Улугбек Ормонов, Жогорку Кеңештин депутаты: «ТАШИЕВ ЭМОЦИЯГА АЛДЫРЫП КОЙДУ, АЛ ИЧИНДЕ КИРИ ЖОК АДАМ»

Маектешүү үчүн алдын ала сүйлөшүлгөн саатта барсам депутат Улугбек Ормонов иш бөлмөсүндө ак калпакчан күтүп отуруптур. Ачык баарлаштык. Саясатка кантип келип калганы, өлкөдөгү курч кырдаал, достук мамилелер жана башка кызыктар тууралуу кеп салып берди.

– Саламатсызбы, Улугбек мырза? Парламентте абал тынч эместей. "Кемпир-Абад боюнча каршы добуш берген депутаттар куугунтукталып жатат" деп чыкты кесиптешиңиз Элвира Сурабалдиева. Бул боюнча кандай пикирдесиз?

– Саламатчылык, Кемпир-Абад эле эмес, жалпы Кыргыз-Өзбек чек арасы толук такталып бүттү. Ооба, биз мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрүп бердик. Ал эми кандай куугунтук болуп жатканын Элвирадан сураш керек. Бул жанагы Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгарылышы, Элвиранын өзүнүн бизнесин текшерүүлөрдөн улам айтылган сөз болуш керек. “Куугунтук көрүп жатам” деген депутаттар менен сүйлөшө элекмин. Депутаттын укугу Конституция, мыйзам менен корголот. Ал парламентте сүйлөгөн сөзү, берген добушу үчүн куугунтукталбашы абзел. Эки тараптын тең маалыматын укмайынча бир нерсе деш кыйын.

– Жакында Бишкекте улуттук курултай өттү. Курултай институтун парламентке каршы койгондор көп, алардын жүйөлөрү негиздүүбү?

– Курултайды парламентке каршы коюуну туура көрбөйм. Ал институт Конституцияда жазылган. Албетте, курултайда Кыргызстанды кантип өнүктүрсө болот деген олуттуу маселелер көтөрүлсө болмок. Бирок делегаттардын көбү өз айылындагы социалдык маселелерден ары өтө алышкан жок. Ал маселелер парламентте деле такай айтылууда, ошону кайталагансып калды. Бир мандаттуу округдан шайланып келген айрым депутаттардын бир жылдан бери өз аймагынан кабар албаганы курултайда билинип калды. “Баланча деген депутатты шайладык эле, ошол бойдон көрө элекпиз” деп ачык эле айтып жатышты. Курултай ошондой депутаттар үчүн коңгуроо болду. Президент да ачуу сөздөрдү укту, бийлик бул жолу делегаттарды шайлоого аралашпаганы байкалды.

– Коомчулукта Камчыбек Ташиевдин парламентте сөгүнүп жибергени абдан талкууланып жатат. Дегеле парламентте Ташиев мырзанын депутаттарды басынтып сүйлөгөнү сизге деле байкалабы?

– Камчыбек Кыдыршаевич экөөбүз 2005-жылы парламентте чогуу депутат болгонбуз. Аны жакшы билген адам катары айтарым, ал абдан эмоционалдуу, болгонун болгондой айтат, ичинде кири жок барбалаңдаган киши. Ошол сапаттары кээде үстөмдүк кылып кетип жатат окшойт. Депутаттардын суроолоруна чыдап жооп берүү үчүн токтоолук керек, ал киши эмоцияга алдырып жиберди. Коомчулуктун сындап жатканы жөндүү. Ал киши мурдагы депутат катары мындай абал жараларын билиши керек эле. Анын үстүнө Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бакиров парламенттин мурунку чакырылышына “Ата Журт” партиясы менен чогуу келишкен. Бири-бирин өтө жакшы билишет. Эмнеге антип ачууланып кетишти билбейм, бир себеби бардыр. Пендебиз да, кемчиликсиз адам болбойт.

– “Дастан” ишканасында көп жыл иштегенсиз, сизди ошол ишканага тиешелүү объектилерди арзан баада сатып алып байыган деген сындар айтылып жүрөт?..

– Ал ишканада 20 жыл иштедим. Барганда эле каржы тармагын жетектеп калган жокмун, катардагы инженерден тарта бардык тепкичти басып өттүм. Мен ошол заводдо иштегениме, аны жеке менчикке өткөрбөй сактап калганыма сыймыктанам. Жеке менчикке өтүп кетсе, азыркы “Таатан” соода борбору же “Мадина” базары сыяктуу болуп калмак. Заводго кошкон салымымды айтышпай, “баланча сотых жер тилкесин алган” деп ушуну эстешет. Ооба, алгам, ал 3 сотых жер тилкеси заводдун аймагында эмес, сыртында жайгашкан жер болчу. Заводдун гүлдөп турган убагында Ысык-Көлдө пансионаты, лагери бар болчу, алгым келсе ошолорду алмакмын да. Кой-Ташта да жер тилкеси бар эле, ошол жерлерди албайт белем? Менден кийинкилер алардын баарын сатып жок кылышты. 3 сотых жер тилке үчүн мен сындалып келе жатам.

– Ахматбек Келдибеков менен бирге Орусияда бир окуу жайда окуган экенсиз, студенттик күндөрдү, андагы кызыктарды эстеп кетпейсизби?

– Ооба, Ахмат экөөбүз Воронеждеги Политехникалык институтта чогуу окуганбыз. Ал менден 3 жылдан кийин барган. Негизи, досторду 4 категорияга бөлөм. Классташ дос, студент дос, кызматтык дос жана кызыкчылыктар бириктирген дос. Окуучу жана студент курактагы достор сатып кетишпейт. Анткени алар сен эч ким боло электе пайда болгон достор. Ахмат менен болгон бир кызык окуяны айтып берейин. Воронежде окуп жүргөндө ата-энебизден келген акчаны күтпөй, окуудан сырткары кошумча иштейли деп калдык. Бирөө менен сүйлөшүп бир вагон жыгачты жерге түшүрүүнү макулдаштым. Ташып эле жатабыз, такыр азайбайт, түшкө жакын Ахматтын маанайы түштү. “Досум, мунуң такыр азайбайт го, канчага сүйлөштүң эле?” дейт. “50 рублга” десем, “досум, мен сага 25 рубль берейинчи, жүрү кеттик” дебеспи. “Кой, досум, чыдап түшүрүп коёлу, эртеден бери мээнет кылып жатабыз” деп болбой койдум. Кечки саат 8де түшүрүп бүттүк. Вагондун ээси келип “дагы 10 рубль кошуп берем, вагондун ичин жууп бергиле” деди эле Ахмат ачууланып кыйкырып жиберди. Мен “токто, досум, сен күтө тур” деп шланг менен суу чачып тазалап жууп чыктым. Ошондо биринчи жолу иштеп тапкан акчабызга чогуу окуган кыргыз кыздарга белектерди алып барып майрамдаганбыз.

– Үйдө кандай атасыз? Бала тарбиясында колдонгон өзгөчө ыкмаларыңыз барбы?

– Биз 8 бир тууганбыз, бир агам каза болуп калды. Атам өмүр бою жетекчи болуп иштеген адам. Мен 2005-жылы бир мандаттуу шайлоо округунан депутаттыкка талапкерлигимди койгондо эл атам үчүн эле добуш берген. Атамды тааныгандар "Зулпукордун баласы экен, атасы эл үчүн иштеген, демек, бул бала да эл үчүн иштейт" деп шайлашкан. Атамды үйдө көп көрчү эмеспиз, биз уктап жатканда жумушка кетчү, кайра кечинде биз уктаганда келчү. Ал кишиден сүрдөп, коркуп турар элек. Атамдын кызматтык унаасы – минген аты эле. Атын чапкылап айыл кыдырып элдин маселесин чечип жүрчү. Жапар деген досум базарда пияз сатат. “Топчанда жатсам аяш атам таң атпай келип “эй Жапар, тур” деп камчысы менен жуурканымды түрткүлөсө аябай жаман көрөт элем” дейт. Азыр өзү таң атпай туруп дүңүнөн пияз алганы “Дунган базарга” жөнөйт, эрте тургандын пайдасы тийиптир. Атам өзү таң атпай турганы аз келгенсип элдин баарын уйкудан тургузуп кетчү (күлүп).

4 балам бар, 2 кыз 2 уул. Кандай ата экенимди ошолордон сурашың керек. Балдарым саясатка кызыкпайт. Өткөндө бир түз эфирде отурсам бир аял чалып “Баткенде жалаң карапайым элдин балдары өлдү, бир да депутаттын, чоңдун баласы жок” дейт. Ошондо “эже, менин балам 1,5 жылдан бери Лейлекте жүрөт, аны чакыртып алган жокмун, баарыбызга мекен керек” десем алкап калды. Кичүү балам окууну бүткөндөн кийин ылайыктуу жумуш таппай АКШга кеткен. Ал жакта идиш жуугуч, официант болуп иштеп жүрүп эми бутуна турду. 11 жылдан бери келе элек. Апасын чакыртып, белектерин берип турат. 2020-жылы “келесиң” деп талап койдум эле, бийлик алмашып кетти.

– Эс алуунун кандай түрү жагат?

– Жекшемби мен үчүн достор жана мончо күнү. Кант диабетине чалдыккандан бери жөө көп басып калдым. Бош убакта тарыхый китептерди окуйм.

– Жетпей калган кыялыңыз барбы?

– Грузияда ар бир экинчи грузин президент болгусу келет экен. Бизде ар бир онунчу кыргыз президент болгусу келсе керек. Колунан келеби, келбейби жулуна берет, билими, деңгээли туура келеби, кызыктырбайт дагы. Аткарылбай калган кыялым жок, баары алдыда. Убакыт бар. Буюрса, мен 80ге чыкканда келип маек алсаң, ошондо айтып берем кайсы кыялыма жетпей калганымды (күлүп).

– Маегиңизге чоң рахмат!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1043, 2-8-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан