КОЁН ЖЫЛЫНДА БОЛУП ӨТКӨН ОКУЯЛАР

Тарых барактарында

Жолборс жылы да сапарын карытып, Коён жылы босогодо турат. Өтүп бараткан жыл оор жылдардан болду. Андыктан көпчүлүк "Коён жылы тынч болсо экен" деп тилеп турганы анык. Коён жылдарында кандай окуялар болуп өткөнүнөн маалымат.

1915

КЫРГЫЗСТАНДА

  • 21-мартта кыргыздын атактуу акы­­ны, драматург жана котормочу Алыкул Осмонов жарык дүйнөгө келген.
  • 1-декабрда Пржевальск шаарында Биринчи дүйнөлүк согушта курман болгон жоокерлердин балдарын багуу үчүн Балдар үйү иштей баштаган.

ДҮЙНӨДӨ

  • 6-февралда Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда Германия тарыхта биринчи жолу суу астында жүрүүчү кемелерин пайдаланган.
  • 24-апрелде Осмон империясы армяндарды кырууну башташкан. Үч жыл аралыгында 1,5 миллионго чейин армян геноцидге кабылган.

1927

КЫРГЫЗСТАНДА

  • 24-июнда Фрунзеде Дене тарбия ма­­даниятына арналган Биринчи рес­публикалык майрам чоң салтанат менен ачылган.

ДҮЙНӨДӨ

  • 1-августта Кытайда Наньчан көтө­рү­лүшү башталган. Бул дата Кытайда Экинчи жарандык согуштун башталышы катары эсептелет.
  • 22-сентябрда Африкадагы Сьерра-Леонеде кулчулук жоюлган.

1939

КЫРГЫЗСТАНДА

  • 13-февралда кыргыздын чыгаан режис­сёру, ЖКнын үч жолку депутаты Дооронбек Садырбаев туулган.
  • 25-октябрда Кыргызстан композиторлор союзу түзүлгөн.
  • 9-ноябрда СССРдин Эл артисти, кайталангыс актёр, сүрөтчү Сүй­мөнкул Чокморов жарык дүйнөгө келген.

ДҮЙНӨДӨ

  • 1-сентябрда Экинчи дүйнөлүк согуш баш­талган: Фашисттик Германия Польшага кол салган.
  • 1-апрелде Испанияда жарандык со­гуш аяктап, өлкөдө Франсиско Франконун диктатурасы орногон.
  • 30-ноябрда совет-фин согушу башталган. Арадан 15 күн өткөндөн кийин Улуттар Лигасы СССРди Финляндияга кол салгандыгы үчүн уюмдан четтеткен.

1951

КЫРГЫЗСТАНДА

  • 13-январда Кыргызстандын тары­хында биринчи жолу Фрунзеде троллейбус линиясы ачылган.

ДҮЙНӨДӨ

  • 4-январда Корей согушу учурунда Түндүк Корея менен Кытай кайрадан Сеулду басып алышкан.
  • 20-июлда Иерусалимде Иорданиянын падышасы Абдалла ибн Хусейн өлтүрүлгөн.
  • 24-декабрда Ливия африкалык колониялардан биринчи болуп БУУнун чечими менен көз карандысыздыкка жетишкен.

1963

КЫРГЫЗСТАНДА

  • 28-июнда Кыргыз комволдук-нооту комбинаты ишке кирген.
  • 24-декабрда "Ата Журт" партия­сы­нан ЖКда депутат, Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев төрөлгөн.

ДҮЙНӨДӨ

  • 21-мартта АКШдагы атактуу “Алькатрас” түрмөсү жабылган.
  • 9-февралда АКШда Боинг 727 учагы биринчи жолу абага көтөрүлгөн.
  • 14-ноябрда Исландияда суу астындагы жанар тоо­нун атылуусунун натыйжасында Суртсей аралы пайда болгон.

1975

КЫРГЫЗСТАНДА

  • 3-январда Индиянын Дели шаарында өткөн эл аралык кинофестивалында Сүймөнкул Чокморов "Көк серек" тасмасындагы ролу үчүн баш байгени жеңип алган.
  • Ушул жылы облустук борборлор телекөрсөтүүлөрдү үч каналдан көрүүгө мүмкүнчүлүк алышкан (датасы белгисиз).

ДҮЙНӨДӨ

  • 2-майда атактуу англиялык футбол­чу Дэвид Бекхэм жарык дүйнөгө келген.
  • 8-майда жүрөктү эзген лирикалык ырлары менен таанымал испа­ния­лык ырчы Энрике Иглесиас туул­ган.
  • 29-июлда Нигерияда аскердик төңкөрүш ишке ашкан. Президент Якубу Говон чет өлкөдө жүргөндө бийликти генерал Муртала Мухаммед башында турган топ басып алган.
  • 30-декабрда Мадагаскар демократиялык республика катары жарыяланган.

1987

КЫРГЫЗСТАНДА

  • Ушул жылы "Кыз-Бурак" тобу Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгына (датасы белгисиз) ээ болгон.
  • Ушул жылы Чыңгыз Айтматов дүйнө­лүк Илим жана искусство академиясына мүчө болгон (датасы белгисиз).

ДҮЙНӨДӨ

  • 19-апрелде белгилүү орус теннисчиси Мария Шарапова туулган.
  • 13-январда нью-йорктук мафия лидерлери Энтони Салерно менен Кармине Перкуччья кылмышы үчүн 100 жылга эркинен ажыратылышкан.
  • 30-мартта Ван Гогдун “Күн карамалар” картинасы аукциондо ошол кездеги рекорддук көрсөткүч болгон 39 миллион долларга сатылган.
  • 31-июлда Меккеде сауд арабиялык коопсуздук кызматкерлери менен кагылышууда 400 ирандык зыяратчы көз жумган.

1999

КЫРГЫЗСТАНДА

  • 16-мартта оппозиция бийликке кыр­гыз-кытай чек арасы жөнүндөгү келишимди ратификациялоодон баш тартуу талабын койгон. Кагылышуу­да Аксы районунун 6 тургуну каза болгон. Аксы кризиси Курманбек Бакиев башында турган өкмөттүн отставкага кетүүсүнө алып келген.
  • 24-мартта Кыргызстанда эгемендик алгандан бери алгачкы жалпы эл­дик Эл каттоо жүргүзүлгөн.
  • 30-июлда Баткендин аймагына куралдуу согушчандар басып кирген. Аларды жок кылуу операциясы 21-августка чейин созулган.

ДҮЙНӨДӨ

  • 1-февралда Колумбияда жер ти­ти­рөө болуп, анын натыйжасында 1000ге жакын адам каза тапкан.
  • 7-августта Шамиль Басаев менен Хаттабдын аскерлери Дагестанга басып киришкен.
  • 12-октябрда Жердин калкынын саны 6 миллиардга жеткен.

ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

  • 1855-жылы 26-ноябрда поляк элинин акыны Адам Мицкевич каза болгон.
  • 27-октябрда орусиялык жана советтик окумуштуу-биолог жа­на селекционер И.Мичурин тө­рөл­гөн.
  • 1867-жылы 25-ноябрда Альфред Нобель динамитке патент алган.
  • 1879-жылы 21-декабрда советтик коомдук-саясий ишмер, КПСС БКнын генералдык катчысы (1941-1953), Советтер Союзунун баатыры, генералиссимус Иосиф Сталин (чын фамилиясы Жугашвили) жарык дүйнөгө келген.
  • 1891-жылы 29-ноябрда Орусиянын падыша өкмөтү Кыргызстанга көчүрүлүп келинген орус дыйкандарын куралдандыруу тууралуу мыйзам кабыл алган.

Залкарбек Карабалаев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 426, 29-декабрь - 6-январь, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан