АПТАПТАН КАЧКАН АДАМДАР, БАЛЫР БАСКАН КӨЛМӨЛӨР

Жай саратан “бысмылда” деп башталганда эле катуу чамынып кирип, мынчалык ысыкка көнбөгөн мекендештерибиздин айласын кетирүүдө. Шаштыны алган ысыктан кайда качып, кандай кылаарды билбеген шаардын тургундары айласы кеткенде түрдүү көлмөлөрдү көздөй жөнөшөт. 40 градуска жеткен ысыкта кыйналгандан көрө суусу кир болсо да кайсы бир көлмөгө түшүп, жанды жай алдырууну көздөшөт эмеспи. Биз да алардын катарына кошулуп, шаардын айланасындагы көлмөлөрдүн абалы кандай экендигинен кабар алмакчы болдук.

БАЛЫРЛАРЫ, ДИСКОТЕКАСЫ АРАЛАШ

Алгачкы багытыбыз Бишкектин ичинде эле жайгашкан “Аэропорт” көлмөсүн көздөй болду. Тынчтык проспектиси менен тоону көздөй жүрүп, курулуп бүтпөй токтоп калган мейманкананын тушуна келдик. Биз эңсеп келген көлмө ушул тушта. Бул жерге каалагандар 298инчи жана 266ынчы маршруттук таксилерге түшүп же Ахунбаев көчөсү тарабынан жөө деле келе берсе болчудай. “Аэропорт” көлмөсүнө кирүү 20 сомдон экен. Айланасына 2 метрдей аралыкка кум чачылып, пляж жасалган көлмөнүн суусу тимеле укмуш... Жапжашыл боло суунун бетин бербеген балырлары, ылайы аралаша жүздөн ашык адамдар сүзүп жүрүшөт. Мынчалык кир сууга ысык болбогондо айдасаң да түшүшпөсө керек эле. Көлмөнү тегерене басып, администрациядан кимдер бар экенин сураштырдык. “Бул жайды биз ижарага алып иштетип жатабыз”,- деп түшүндүрдү өзүн Мухамедали деп тааныштырган жашы отуздар чамасындагы кыргыз жигит.
– Күндүн ысыгынан улам суу бизге жеткичекти эле орто жолдон буруп кетишүүдө. Суу аз болуп, түнкүсүн эптеп тазалап жатабыз.
– Кантип тазалайсыңар?
– Тигил башынан суу кирет да, бул тарабынан чыгат. Сууну түнкүсүн ушинтип тазалайбыз.
– Санэпидемстанциядан текшерүүлөр жүргүзүлөбү?
– Сезонду 20-июндан тартып баштадык, ошондон бери келип жатышат.
– Сууну буруп келип эле тазалап койсоңор болдубу? Тазалоонун башка жолдорун талап кылышпайбы?
– Талап кылышат, албетте. Хлор, атайын кошулмалар бар. Ошолорду маал-маалы менен таштап турабыз.
Бул жигит менен маектешип жатканыбызда ары жакта кумда жаткан 2 кыз, 2 жигит бакылдап бири-бирине кеп бербей сууга секиришти. Алар отурган жерде ары-бери оонай 5-6 пивонун бөтөлкөлөрү жатыптыр.
– Мына буларга окшоп ичишет. Анан акыл-эсин башкара албай калышканында мушташышат, айрымдары сууда сүзө албай калгыча ичип алып деле сууга түшүп, айтор, бир топ убара чектиришет.
– Куткаруучулар көрүнбөйт го, силерде андайлар жокпу?
– Тигине, отурушат го экөө. Кечээ мас болуп эки бала жүрүшкөн, заматта ошолордун бири чөгүп кетиптир. Учурунда суудан чыгарып сактап калышты. Андай окуялар көп болот. Анын үстүнө, көлөмү кичинекей болгону менен бул көлмөнүн тереңдиги бир топ.
– Куткаруучуларды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен аласыңарбы же өзүңөрдүн эле тааныштарбы?
– Негизи министрлик менен келишим түзөбүз. Өтө коркунучтуу, оор кырдаалдарга туш болуп калсак, кошумча жардам сурайбыз. Ал эми бул экөө болсо сууда мыкты сүзгөн өзүбүздүн тааныштар.
– Алар жабырлануучуга биринчи медициналык жардам көрсөткөндү билишеби?
– Алар мындан мурун да куткаруучу болуп иштеп жүрүшкөн тажрыйбалуу жигиттер. Жабырлануучуга кандай жардам берүү керектигин билишет.
Айтор, жигиттин айтымында, бул көлмөдө көңүл ачуунун көп түрлөрү бар. Бардан түрдүү суусундук, ичимдик алууга болот. Кечкисин атайын суу үстүнө курулган секиде дискотека уюштурулат.
– Бий кезинде 4 бала туш тараптан көңүл ачуучуларга көз салып турушат. Антпесе суу үстүндөгү секиден кызып алган бирөөсү түшүп кетип же бирөөнү таштап жиберишсе, акыбети жаман болуп калышы мүмкүн.
– Опурталдуу дискотека экен. Кокусунан сууга түшүп кетишсе караңгыда кантип сактайсыңар?
– Бий секичесинин айланасын бийик темир менен жакшы эле тосконбуз. Кудай сактасын, андай окуя боло элек. Бул жерден былтыр бир адам каза тапкан. Бирок, дискотекада эмес, күндүз эле сууда сүзүп жүргөн жеринен. Эми айланага күндөн калкалоочу чатырларды алып келип, бул жакка болсо душ иштетебиз,- деген Мухамедали көптөн бери иштетилбей туруп эскире баштаган узунунан кеткен жалпак тамды көздөй кол шилтеди.

“СЕН ДА СУУГА ТҮШПӨГҮН, ООРУП КАЛАСЫҢ!”

Саякатыбыздын экинчи бөлүгүн шаардын ичинен орун алган “Сорока” көлмөсүнөн уланттык. Жаш Гвардия бульвары менен Ленинград көчөлөрүнүн кесилишиндеги бактын арасынан орун алган бул көлмөгө келгендердин саны өтө арбын. “Аэропорт” көлүндө суунун түрүн көрүп чочуганыбыз жөн эле кеп экен. Айлана-тегереги коргондолуп тосулбаган бул жайга адамдар түгүл ысуулаган ити, мышыгы деле келе берет тура. Суусу киргилдене көбүктөнгөн көл ичиндеги ичимдик, суусундуктардын бөтөлкөсү, “одноразовый” аталган стакандар, жыл бою боюна топтолгон ылай, жалбырак, чырпыгы аралаш акыр-чикир... Түз эле куткаруучунун кийимин кийип отурган 2 кишини көздөй бет алдык.
– Бизден эмес, интервью алгыңар келсе, бул жерди иштетип жаткан жетекчиден алгыла,- деген экөө сүйлөшүүгө макул болушпай арыда жүргөн аялды көрсө­түштү. Алар көрсөткөн аялдын жанына барганыбызча эле кайдан келгенибизди баамдадыбы, айтор, кабакты түйүп алыстан эле:
– Мен директор эмесмин, ал азыр жок. Качан келээрин да айта албайбыз,- дей баштады. Ошентсе да атын атоодон, сүрөткө түшүүдөн баш тарткан бул аялдан анча-мынча сурообузга жооп алдык.
– Кишинин көптүгүнүн бир себеби “Сорока” шаардын ичинен орун алганы болсо, экинчи себеби бекер экендигинде. “Биз катамаран, суусундук, ичимдик сатып гана пайда табабыз,- дейт ал аял. Бир катамаранды саатына 30 сомдон беришет экен. Суунун тазалыгына көңүл деле бурушпайт сыяктуу. “Кантип тазалайсыңар?” деген сурообузга директордун жоктугун шылтоолоп, жооп берүүдөн караманча баш тартты.
Ызы-чуу түшө сууда жүргөн жүзгө жакын адамдарды карап туруу өзүнчө эле тамаша. Алардын фонунда көлөкөдө унчукпай сууну тиктеп отурушкан кичинекей балакай менен орто жаштагы аял башкача көрүнөт экен. Жанына отура калып балакайдын атын сурай кеттим.
– Бауржан,- дейт карагаттай көздөрүн ирмегилеген бала.
– Канчадасың?
Быйтыйган алакандары менен 5 жашта экендигин көрсөттү.
– Сууда сүзгөндү билесиңби?
– Билем, апам үйрөт­көн.
– А эмне үчүн сууга түшпөй отурасың?
– Апам айткан “бул суу кир, ичинде жаман нерселер бар, ооруп каласың” деп. Апам менен Ысыккөлгө барганда сууга түшөм, жээгине кумдан үй салам. Мен кыйынмын, суудан коркуп ыйлабайм. Сен да түшпөгүн бул сууга, макулбу, ооруп каласың...

“БИЗДИН БАЛДАР КУТКАРУУЧУ БОЛУУГА АРГАСЫЗ БОЛУШУУДА”

Шаар ичинен ысыган жанды сергитээр, суусу тазараак көлмө таппай эми шаардын четине Аларча суу сактагычын көздөй жөнөдүк. Атайын мэрия тарабынан эл сууга түшүп эс алуучу жай деп эсептелинбесе да, ысыктан качкан шаардыктар бул суу сактагычка көп келишээринен кабарыбыз бар эле. “Дордой” базарынан ары шаарды айланган (объездной) жолдон 8 чакырым алыстыктагы бул суу сактагыч шаар ичиндеги көлмө­лөр­дөн 5-6 эсе чоңдугу менен эле айырмаланбастан, суусунун тазалыгы, жээгинин шагыраган таштактыгы менен да айырмаланат экен. Бул суу сактагыч спорт мектебинин окуучулары кайык менен сууда сүзүүнү үйрөнүшсүн үчүн атайын колдонууга берилген экен. Азыр спортчуларга да ээ кылбай, аптаптан качкан эл ызы-чуу түшө сууда жүрүшөт.
– Негизи бул аймак бизге гана берилиши керек болчу, минтип баары келип, окуп жаткан балдарыбызга тоскоол болушууда. Чоң-чоң таймаштар болоордо урушуп жатып араң кетиребиз сууга түшкөнү келгендерди. Демейдеги күндөрдө жаш балдар биздин окуучулардын кайыктарына сонуркап жабышып алышат. Тигине, караңызчы, ичип жатышат. Ал бөтөлкөлөрдү кетээрде жөн кетпей талкалап кетишет. Биздин окуучулар айласы жок күн сайын эл тараганда жээкти тазалап чыгышууда. Бул жер атайын көлмө болбогон соң куткаруучу жок. Улам бири сууга чөгүп, биздин мектептин балдары куткаруучу да болууга аргасыз болушат. Дагы жакшы, мэрияга арызданып жүрүп машиналарды киргизбей койдук. Болбосо жээкке чейин машиналарын айдап келишип, ичип, мушташып, кааласа түнгө чейин калып калышып, айтор, жаман башаламан болуп кеткен,- дейт кейиген спорт чебери Александр Кругляков.
Күйүп-бышкан спорт чеберинин айтканындай эле бар экен. Татынакай кыздарды кучактай чоң курсак кишилер ичип, тамеки тартышып, дагы бирөөлөрү 4-5 жашар балдары менен кошо сууга түшүп жүрүшөт. Кайсы жерге эл келсе кошо жетүүчү алып-сатарлар бул жерди укпай же байкабай калышканбы, же жолдун алыстыгынанбы, айтор, суусундук, ичимдик, таттуу-маттуу саткан бирөө да жок. Эч кандай акы төлөнбөгөн, шаардан бир канча чакырым алыстыктагы (айланма жолго маршруттук таксилер менен келип, андан ары жөө же машина менен баруу керек) суу сактагычка келгендердин саны жүздөн ашуун экен.

“КОЛУМДАН ЖЫЛМЫШЫП, СУУГА ЧӨГҮП КЕТТИ”

Башкалардан таза, салкын бул сууга бир сыйра чайынып сергип алган соң ошол эле айланма жолго түшүп “ГЭС-5ти” көздөй жөнөдүк. Билишибизче, эл көп келген көлмө ушул. Бул жайга кирүү үчүн машинага 35 сом, киши башына 20 сомдон, катамаранга саатына 50 сомдон төлөйт экенсиң. Кире бериште жол тоскон күзөтчүлөрдөн өткөн соң калың бакка бөлөнгөн жол менен көлмөнү көздөй жөнөдүк. Сууга жетээрде биринчи эле көзүмө түшкөнү “161” сактап калуу кызматынын машинасы болду. Оюмда “бул көлмөнү ижарага алып иштетип жаткандар “161” сактап калуу кызматы менен келишимди мыктылап түзүшкөн тура” дептирмин. Көрсө, алар жаш жигит чөгүп кеткенинен улам көлмөдөн куткаруучулар табылбай, чакырык менен келишкен водолаздар экен. Эми эле чогуу ойноп жүрүшкөн шеригин суудан таппай калып, өң-алеттен кеткен 2 жигит узаткан суроолорубузга жооп берүүгө да жарашкан жок. Көрсө, медакадемиянын 2-курсун бүтүрүшүп, бирөөсүнүн атасы “сессиядан аман-эсен кутулганыңар үчүн” деп баласына кошо 2 досун алып келип, “силер эс алып тургула, мен тамак-аш алып келе калайын” деп кеткен экен. Кырсык каш-кабактын ортосунда деген кеп бар эмеспи. Жыргап катамаранга чыгып алып, сууга сальто таштап ойноп жаткан жигиттердин бири кокусунан чөгө баштаптыр.
– “Мени тарт!”- деп кыйкырганынан карай салсам, колдорун кыймылдата албай калыптыр. Тартып чыгарууга күчүм жетпей калды. Тырыша кармасам да колумдан жылмышып, сууга чөгүп кетти,- дейт кубарган шериги.
Кайсы шайтан шаштырып балдарды көлмөгө алып келдим эле?!”- деп өзүн ашатып сөгө көзүнөн жашын салаалаткан орто жашап калган киши суу астынан баланы издеп жүрүшкөн куткаруучулардан көзүн албай отурат. «Чөгүп кеткен баланын эне-атасын да чакыртышкан экен, “келе жатабыз” деп чалышыптыр»,- деди бизге шыбырай ушул тапта сууга түшүп жүргөн аял. “Чөк­көнүнө 1 сааттан ашып калды, бечара, тирүү болбой калды го”,- деди шуу үшкүргөн Жолдош аттуу байке.
– Ырас, ижарага алып иштетишкен соң туш тарабына куткаруучу коюп, тартип бузгандарга айып салып, теске салышпайбы. Тигине, тээтигил жаш балдарды карагылачы, бул жакта катамаранда ойноп жатып сууга чөгүп жатышса, алар суунун ортосуна барып алышып катамаранды ары чайкап, бери чайкап, аңтара салып ойноп жатышат. Ошентип, шоктонгондорго, жээктен 10-20 метр ары кеткендерге айып салышып, чатак салгандарды айдап чыгышса, мындай кырсыктар азайбайт беле. Буларга эмне болсо ошол болсун, акча табышса болгону. Мындан бир жума илгери бир мугалим эже классын алып келиптир. 9-класстын окуучулары дегендей болушту. Аларды өзү жалгыз тигил жактан, бул жактан чогултуп, саксактап алаксып жатып өзүнүн баласын унутуп, 10 жашар уулу чөгүп кетпедиби. Аны 20 мүнөттө эле табышкан. Бирок, думугуп калыптыр.
Жолдош байке менен сүйлөшүп жатып тигил жээкте отурган кишини карап турдум. Бечара куткаруучулардан көзүн албай, Кудайга жалына жаак ылдый жаштарын куюлтуп ыйлап жатты.

ТҮНДӨСҮ СУУГА ТҮШҮҮ КОРКУНУЧТУУ

Мындай кайгылуу окуядан улам маанайыбыз чөгө «Комсомол», «Пионер» көлмөлөрүн көздөй бет алдык. Алар Совет көчөсүнүн ылдый жагында, Чоң Чүй каналынан өткөндө жолдун оң тарабында экен. Башында аттары аталган көлмөлөрдө дарак-бутагы жок, чакчайып күнгө кактала жүдөгөн жаныбыз кара жыгач багынын калың көлөкөсүнө, жол жээктей коюлган скамейкаларга туш болуп, жаныбыз жыргай түштү. Бирок, кубанганга эрте экен, жанаша жайгашкан бул эки көлмөнүн суусу “Сорока”, “Аэропорт” көлмөлөрүнөн эч бир айырмаланбай, анысына кошо кечке маал зыңылдаган чиркейлери шаштыны алып, заматта жүдөтүп ийди. Каш карайганда бул көлмөлөргө келгенибизде дале сууда сүзүп жүргөндөр көп экен. Дүңкүлдөтө музыка коюп, “Коладан” тартып пиво, арагы, балмуздагына дейре жайнатып коюп соода кылып жаткандар биздин “куткаруучулар барбы, жетекчилер кайда?” деген соболдорубузга ийин куушура тим болушту. “Маршрутканы” жээкке чейин айдап келип, чер жазып жаткан компания бар экен. Биринин кебин бири укпай улам тост көтөрүшө, улам бири чарылдата айымдарды сууга ыргытып, кайра алып чыгып жыргап жүрүшөт. Караңгыда кокустук болуп, кырсык баспасын деген нерсе биринин да оюна келбесе керек. Ушундай “коркунучтуу” компаниялар түн ичинде кетпей жүрүшсө, “куткаруучулар кайда жүрүшөт?” деп издеп жатып суй жыгылдык.
Мына, урматтуу окурман, шаарыбыздын айланасындагы көлмөлөргө жасаган саякатыбыздан кубандыраарлык эч нерсе таппай (биринен да душ көргөн жокпуз), тескерисинче, маанайыбыз чөгүп, капа болуп кайттык. Ижарага алып иштеткендердин бири да кыйратып сууну кантип тазалап, кандай коопсуздук эрежелерин көрүп жатышкандарын айтып бере алышпады. Жолдош байке айткандай, аларга акчасын төлөп кирсең болгону сыяктуу. Атүгүл, санэпидемстанцияга кайрылып, көлмөлөрдүн тазалыгы сакталыш үчүн кандай чаралардын көрүлөөрүн сурап, уккан жообубузга таң болдук. Алардын айтымында, сезон ачылаардын алдында жүргүзүлгөн текшерүүдө бардык көлмөлөр жарактуу деп табылган. Ошентсе да, мындай жайларда жугуштуу илдеттерге кабылуу коркунучу жогору. Анткени, ачылаар алдында хлор себилет да, ошол боюнча сезон бүткүчө суу өзүн-өзү гана тазалайт. Башкача айтканда, бир жагынан агып кирген суу экинчи жагынан агып чыгып тазаланса, ал ортодо айрым бактериялар 40 градуска жеткен күндүн ысыгынан да өлүп, дезинфекция болот экен!.. Демек, кырсыкка учурап же жугуштуу оору жуктуруп алсаң, кепил болчу эч ким жок. Андыктан, бир берилчү өмүрдүн коопсуздугун ар бирибиз өзүбүз сактабасак, өкүнүп калуу оңой экенине өзүбүз күбө болбодукпу.

Даярдаган Шаиста Шатманова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 243, 29-июнь-5-июль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан