүз, сиз биринчи тепкичтесиз. Тепкичке бут койгон адам сөзсүз түрдө чокусуна чыгат...


Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1014, 13-19-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан