СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Футбол: Кыргыз улуттук курамы Азия кубогуна жолдомо алды

Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча кыргыз улуттук курама командасы (U-20) 2023-жылдагы Азия кубогуна чакырык оюндарын өткөрдү. Алгачкы оюнда Иранга жеңилип калган Улуттук курам үчүн кийинки оюндары ийгиликтүү болду. 16-сентябрда БАЭни 2:0 эсебинде утса, 18-сентябрда Брунейди 6:0 эсебинде жеңип, турнирдик таблицада экинчи орун менен Азия кубогуна жолдомо алышты.

Ал эми футбол боюнча негизги улуттук курам ("Ак шумкарлар") 24-сентябрда Бишкекте Орусиянын улуттук курама командасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кыргыздын оюндары кирбей калдыбы?

Улуттук оюндар боюнча дирекциянын башчысы Айбек Ажыгулов кызматынан кетүү тууралуу арыз жазды. Буга Түркиядагы Көчмөндөр оюндарына кыргыз спорттору кирбей калганы бирден-бир себеп болгон. Түркияда адегенде 7 кыргыз спортунун түрү катышмак, бирок алыш күрөшү менен жаа атмай гана кошулуп, көк бөрү, кыргыз күрөш, эр эңиш, ордо оюндарын алып салышып, негизги оюндар казактардын көкпар сыяктуу улуттук оюндары болуп калган. Ага макул болбой кызматынан кетип жаткан Ажыгулов:

–Биздин аттарды учак менен Түркияга алып барууга 300 миң доллар керек экен. Бирок көк бөрүгө ал жакта аянтча берген жок, жалаң жасалма командалар барып жатышат. Бүгүнкү күндө кырдаал оор болуп, студенттер, мамлекеттик кызматкерлер Баткенге акча чогултуп жатканда мен андай документке кол коё албайм. Ушуга байланыштуу өз ыктыярым менен кызматтан кетем деп чечтим, себеби менден жогору турган адамдар документке кол коюшумду талап кылып жатышат. Бул акчага биз бул жерден эле кыргыз-казак оюндарын өткөрүп алмакпыз, анткени эки өлкөнүн көк бөрүсү акырындык менен жакшы байланыш түзүп баштаганын көрүп жатабыз,- деп билдирди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1033, 23-29-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан