БИР БҮРКҮМ. ЖОЖдорго КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛАТ...

  • Коргоо министрлиги өлкөдөгү 2 окуу жайга аскердик кафедра ачууну пландап жатканы айтылды.
  • Салык кызматы: 6 айда 73 миллиард 611 миллион сом салык жыйналды.
  • Кыргыз жеринде коронавирус илдетин жуктуруп алгандар көбөйүп жатканы маалымдалды.
  • 2020-жылы токтотулган Үрүмчү-Бишкек аба каттамы жандандырылды.
  • 9-июлда белгиленүүчү Курман айтка карата 8 миңдей милиция кызматкери коопсуздукту көзөмөлдөйт.
  • Алтынбек Эргешов Нарын облусунун башчысы болуп дайындалды.
  • Башкы прокуратура: “Кыргыз көмүр” ишканасы мамлекетке 127 миллион сомдук зыян келтиргени аныкталды.
  • Өлкөдө жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу 18-июлда башталып, документ тапшыруу онлайн форматта болот.
  • 2021-жылы өлкөдө зордуктоо боюнча 223 кылмыштын бети ачылганын билдирди Ички иштер министрлиги.
  • Ош шаардык прокуратурасы жакында чуу жараткан “Манас-Ата” кафесин сүрдүрүүнү сунуштады, себеп – имаратты курууда мыйзам бузулган.
  • Президент Садыр Жапаров пландык медициналык текшерүүдөн өттү.
  • Бишкектеги “Дордой” базарында 5-июлда өрт чыгып, 42 контейнер, 9 павильон күйүп кеткени маалымдалды.
  • Чаткал районунун прокурору Бакирдин Жанузаков жол кырсыгына кабылып каза болду.
  • Кыргызстанда 6 айда
    36 миңдей жаран пенсияга чыкканы кабарланды.
  • Алтынбек Жапаров Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.
  • Сокулук районунда күйөөсү аялын 4 саат сабап, аял алган жаракатынын айынан көз жумганы маалымдалды.
  • Баткен шаарында 375 орундуу жаңы мектеп курулууда.
  • Чаткал райондук Токой чарбасынын башчысы УКМК кызматкерине 100 миң сом пара берип жатканда кармалды.
  • Токмок шаарында 14 жашар кыз имараттан кулап каза тапты.
  • 5-июлда Төө-Ашуу тоннелинин ичинде 1 автоунаа күйүп кетти, өрттүн кесепетинен тоннелдин ичиндеги электр кабелдери жарактан чыкты.
  • Акылбек Жапаров: "Жетим-Тоо кенин Кыргызстан өз күчү менен иштетет".
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1022, 8-14-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан