Түштүк Корея ырчысы, рэпер JESSI

“Рэпер болуш үчүн көптөгөн сыноолордон өтүүгө туура келди, жаңылыштыктар, көңүл калуулар болду. Анткени мен рэпке бүт дитимди бурган убакта Кореяда хип-хоп, R&B багытында ырдаган кыздар дээрлик жок болчу. Бирок мен музыканы сүйдүм, тандаган багытымды башкага алмаштыргым келген жок”,- дейт түштүк кореялык рэпер, ырчы, алып баруучу жана жөн гана жөнөкөй айым Jessi. Батирге акчасы жок саунада түнөгөн күндөр артта калды... Азыр Jessi’ни Корея эле эмес, АКШ баштаган көптөгөн мамлекеттер таанып, аны менен дуэт ырдагысы келген ырчылар кезекке турушат.

Аты-жөнү: Хо Хён Жу

Псевдоними: Jessi (Jessica H.O)

Туулган жери: АКШ, Нью-Йорк

Туулган жылы: 1988-жыл, 17-декабрь

Жылдыз белгиси: жаачы

Бою: 167 сантиметр

Кесиби: ырчы, рэпер

Белгилүү ырлары: «Who’s Your Mama?», «Gucci», «Drip», «Who Dat B», «Nunu Nana», «What Type of X», «Numb», «ZOOM» жана башка

“ИДЕАЛДУУЛУКТУ АПАМДАН КӨРӨМ”

– Азыр мени карап туруп күчтүү, амбициялуу айымды көрөсүңөр, туурабы? Мен болсо апамды карап туруп силердей болуп ойлоном. Сыртынан карасаң кипкичинекей корей аял, бирок ал бир үй-бүлөнүн чебин былк эттирбей бекем кармап турат. Эркектер аялдардын жанында өмүр бою жаш бала боюнча калат дешет го. Эки агама кошулуп атам деле апамдан камкордук, көңүл бурууну талап кылган жаш бала сезилет. Мен деле кыздарга окшоп назик, созулган гүл болгон жокмун. Оюмду тарса-турс ачык айтып, шатыра-шатман жүрчүмүн. Апам ар бирибиздин табитибизди, мүнөзүбүздү айттырбай билет, башкалар үчүн пил болуп көрүнгөн маселени ызы-чууга алдырбай эле заматта чечип коёт. Аа, ушинтсе болот беле деп отуруп каласың. Күчтүү айым эмне экенин апамды карап үйрөндүм, апам – кайраттуулуктун, чыдамкайлуулуктун, күч-кубаттын жана сүйүүнүн бириккен жери. Идеалдуулукту мен апамдан көрөм.

Ыр саптарында күчтүү аялдарды колдогон Jessi үчүн апасы негизги эргүү булагы, музасы экенин түшүнсөңүз керек, окурман. Шыңкылдап жасалма күлбөйт, 32 тишин жаркырата күлгөндө жанында отургандардын баарынын жүзүндө вирус сымал жайылган жылмаюу пайда болот. Ойлогон оюн кагазга ороп “сулуулап” отурбай эле тарс айтып салат. Кырылдаган үнү Jessi’ге өзгөчөлүк гана кошот. Ырчынын жөнөкөйлүгү, ачык-айрымдыгы, жасалмасыздыгы күйөрмандарына өзгөчө жагат. Бирок башында көпчүлүккө өзүн кандай болсо ошондой өзгөрүүсүз таанытуу Jessi’ге кыйынга турган...

АЛГАЧКЫ КАДАМ

Ырчынын ата-энеси көп жылдан бери АКШда жашашат. Jessi Нью-Йорк шаарында жарык дүйнөгө келген. Жаачы жылдызынын алдында төрөлгөн кыздын мүнөзү бир сөз менен айтканда “өрт”. Турган жерин шаңга бөлөп, ызы-чууга айланткан Jessi чоңойгондо дизайнер-модельер болом дечү. Мектепте өткөн иш-чарада кыздын ырдаганын уккан класс жетекчиси “талантың бар экен, жакшы устат таап ырдаганды үйрөнсөң сенден бир нерсе чыгат” дейт. Эжейинин сөзүнө муюган кыз вокалдан сабак алып, ыр жазганга аракет кыла баштайт. 14 жашынан музыкалык сынактарга катыша баштаган өспүрүм бир жылдан кийин мүмкүнчүлүк алды. Ал мүмкүнчүлүктү колдонуш үчүн Түштүк Кореяга барышы керек эле. Көп ойлонуп отурбай 15 жаштагы кыз учакка билет алган.

2 жыл стажёрлук жашоодон кийин, 2005-жылы "Get Up" ыры менен дебют жасады. Кийин “Uptown” кыздар тобунун бир альбомун жаздырууга катышуу үчүн убактылуу топко кошулду. Топ менен ырдады, жалгыз ырдады, болбоду. Убакыт болсо өтүп жатты. Jessi Кореяга келгенден бери корей маданиятын, музыкасын, коомдогу эрежелерди өзүнө сиңиргенге, кабыл алганга аракет кылды. Башкача көз карашта чоңойгон адамга кыйын эле. Батирге төлөгөнгө акчасы калбай калганда сауналарда түнөп жүрдү. Мындай жашоону ары же бери кылбаса болбойт эле. Андыктан 2009-жылы өзүнө чыгармачылык тыныгуу жарыялаган кыз кайра Американы көздөй уча турган учакка багыт алды.

АЛЫП БАРУУЧУ

“Өзүмө дайыма чакырык таштап турган жагат. Бир калыпта жашоо, бир калыптагы ырларды ырдоо мен үчүн эмес”,- деген рэпер кызды Кореянын эң популярдуу телеканалдары өздөрүнүн шоу-программаларына тарткылары келишет. Анткени Jessi катышкан программа шаан-шөкөткө бөлөнөт, өзгөчө ойлор айтылат, анан сөзсүз жогорку рейтинг камсыздалат. Акыркы 3 жылдан бери рэпер кыз өзүн алып баруучулуктан сынап, “Жесси менен ШоуТервью” берүүсүн алып барат. Корей шоу-бизнес, маданият өкүлдөрү менен өзүнүн форматында ээн-эркин, жасалмасыз, ачык маектешкен Jessi’нин программасын YouTube каналынан көрсөңүздөр болот.

КӨП КҮТТҮРГӨН ИЙГИЛИК

2014-жыл. 5 жылдык тыныгуудан кийин “Lucky J” триосунун курамында Jessi да сахнага кайтты. 5 жыл аралыгында тажрыйба топтоп, кыйынчылыктарга бышкан рэпер кызды коомчулук жылуу кабыл алган. 1 жылдан кийин ырчынын жылдызы жанды. 2015-жылы ал жалаң рэпер кыздар ат салышкан “Unpretty Rapstar” шоусуна катышкан. Биринчиликти алганга ыр жаздыруу жана каалаган ырчысы менен дуэт аткаруу мүмкүнчүлүгү берилмек. Шоу-программанын алкагында көпчүлүк Jessi’нин башкаларга кам көргөн боорукер, куулук-шумдугу жок жөнөкөй сапатына баа беришкен. Сынактын жыйынтыгында башка ырчы кыз биринчиликти утканы менен, көрүүчүлөрдүн добушунда Jessi эң көп добуш алып, ага 2-орунду ыйгарышкан. Көп өтпөй ал популярдуу ырчылардын бири Пак Чин Ёндун «Who’s Your Mama?» ырында рэп айткан. Бул ыр жергиликтүү да, чет элдик да музыкалык чарттарда хит болуп Jessi көптөн күткөн ийгилик ачкычын колуна алган.

2019-жылы ырчы айымдын чыгармачылыгында дагы бир жагымдуу бурулуш болду. Ал дүйнөгө белгилүү “Гангам стайл” ырынын аткаруучусу PSY түптөгөн “P-Nation” агенттиги менен келишим түзгөн. Андан бери рэпер кыз бир топ хит чыгармаларды жаратты. Жей Пак сыяктуу жылдыздар менен дуэттерди жаздырып, ырлары көптөгөн өлкөлөргө тарады. 2022-жылдын 6-июлунда ырчы агенттиги менен келишими бүткөнүн айтты. Ошентсе да ырчы дүйнө кыдырып концерт коюп, жаңы чыгармаларды жаратууну уланта берет деп ишенебиз.

КЫСКАЧА...

  • Спорттон алыс адам.
  • “Бир келген өмүрдө адам өзүнө тыюу салбаш керек. Каалаганыңды, ич-же” деген ырчы кыз эч кандай диета кармабай турганын айтат. Арыктыгы табиятынан.
  • Колундагы татуировкасында “Өчүп калардан мурун дем бергенге аракет кыл” деп жазылып турат. Ал эми далысында “Мени Кудай гана соттой алат” деген жазуу бар.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1024, 22-28-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан