КЕЧ КҮЗДӨГҮ САЛАТТАР

– Алло, Майраш эже, бакчамда бышкан бир аз жашылчалар калды эле. Алардан кышкыга дагы бир нерсе жасап салбасам, эртең суук түшсө, бөөдө үшүк алып кетчүдөй. Өзгөчө рецепттерден ыргыта салбайсызбы?

– Ой, ботом, тиги “Супер-Инфонун” жаңы санына сен самаган рецепттер чыгыптыр.

– Чынбы? Кеттим анда, гезиттен окуп салат жасай салайын.

МАРИНАДДАЛГАН БОЛГАР КАЛЕМПИРИ

Керектелүүчү азыктар:

Болгар калемпири – 3 килограмм

Суу – 1 литр

Кумшекер – 300 грамм

Туз – 2 аш кашык

Уксус (9%) – 120-130 миллилитр

Лавр жалбырагы – 3 даана

Тоголок кара мурч – 6-7 даана

Өсүмдүк майы – 100 миллилитр

Сарымсак – 1 баш

Укроп – 1 тутам

Даярдоо ыкмасы:

1. Болгар калемпирин жууп, уругунан тазалап, фантазиябызга жараша төрт чарчы, үч бурчтук же узатасынан туурап алабыз. Кааласаңыз атайын кескичтердин жардамы менен жүрөк формасында кесип алсаңыз да болот.

2. Сарымсак менен укропту майда туурайбыз.

3. Эмки кезек маринадды даярдоодо: мискейге сууну куюп, ага өсүмдүк майын, уксус, кумшекер, туз, лавр жалбырагын, тоголок кара мурчту салып кайнатабыз. Маринад кайнап чыккандан кийин болгар калемпирин, сарымсакты, укропту салып 5-7 мүнөт кайнатып, бууланган банкаларга салып, капкагын бекитебиз. Эгер муздаткычтын тоңдургуч бөлүгүндө орун кенен болсо бул салатты желим идиштерге салып тоңдуруп коюуга да болот.

Бул салатты даярдоодо болгар калемпиринин түрдүү түсүнөн тандасаңыз, кооз көрүнөт.

ТУУРАМЖЫ ТОЛТУРУЛГАН ПОМИДОР

Керектелүүчү азыктар:

(2 литрлик банка үчүн)

Көк помидор – 1,5-2 килограмм

Кызыл болгар калемпири – 1 даана

Сарымсак – 5-6 тишче

Петрушка же укроп – 1 боо

Лавр жалбырагы – 1 даана

Кориандр – 1-2 даана

Тоголок кара мурч – 3-4 даана

Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

Туз – 1 аш кашык

Кумшекер – 2 аш кашык

Уксус (9%) – 2 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Болгар калемпирин, сарымсакты жана көк чөптү жууп, тазалап, майда туурап, туурамжы даярдайбыз. Табитиңизге жараша ачуу калемпирин да кошсоңуз болот.

2. Көк помидорду жууп, тең ортосунан же болбосо аягына жеткирбей төрт тилим кылып кесебиз. Эгер помидордун көлөмү чоң болсо 6 бөлүк кылсаңыз да болот. Эми помидордун ортосуна туурамжыдан ныктап салабыз.

3. Бууланган банканын астына лавр жалбырагын, тоголок кара мурчту, кориандрды салып, үстүнө көк помидорлорду тизебиз. Анын үстүнө өсүмдүк майын, уксусту, тузду, кумшекерди салып, банка толгончо муздак суу куябыз.

4. Банканын капкагын жаап, мискейге салып 15-20 мүнөт кайнатабыз. Андан соң банканын капкагын бекитип, көмкөрүп, муздаганча жылуу ороп коёбуз.

ТУУРАМЖЫ ТОЛТУРУЛГАН БОЛГАР КАЛЕМПИРИ

Керектелүүчү азыктар:

Болгар калемпири – 10-12 даана

Капуста – 700 грамм

Сабиз – 200 грамм

Сарымсак – 4-5 тишче

Укроп – 3-4 тал

Тоголок кара мурч – 6 даана

Суу – 1 литр

Кумшекер – 2 аш кашык

Туз – 2 аш кашык

Уксус (9%) – 100 миллилитр

Даярдоо ыкмасы:

1. Капуста менен сабизди тазалап, аарчып, сүргүчтөн өткөрүп же болбосо ичке туурайбыз. Буга бир аш кашык тузду себелеп, аралаштырып, 15-20 мүнөткө тыныктырып коёбуз. Табитиңизге жараша бул туурамжыга кызыл кызылчаны да кошууга болот. Бул учурда салат өзгөчө түскө ээ болуп чыга келет.

2. Болгар калемпирин жууп, уруктарынан тазалайбыз. Андан соң кайнап жаткан сууда 2-3 мүнөт кайнатабыз да, дароо сүзүп алып муздак сууга салабыз. Эми булардын ичин капуста менен сабиздин туурамжысына толтурабыз.

3. 2 литрлик банканын астына таза жуулган укропту, сарымсакты, тоголок кара мурчту салып, үстүнө болгар калемпирлерин ныктап тизебиз.

4. 1 литр сууга 1 аш кашык туз, 2 аш кашык кумшекерди салып, алар эриген соң уксусту кошуп кайнатып маринад даярдайбыз. Маринадды кайнап жаткан жеринен банкага толтуруп куябыз да, оозун темир капкак менен жабабыз. Банканы мискейге салып сыртынан 15 мүнөт кайнатып, андан соң темир капкакты бекем жаап салабыз.

Эскертүү! Болгар калемпиринин саны алардын көлөмүнө жараша өзгөрүүсү мүмкүн.

БАДЫРАҢ ЖАНА АЛМА САЛАТЫ

Бул салатка кошулган азыктардын айкалышы сизди бир аз таң калтырышы мүмкүн. Бирок сөзсүз жасап көрүңүз, өкүнбөйсүз. Даамдуу жана жыты аңкыган салат болорунан шек жок.

Керектелүүчү азыктар:

Бадыраң – 2 килограмм

Алма – 1,5 килограмм

Болгар калемпири – 500 грамм

Пияз – 2 даана

Сарымсак – 8-10 тишче

Туз – 3 аш кашык

Кумшекер – 100 грамм

Укроп – 1 боо

Лавр жалбырагы – 1 даана

Тоголок кара мурч – 5-6 даана

Өсүмдүк майы – 100 миллилитр

Алма уксусу – 4 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Бадыраң менен алманы жууйбуз. Алманын ортосун данектери менен кошо, ал эми бадыраңдын сабагынан үзүлгөн жагын кесип таштайбыз. Эми буларды жарым тегерек же 3-4 сантиметр өлчөмүндө төрт чарчы кылып туурайбыз. Андан соң мискейге салып, туз менен кумшекерди кошуп аралаштырабыз да, 2 саатка тыныктырып коёбуз.

2. Белгиленген убакыттан соң мискейди отко коюп 5-7 мүнөт кайнатабыз.

3. Эми мискейге майда тууралган укропту, сарымсакты жана жарым тегерек тууралган пиязды, тоголок кара мурчту, лавр жалбырагын салабыз. Алар менен катар өсүмдүк майын, уксусту куюп, дагы 5 мүнөт кайнатабыз.

4. Бышкан салатты бууланган банкаларга куюп, оозун бекитип, көмкөрүп, муздаганча жылуу ороп коёбуз.

Дамира Арстанова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1037, 21-27-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан