Жабырлануучунун апасы: “КЫЗЫМДЫ 4 АДАМ ЗОРДУКТАП ЖҮРҮПТҮР”

“13 жашар кыз милиция кызматкерлери тарабынан зордукталып жүргөн” деген маалымат элдин үрөйүн учурду. Кыздын апасынын айтымында, кызды “уурулугуң үчүн камаласың, зордуктоо тууралуу бирөөгө айтсаң жакындарыңды өлтүрөбүз” деп коркутуп зордуктап келишкен. Аты-жөнүн ачык айтууну каалабаган кыздын ата-энеси окуянын чоо-жайын айтып берди.

“Бейтааныш номерден келген СМС мени туңгуюкка кептеди”

Кыздын апасы улам-улам көзүнө жаш алып окуянын кандайча болгонун төмөнкүчө баяндап берди:

– 2022-жылдын февраль айында кызым телефонун бузуп алып, аны оңдотом деп Бишкектеги “Берекет” соода борборуна каттап жүргөн. 16-февраль күнү да сабактан чыгып алып ошол жакка барыптыр. Кечки саат 8 болуп кеткенде класс жетекчисине телефон чалдым. Анан класс жетекчиси милиция кызматкерлерине чалды. Ошентип милиция менен бирге кызымды издей баштадык. Кыштын күнү автобус жок кеч калды го деп “Айчүрөк”, “Беш-Сары” соода борборлоруна чейин издеп бардык. Өзүбүз жашаган аймактан бардык жакты карап таба албай койдук. Анан биз үйгө жеткенден бир аз убакыттан кийин эле милициядан “кызыңызды алып кетиңиз” деп телефон чалып калышты. Жолдошум экөөбүз машина менен бардык, кызым “телефон оңдоткону барып кечигип калдым” деди. Баса албай кыйналып жатканынан биз сабактан чыккан боюнча ачка жүргөндөн го деп ойлодук. Эртеси сабакка кетти. Ал учурда кызым СИМ-картасын менин телефонума салып жүргөн. Бир маалда “кандай жетип алдың?” деп тилин чыгарып маскаралаган белги менен бейтааныш номерден СМС келди. Ошол маалда бул эмне болгон кат, бул сөздүн аркасында эмне бар деп өзүм жазыша баштадым. Аны сөзгө тартыш үчүн “сизге жолуккум келип жатат” деп жаздым. Ошондо “дагы каалап жатасыңбы? Жолугарда, сени каалап жатканда өзүм чалам сага” деген сөздөр келди. Булар мени туңгуюкка кептеди. Улуу балам менен улуу кызым келип калды, аларга болгон нерсени айттым. Жазып жаткан номердин ээси жолугушууга чакырып колго тийгизиш үчүн балам “кыздын жигити болом, сенде анын номери кайдан жүрөт?” деп телефон чалып жолугушалы деди, бирок ал адам келбей койду. Ал “шлюха” кызды эмне кыласың? Башка кыз таап ал. Бул кыз сага татыктуу эмес” дегенде мен башкасын уккум келбей калды. Бул ич ара чече турган маселе болбой калды деп айла жок атасына айтууга туура келди.

“Өз өмүрүнө кол салууга аракет кылды”

– Милицияга 18-февралда кабар бердик. Кызым болгон окуяны, аны бир бала коркутуп эки кабаттуу үйгө алып барганын айтты. Кызымды алып барган мейманкананы Кулиев көчөсүнөн таап, Биринчи Май РИИБине арыз жаздык. Эртеси 20 жаштагы баланы кармашты. Кызым “ушул болчу” деп аны дароо тааныды. Ошону менен тергөө башталды. Медициналык текшерүүдөн өткөрдүк. Эксперттер “зордуктоо 16-февралда болсо жаңы болмок, жыныстык катнаш мурдатан эле болгон го” дешкенде буга чейин эмне болгонун айт деп кызымды кыйнай баштадым. Эч айттыра албай койдум. Көрсө, кызым дагы үч адам тарабынан кордолуп келгенин алгач ыкчам-тергөө кызматкерлерине айтып бериптир. Биз ал тууралуу билген эмеспиз. Анан эле түндө Биринчи Май РИИБинин ыкчам тергөө кызматкерлеринен билдирүү келип калды. Биз СМСтерди окудук. Буларды тааныйсыңбы деп сурагандардын арасында милиция кызматкери дагы бар экен. Эртеси кызым бычак көтөрүп өзүнө кол салууга аракет кылганда атасы кармап калды. Ошондо кызым “булар ушул нерсе билинсе ата-энеңди, туугандарыңды бүт өлтүрөбүз дешкен, андан көрө өзүм өлүп калайынчы” деп ыйлап жиберди.

“Камалып кетесиң, 100 миң сом бер же мени менен бол деп коркуткан”

– Акыры эмне болгонун айтып берди. Былтыр атасы Москвага кеткен, мен оор операция жасатып, үйдө жатып калдым. Бул кызымды эт алып кел деп “Дордой” базарына жөнөтүп турчумун. Кара-Суу унаа токтотуучу жайындагы бир дүкөнгө кирип кулакчын, дептер, суусундук алыптыр. Кызымдын жанында акчасы бар эле, төлөөрдө таппай калыптыр. Ошондо ээси “сен муну уурдап алыптырсың” деп дароо эшигин бекитип алып, бирөөгө телефон чалыптыр, 15 мүнөт аралыгы бир бала келип кызымды унаасына салып алып кетиптир. Ал киши мурда соттолгон жаран экен, кызымды Келечек конушунан милиция кызматкерине өткөрүп бериптир. Милиция кызматкерлери кызымды “камалып кетесиң, болбосо 100 миң сом бер” деп коркутуптур. Кызым андай көп акчабыз жок, 5-10 миң сом туугандардан сурайын деп, алардын телефону менен эжесине чалат, ал телефонун албай коюптур. Ошондо алар унаанын эшиктерин кулпулап “50-100 миң таап бер, болбосо мени менен болосуң” деп кызымды сыйпалай баштаптыр. Анан музыкасынын үнүн бийик кылып коюп, машинасында биринчи жолу ошол милиция кызматкери зордуктаптыр. Ал ишин бүтүрүп, кайра мурда соттолгон жаранга өткөрүп бериптир. Анысы дагы кызымды коркутуп, мектептен тосуп алып өз ишин кылып жүргөн. Кийин ал “мен башка жакка которулуп кеттим, сенин ишиңди башка бирөө карайт, биздин көзөмөлүбүздөсүң” деп коркутат. Анан бир милиция кызматкери кызыма телефон чалып чакырып алып буга чейин эмне болгонун сурайт, кызым коркуп эч нерсе айтпайт. Анан кийинчерээк дагы телефон чалып “уурдаганыңды билесиң, ошол иш тууралуу сүйлөшүүбүз керек” деп коркутуп кызымды жолугушууга чакырат. “Сен буларды бирөөгө айтсаң ата-энеңди өлтүрөбүз” деп коркутуп, ээн талаага алып барып анысы дагы өз ишин бүтүргөн. Жалпы бул ишке шектелип 2 милиция кызматкери, бир соттолгон жаран жана 20 жаштагы жигит кармалды. Кызымдын тагдырын өспүрүмдөр менен иштеген милиция кызматкерлери талкалап отурат.

“Андайларга катаал жаза киргизилсе жакшы болмок”

“Иш аягына чейин акыйкат тергелип, кылмышка шектүүлөр өз жазасын алсын” деген кыздын атасы төмөнкүлөргө токтолду:

– Свердлов райондук соту ишти жакшы эле карап жатат. Учурда соттук териштирүүнүн эки процесси өттү. Ал эми 20 жаштагы баланын ишин карап жаткан Биринчи Май райондук сотунун териштирүү ишине канааттанбайм. Алар чындыкты беттебей, кылмышка шектүүнүн пайдасына тергеп жатышат. Эмнеге дегенде, кылмышка шектелип жаткан 4 адам бири-бири менен байланышы бар адамдар экени белгилүү болуп жатпайбы. Ишти эки бөлүп карап жатканы мени кооптондурат. 20 жаштагы бала мурда соттолгон жаран менен чогуу иштеген экен. Кызымды буюм уурдады деп кармаган дүкөндүн ээси менен 20 жаштагы бала экөө тең Аксы районунун бир айылынан болушат экен. Тергөөдө булардын баарын бири-бирине чоочун адамдар деп карап жатат. Мурда биз иш акыйкат каралат деп ЖМКга кабарлаган эмеспиз. Бирок тергөөдө одоно мыйзам бузуулар болуп жатканда коомчулукка ачыктоого туура келди. Биздей карапайым адамдардын укугу корголбостон кордолуп кала береби? Өспүрүмдөргө кордук көрсөткөндөргө катаал жаза колдонуп, мыйзамга киргизишсе миңдеген ата-энелер үчүн жакшы болмок. Кызым, баарыбыз үй-бүлөбүз менен запкы тартып калдык. Кызымдын ошондой кордук көргөнүнө канча ызаландым?.. Бул ишке толук чара көрүлбөй калса булар менин кызымдай болгон канчалаган өспүрүмдүн тагдырын талкалашы мүмкүн да.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1022, 8-14-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан