ЖАШЫЛЧАЛАРГА ЗЫЯНКЕЧ ЖОЛОТПОҢУЗ

Жашылчалардан жакшы түшүм алуу үчүн багып-кароодон тышкары, алардын зыянкечтери менен күрөшүү да керек. Болбосо түшүм аз болуп калат. Зыянкечтер өзгөчө жаандуу сезондон кийин жана жайында зыян келтирет. Аларды жок кылуу жаатындагы маалыматты Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин бөлүм башчысы Алмаз Алакунов берет.

Картошка

• Зыянкечи – колорадо коңузу

Келтирген зыяны коңуз жана анын личинкалары картошканын жалбырагын, сабагын жейт. Картошка өсүүсүн токтотот.

Зыянкечти жок кылуунун агротехникалык ыкмасы орун которуштуруп, жерди терең айдоо. Түшүмдү жыйноодон 10 күн мурун картошканын сабактарын оруп, аларды жыйноо, жок кылуу керек. Минткенде кыштап чыгуу үчүн жер алдына кирип кете элек коңуздар жей турган тамагынан кол жууйт. Коңуздарды кол менен жыйнаганда ичине керосин же өтө туздуу суу куюлган банкага салуу керек.

Зыянкечти жок кылууда 1 гектар үчүн колдонулуучу химиялык каражаттар: децис 40-60 миллилитр, каратэ 150-200 миллилитр, кинмикс 150-200 миллилитр, альфа-супер 70 миллилитр, фастак 100 миллилитр, конфидор 100 миллилитр.

• Зыянкечи – медведка курту
Чоңдугу 3-5 сантиметрдей келген түз канаттуулар түркүмүнө кирген курт. Жер алдында жашап, азыктанууга түндө чыгат.

Келтирген зыяны – картошканын түбүн жейт. Картошкадан тышкары сабиздин түбүн, бадыраңдын жалбырактарын жейт.

Зыянкечти жок кылуунун агротехникалык ыкмасы – июнь айында культвиация жүргүзүү керек. Жумурткалары сыртка чыгып калып, өлөт. Ар жерге кичине чуңкурчаларды казып, ошол жерлерге кык таштаса, курттар ошол жерлерге топтолот. Анан терип салуу керек.

Зыянкечти жок кылууда 1 гектар үчүн колдонулуучу химиялык каражаттар – куртту өлтүрө турган химиялык каражаттар жок. Курт жер алдында жашагандыктан аларды өлтүрүү өтө кыйын.

Помидор

• Зыянкечи – томат күбөсү

Кабырчык канаттуу көпөлөк түркүмүнө кирет.

Келтирген зыяны – помидорго көпөлөктүн өзү эмес, гусеницасы зыян келтирет. Помидордун сабагын, гүлүн, мөмөсүн, жалбырагын жейт.

Зыянкечти жок кылуунун агротехникалык ыкмасы – картошка менен помидордун зыянкечтери бирдей, ошондуктан экөөнү катар тикпей, ортолоруна укроп, петрушка, сельдерей тигүү керек.

Зыянкечти жок кылууда 1 гектар үчүн колдонулуучу химиялык каражаттар: суми-альфа – 150-250 миллилитр, фастак 100-150 миллилитр, моспилан 25-30 грамм, конфидор 100-200 миллилитр, проклейм 300-400 миллилитр, кораген 150-200 миллилитр.

• Зыянкечи – кызыл желе кенеси

Келтирген зыяны -1 сезондо 8-15 мууну жетилет. Жалбырактардын ширесин сорот, ал жерде сары-күрөң өңдүү темгилдер пайда болот, анан жалбырак саргаят, оролуп, куурайт, түшөт. Эгер чара көрбөсө кенелер көбөйүп, помидорду желе баса баштайт.

Зыянкечти жок кылуунун агротехникалык ыкмасы – орун которуштуруп, жерди терең айдоо

Зыянкечти жок кылууда 1 гектар үчүн колдонулуучу химиялык каражаттар: каратэ 100 миллилитр, омайт – 1,5 литр,

моспилан – 150-200 грамм, хлорпирифос – 1 литр.

• Зыянкечи – колорадо коңузу

Келтирген зыяны- коңуз жана анын личинкалары помидордун жалбырагын, сабагын жейт. Помидор өсүүсүн токтотот.

Зыянкечти жок кылуунун агротехникалык ыкмасы- орун которуштуруп, жерди терең айдоо.

Зыянкечти жок кылууда 1 гектар үчүн колдонулуучу химиялык каражаттар: суми-альфа - 200 миллилитр, фастак, пикет – 70-100 миллилитр, моспилан 30 грамм, регент 20 грамм, нурелл-Д 60 миллилитр.

Капуста

• Зыянкечтери – капуста белянкасы, капуста күбөсү, капуста бити (тля)

Келтирген зыяндары – Жумурткаларын капустанын жалбырагына ташташат, личинкалары капустаны жейт.

Зыянкечти жок кылуунун агротехникалык ыкмасы – Орун которуштуруп, жерди терең айдоо

Зыянкечти жок кылууда 1 гектар үчүн колдонулуучу химиялык каражаттар: каратэ – 100 миллилитр, децис – 30 миллилитр, конфидор– 2 литр.

Пияз

Зыянкечи – пияз чымыны

Келтирген зыяны – жумурткаларын пияздын сырткы кабыгынын алдына же пияз түптүн ичине, же түптүн жанына топуракка таштайт. Личинкалар 3-8 күндө чыгып, пиязды жеп баштайт. Пияздын түбү чирийт, жалбырактары соолуп, саргаят. Личинкалар 15-20 күндө топурактын сыртына чыгат, дагы 15 күндөн кийин кадимки чымынга айланышат.

Зыянкечти жок кылуунун агротехникалык ыкмасы – орун которуштуруп, жерди терең айдоо

Зыянкечти жок кылууда 1 гектар үчүн колдонулуучу химиялык каражаттар: каратэ– 30-40 миллилитр, децис – 40-60 миллилитр.

• Зыянкечи – тамеки трипси

Келтирген зыяны – жумурткаларын пияздын сабактарына таштайт. Личинкалар сабактын ширесин сорот, ал жерде күмүш сымал тактар калат.Тактар күрөң түскө өтүп, сабактардын башы куурай баштайт. Натыйжада пияздын түбү кичинекей болуп өспөй калат. Пиязды казып жыйнаганда илешип кошо кеткендери кышта пиязды жейт.

Зыянкечти жок кылуунун агротехникалык ыкмасы – орун которуштуруп, жерди терең айдоо.

Зыянкечти жок кылууда 1 гектар үчүн колдонулуучу химиялык каражаттар: ЭНЖИ, СК – 106-141 миллилитр, энжир, КС – 106 миллилитр.

Бадыраң

• Зыянкечтери – бакча бити (тля), белокрылка

• Келтирген зыяндары- бадыраңдын жалбырактарынын, сабактарынын ширесин сорот, бадыраң саргаят, куурайт.

Зыянкечти жок кылуунун агротехникалык ыкмасы – орун которуштуруп, жерди терең айдоо.

Зыянкечтерди жок кылууда 1 гектар үчүн колдонулуучу химиялык каражаттар: суми-альфа – 150-250 миллилитр, фастак 100-150 миллилитр, моспилан – 25-30 грамм, конфидор – 100 миллилитр.

• Зыянкечи – желе кенеси

Келтирген зыяны – бадыраңдын жалбырактарынын, сабактарынын ширесин сорот, бадыраң саргаят, куурайт.

Зыянкечти жок кылуунун агротехникалык ыкмасы – орун которуштуруп, жерди терең айдоо

Зыянкечти жок кылууда 1 гектар үчүн колдонулуучу химиялык каражаттар: каратэ-100 миллилитр, омайт – 1,5 литр, моспилан – 150-200 грамм.

Эскертүү: аталган каражаттардын баары 350-400 литр сууга кошулуп чачылат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1018, 10-16-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан