21-КЫЛЫМДЫН ЖЫГЫЛАЙЫН ДЕГЕН МЕКТЕПТЕРИ

Эскирип, жараксыз абалга келген мектептер – Кыргызстандын билим берүү тармагындагы негизги көйгөйлөрдүн бири.

Эсиңиздерде болсо, үстүбүздөгү жылдын май айында Чаткал районундагы мектептердин биринде класстын шыбы сабак учурунда түшүп кеткен. Нарында окуучулар чатырда, Ысык-Көлдө чатырынан суу куюлган класста окушуп, айтор, санай берсе толтура. Ушундай окуялар өлкөдө билим берүүнүн сапатын, окуучулар менен мугалимдерге түзүлгөн шартты айгинелеп турат. Жакында Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү кооптуу мектептерди текшерүүгө алып, андай имараттарда сабак өтүлбөй турганын жарыялады. “Балдар мындан ары кооптуу деп эсептелген авариялык абалдагы мектептерде окушпайт, убактылуу 3 нөөмөт менен же айыл өкмөтү ижарага берген имараттарда окуп турушат”,- деп билдиришти министрликтен. Бул макалада 21-кылымдагы заманбап жашоого шайкеш келбеген, эскилиги жетип ураганы турган мектептер тууралуу сөз кылабыз.

Авариялык абалдагы 245 мектеп бар

Кыргызстанда учурда 245 авариялык абалдагы мектеп бар. Билим берүү жана илим министрлиги менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чогуу жүргүзгөн текшерүүдө Бишкек шаарында 6, Чүйдө 15, Ош шаарында 5, Ош облусунда 66, Ысык-Көлдө 32, Жалал-Абадда 50, Нарында 28, Баткенде 26, Таласта 17 мектеп авариялык абалда экени аныкталды. Авариялык мектептерди атайын комиссия 3 топко бөлдү:

1. 123 мектеп – окууга такыр мүмкүн эмес, жаңы куруу зарыл

2. 91 мектеп – кошумча имараттарды курууну же капиталдык оңдоону талап кылат

3. 31 мектеп – учурда жаңыланууда. Ар кандай фонддордун, эл аралык долбоорлордун эсебинен курулат.

Чүй: Дээрлик 1 кылым турган мектеп

Москва районунун Кепер-Арык айылындагы Качкынбай Артыкбаев атындагы орто мектеп 2 окуу имаратынан турат. Биринчиси 1928-жылы, экинчиси 1950-жылы курулган. Эски мектепте 165 окуучу окуйт. Мектептин пайдубалы таштан, дубалы саман, ылай кыштан тургузулган, чатыры шифер менен жабылган. Учурда дубалы урап, ным тартып көгөрүп, полдору нымдан көөп сынып кеткен. Комиссия кооптуу деп тапкан мектеп чын эле кейиштүү абалда.

Коркунуч жаралганда окуучулар көчүрүлгөн

Москва районунун Чапаев айыл өкмөтүндөгү Красный пахарь орто мектеби 1956-жылы курулган. Мектептин 2 имаратынын биринин дубалынан жарака кетип, сабак өтүүгө мүмкүн болбой калган. Окуучулар өткөн окуу жылында экинчи имаратка көчүрүлгөн. Бул айылдын эли 100 орундуу жаңы мектепке муктаж.

Жумгал: Түтүн каптаган мектеп

Жумгал районунун Лама айылы райондун борборунан эң алыс жайгашкан айылдардын бири. Айылда 1950-жылы курулган орто мектеп бар. Анда 105 окуучу билим алат. Аталган имараттын эскилиги жетип, азыркыга чейин оңдоп-түзөп пайдаланып келишет. Дубалдары жарылып, чатырынан суу агат. Кышында мешке көмүр жагып жылытышат. “От жакканда түтөп окуучуларыбыздын ден соолугуна зыянын тийгизүүдө”,- дешет мугалимдер.

Кочкор: Оңдоодон башы чыкпаган мектеп

Кочкор районундагы Шарыпбек Абдылдаев атындагы орто мектеп 1962-жылы бала бакча катары курулуп, кийин кеңейтилип мектепке айланган. Мектепте 4 имарат бар. Бир бөлүгү авариялык абалда. Мугалимдер “мектептин класс бөлмөлөрү тар, санитардык талаптарга жооп бербейт” дешет. Айыл тургундары мектептин бир бөлүгүн бала бакча кылууга кайтарып берүүнү талап кылып жатышыптыр. Эскилиги жеткен бул жай дагы бир оңдоп-түзөөнү баштан өткөрмөкчү.

Сүлүктү: Селге төшүн тоскон мектеп

Сүлүктү шаарындагы Мухамед Ибрагимов атындагы орто мектеп 1960-жылы курулган. Учурда авариялык абалда. Ага карабай 200дөй окуучу билим алат. Мектеп эки кабаттан турат, 8 класстык бөлмө бар. Мектепти бир нече жолу сел каптап, жер төлөсү, 1-кабаты сууда калган. 2005-жылы жер титирөөдө дубалынан жарака кеткени айтылат.

Ала-Бука: 64 жылдан бери оңдоло элек мектеп

Ала-Бука районунун Өрүктү айыл аймагындагы Абдырахман Жуманазаров орто мектеби 1958-жылдан бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Мектепте 629 окуучу билим алат. 1958-жылы ашар жолу менен курулган бул мектептин мугалимдери “жыл сайын косметикалык оңдоп-түзөө жасайбыз, дубалы шыбала берип калыңдап кетти, пайдубалы чөгө баштады. Кышында жылыбайт, окуучулар күрмөчөн отурушат”,- дешет.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1029, 26-август-1-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан