Гүлбара Ишенапысова: “АВГУСТТА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ВАКЦИНАЛАРДЫН КОРУ ТОЛУКТАЛАТ”

Үстүбүздөгү жылдын 8-айында Кыргызстанга Pfizer-BioNTech вакцинасы келери күтүлүүдө. Бул боюнча Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди. Анын айтымында, Pfizer-BioNTech вакцинанын мРНК түрүнө кирет. Анын молекулалары организмде ооруга каршы антителаларды жигердүү иштеп чыгууга үйрөтөт. Эмдөөнүн бүгүнкү жана эртеңки күнү жөнүндө башкы иммунолог менен төмөнкүчө маектештик.

– Саламатсызбы, Гүлбара Сатыгуловна? Азыркы учурда Кыргызстанда коронавирус инфекциясына каршы вакциналардын кайсы түрү калды? Буга чейин канча доза вакцина алынды жана анын канча бөлүгү иштетилди?

– Саламатсыздарбы? Бүгүнкү күндө калктын 1,5 миллиондон ашууну вакцинанын биринчи дозасы менен эмделди. Экинчи дозаны алгандардын саны дагы ошончого дээрлик жетип калды. Тагыраак айтсак, 1 миллион 300 миңден көп жаран эмдөөнүн толук курсунан өттү. Үчүнчү доза менен 250 миңге жакын жаран эмделди. Албетте, бул жай мезгилиндеги эпидемиологиялык кырдаалдын туруксуздугуна алып келүүдө. Адамдын организминде иштелип чыккан COVID-19га каршы антителалар төмөндөп кетери белгилүү. Мындан улам вакцинанын үчүнчү дозасын алуу маанилүү.

– Ким биринчи кезекте вакцина алышы керек?

– COVID-19га каршы чыгарылган вакциналар Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан өзгөчө кырдаалдарда колдонулган каражаттардын тизмесине киргизилген. Эмдөө – курагы 18 жаштан өткөндөргө жана аутоиммундук оорулары барлар үчүн коопсуз. Мындай илдеттердин катарына: гипертония, кант диабети, астма, дем алуу, бөйрөк, боор органдарынын оорулары, ошондой эле такай көзөмөлдөш керек болгон өнөкөт оорулар кирет.

Эгер сиз кош бойлуу болсоңуз же бала эмизсеңиз, өзүңүздүн жана балаңыздын коопсуздугун камсыздоо үчүн эмдөөдөн өтүү маанилүү. Вакциналар колдонууга киргизилгенден бери дүйнө жүзүндө жүздөгөн кош бойлуу жана бала эмизген энелер эмдөөдөн өтүштү. Алардын биринде да вакцинанын терс таасири тийген учурлар байкалган жок. Белгилей кетсем, этек киринин келиши да вакцина албай коюуга себеп эмес.

– Азыркы учурда Кыргызстанда вакциналардын саналуу гана түрү калганы маалым. Жарандарга тандоо мүмкүнчүлүгү качан берилет?

– Жакынкы күндөрү жарандар өзү каалаган вакциналардын түрү менен эмделүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Учурда колдонуудагы вакциналар дагы ооруга каршы эффективдүүлүгүн көрсөттү. Мындан улам эмдөөдөн өтө элек жарандарыбыз оору жуктуруп, кийин кеч болуп калгыча күттүрбөстөн вакцина алгандары жакшы. Иш жүзүндө эмдөөдөн өткөн жарандар оорубай турганын, эгер дарт жугуп калса аны жеңил көтөрөрүн байкадык. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму күз-кыш мезгилинде COVID-19 оорусу баш көтөрөрүн божомолдоп жатат. Ага байланыштуу жарандар такталбаган, фейк маалыматтарга ишенип, өмүрүн коркунучка салбашы керек. Коронавирустун бир нече штаммдары чыкты. Алдыда оору омикрон менен эле токтоп калары шексиз.

Республикалык иммунопрофилактика борбору күз мезгилине чейин вакциналардын башка түрлөрүн өлкөгө алып келебиз. Бизге Ковакс жана Гави сыяктуу вакциналык альянстар олуттуу колдоо көрсөтүп жатышат. Мындан сырткары Дүйнөлүк банк сыяктуу донорлор жардам беришет. Ошентсе да вакцина алууга бюджеттен миллиондогон сомдор сарпталууда. Калкты оорудан сактоого өкмөттүн кошкон салымы чоң. Биз аны унутпай, эмдөөдөн өтүшүбүз керек.

– Биздеги вакциналарды ташуу жана сактоо шарттары алардын сапатынын бузулбашына мүмкүнчүлүк береби?

– Учурда вакциналарды ташуу жана сактоо үчүн түзүлгөн шарттар абдан жакшы деп так-кесе айта алам. Эгер мурда вакциналар 2 авторефрижератордун жардамы менен ташылып келген болсо, азыркы учурда 8 жаңы авторефрижератор вакциналарды керектүү температурада өлкөнүн булуң-бурчтарына жеткирүүдө. Муздатуучу түйүндөрүбүздүн бардыгы жаңыланган. Ар бир вакцинанын сакталуу температурасы бар. Мисалы, Кытайдын Вероселл вакцинасы +2 +8 градуста сакталат, ал эми Спутник же Файзер вакциналарын минустук шартта сактоо зарыл. Биздин муздатуучу жабдууларыбыздын бардыгы эл аралык талаптарга жооп берет.

– Элдин саламаттыгы үчүн кам көрүлүп жатканына карабай эмдөөдөн өтпөй жүргөн жарандарга сиздин каалоо-тилектериңиз.

– Вакциналар жай жерден учуп келип, Кыргызстанга түшүрүлгөн жери жок. Мында комплекстүү, татаал иш-чаралар жасалууда. Оор болгонуна карабай Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги элге вакцина тандоо мүмкүнчүлүгүн түзө алды. Эмдөө кызуу жүрүп жатканда вакцина албай жүргөн айрым жарандар эми социалдык тармактар аркылуу Модерна же Астра-зенека вакциналары калбай калыптыр деп нааразы болуп жатышат. Биз эки жылдан бери элди эмдөөгө чакырып жүргөнүбүздө алар кайда жүргөнү кызык.

Албетте, мындай адамдардын деңгээлине түшпөшүбүз керек. Ар бир адамдын саламаттыгы өз колунда. Вакциналардын пайдалуу экенин тарых далилдеди. Бизде дифтерия, полиомиелит, суу чечек сыяктуу кооптуу оорулар жок. Анткени балдарды пландуу эмдөө ийгиликтүү аткарылууда. COVID-19 оорусун да коллективдүү иммунитеттин жардамында жеңсек болот. Анткени эмдөө – бул коопсуз жашоо.

Бул басылма Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен «Саламаттыкты сактоо системинин туруктуулугун бекемдөө» (LHSS) долбоорунун алкагында ишке ашырылды. Басылманын мазмуну үчүн «Үй-бүлөнү пландаштыруу кыргыз альянсы» коомдук бирикмеси жооптуу, ал USAID же Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1028, 19-25-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан