КӨП КЕЗДЕШЧҮ МАЛ ООРУЛАРЫ

Малды күзгү эмдөө – баарыбыздын ден соолугубуз үчүн маанилүү иш. Эт, сүт азыктарынан жугуучу оорулардын алдын алуу аракети. Үй жаныбарларында кездешчү шарп, кара сан, бруцеллёз жана чечек ылаңдары белгилүү. Ошол дарттардын коркунучун дагы бир жолу эскертебиз. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнүн ветеринардык врачы Гүлчоро уулу Баяман маалымат берет

Шарп

Шарп – жугуштуу илдет, малдан малга, адамга да жугат. Оору козгогучтар организмге кирген соң организм, анын ичинде былжыр челдер ууланат. Уйдун туягынын салааларында, оозунда, мурун жана башка былжыр челдеринде бүдүрлүү жаралар чыгат, алар жарылат. Тили оюлат, эмчектери жарылат, ички бездери шишийт, булчуңдары ооруйт. Шарп кой, эчки, айрым учурда ит, мышыкка да жугушу мүмкүн.

Ооруган малдын сүтүн кайнатпай же толук бышырбай ичкенде, ооруган малды сойгондо, анын этин жегенде жугат.

Шарпка каршы вакцинаны мал ээси милдеттүү түрдө сайдырышы кажет. Вакцина 6 айга кепилдик бергендиктен күздө жана жазда сайдырылат.

Кара сан

Кара сан – ири мүйүздүү малдын инфекциялык оорусу. Ооруган мал калтырап калат, булчуң эттери шишип, карайып кетет. Кара санды Сибирь кулгунасынан жана килең шишигинен айырмалоо зарыл. Кара санды эрте диагноз коюп, дарылоо кечиктирилбей жүргүзүлсө гана айыктырууга болот. Эчки, койлор чанда ооруйт.

Оорунун белгилери: Мал аксайт, дене табы көтөрүлөт, саны, жону шишип жара чыгат, энтигет. Ооруган мал бат эле өлүп калат. Оору малдын заарасы, заңы, өлгөн малдын тарпы аркылуу жугат. Өлгөн малды сөзсүз өрттөө керек. Оору жайында, күзүндө көбөйөт. Оору козгогучтар кыкта 6 ай, өлгөн малдын тарпында 2-3 жылга чейин сакталат. Малдан адамга жукпайт.

Бруцеллёз

Бруцеллёз – инфекциялык оору. Адамга уй, эчки, койдон жугат. Адамдан адамга жукпайт.

Бруцеллёзго каршы вакцина 1 гана жолу сайылат, башка сайылбайт.

Илдет малды төлдөтүү учурунда, малдын чарайнасынан, малдын арасында болгондон кийин колду жуубай тамак ичкенде, ооруган малдын сүтүн ичип, этин жегенде жугат.

Оорунун белгилери: чыйрыгуу, шалдыроо, муун менен булчуңдардын оорушу, бооз малдын бала салышы, эркек малдын тукумсуздукка кабылышы.

Чакалай

Чакалай – уйдан адамга көп жугуучу тери оорусу. Адамга жукканда териде кабырчыктуу жара пайда болот. Дерматологго текшерилип, дарылануу кажет.

Чечек

Чечек – кой, эчкиде кездешчү жугуштуу ылаң. Аба аркылуу, жем, чөп аркылуу жугат. Оору козгогучтар 20 градус жылуулукта 2 айга чейин жашай алышат. Оорунун белгилери: мурун менен ооздо, териде бүдүрлүү жаралар чыгат, шишийт.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1036, 14-20-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан