ИШ БАШТООДОГУ КОРКУНУЧТУ ЖЕҢҮҮГӨ 7 КАДАМ

Адам учурдагы болуп жаткан көрсөткүчтөрдүн натыйжасында алдыдагы иштерин пландаштыра алат. Бирок коркунуч деген нерсе максаттардын аткарылышына жакшы эле тоскоолдук жаратат. Бул учурда эмне кылуу керек? Психологдордун кеңешине көз чаптыралы.

Биринчи кадам: Иш баштоодо алгач эмнеден коркуп жатканды даана аныктап алуу керек. Эч нерсени жашырбастан, көп ойлонбостон эмнеден коркуп жатканыбызды аныктап алсак, ал чочулоо анчалык кооптуу болбой калат. Аныкталган нерсенин чечилүү жолу көрүнө баштайт.

Экинчи кадам: Ал коркунуч реалдуу көйгөйбү же болжолдоп жаткан эле тынчсыздануубу, билип алуу керек.

Үчүнчү кадам: Иш баштаарда коркунучтун азайышы үчүн сүйгөн нерседен ырахат алуу, кичине нерседен ийгилик жаратуу жана жакшы мамиле жардамга келет. Кээ бирлер китеп окуп, же сейилдеп, же ваннага түшүүдөн ырахат алышат. Ал эми үйдөгү жеңил эле жумуштарды жасап, отургучту оңдоп, гардеробду иретке келтирүү сыяктуу жумуштар ийгилик жаратууга, жеңишке жетүүгө практика боло берет. Ал эми жакшы санаалаш адам менен баарлашуу стимул берип, тынчсызданууну азайта алат.

Төртүнчү кадам: Коркунучту артка жылдыруу. Мисалы, ишти баштап, анан анын жүрүшпөй калышы, кардар же буюртма жок отуруп калуу тууралуу ой келери менен “азыр муну ойлонууга убакыт жок, азыр жумуш менен алектенип, жумуш бүткөндө ойлоном” деп коркунуч, тынчсызданууга көп убакыт бөлбөө зарыл. Жумуш бүткөн соң көп болсо 10 мүнөттүк убакыт бөлүп, калган учурда ал тууралуу ойлонбош керек.

Бешинчи кадам: Өзүн-өзү кубаттоо. Кыйынчылык же маселе жаралса башкалар эмне болорун ойлоп, баарына өзүн күнөөлүү кылып коюу өзүн басууга, натыйжада өзүнө-өзү ишенбестикке, жумуштун артка кетишине жеткизет. Ошондуктан “ооба, сага азыр кыйын, жагымсыз учур, бирок маселени чечүү же жеңилдетүү үчүн кандайдыр бир жол табууга болот” деп өзүнө-өзү жакшы “ата-эне” болуп колдоп, кубаттап туруу керек.

Алтынчы кадам: Эстүүлүк кылып маселени чечип кеткен учурду улам-улам тажрыйбадан өткөзүп, өздөштүрүү, тынчсызданууну жоюуга, учур менен жашоого жардам берет. Учур менен жашап, аны кабыл ала билүү, өзүн-өзү жей бербөө стрессти азайтып, психологиялык жактан туруктуулукка алып келет.

Жетинчи кадам: Системдүүлүктү сактоо. Күнүмдүк режимди түзүп, физикалык жана психикалык жактан активдүү болуу кажет. Белгилүү бир убакта уктап, кайра туруп, үзгүлтүксүз тамактануу организмди жакшыртат. Организм канчалык жакшы болсо, стресске туруктуулук, көйгөйдү жеңе билүү ошончолук жогору болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1043, 2-8-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан