Бегимай Сатаева, мекендеш: «НИДЕРЛАНД ӨЛКӨСҮ МАГА КӨП НЕРСЕ ҮЙРӨТТҮ»

Сиздерге тааныштыралы деп турган мекендешибиз Бегимай Сатаева учурда Гаагада жашап, иштейт. Нидерланд өлкөсүнө кантип барып калганы, ал жактагы жашоосу, ийгиликтери, кыялдары менен бөлүштү. Жашоосу кызыктуу экен, маекти окусаңыз буга ынанасыз.

«Парижде жашоону кыялданчумун»

– 1995-жылы 17-февралда Бишкек шаарында төрөлгөм. Атам Өмүрбек Сатаев өмүр бою теледе журналист, продюсер болуп иштеп келатат, апам жеке ишкерлик кылат. Үйдө 5 бир туугандын экинчисимин. Бишкектеги №67 гимназияны эң жакшы баалар менен бүтүргөм. Бала кезден адабий китептерди көп окудум. Ар бир дем алыш күндөрү атам экөөбүз китеп саткан дүкөндөргө барып мен кызыккан китептерди сатып алчубуз. Чоң атам адвокат эле, ошондуктан кичинемде Сорбон университетинин юридикалык факультетинде окуйм деп максат койгом. Парижде окууну жана жашоону кыялданчумун. Бала кезимде атамдын жумушуна көп барар элем, журналисттердин иши мага кызыктуу көрүнчү. Бир күнү балдар редакциясынын журналисти мага “алпаруучу болуп көрбөйсүңбү” деп сунуштап калды. Ошентип, теледе иштеп көргөм.

Мектепти аяктагандан кийин Борбор Азиядагы Америка университетинин журналистика факультетине тапшырдым. Ал жакта окуп жүргөндө Эразмус Мундус стипендиясын утуп, Польшада жана Нидерландда магистратураны окудум. Нидерланд өлкөсүнүн Утрехт шаарындагы университеттен феминизм жана аялдардын укуктары боюнча магистрдик диплом алдым. Ар дайым Европада жашап, өз күчүмдү сынап көргүм келчү.

«Гаагада эл аралык уюмда иштейм»

– Окууну аяктагандан кийин бир компаниянын логистика тармагында иштедим. Ал ишканага Орусия рыногу менен иштей алган кадрлар керек болчу. Мен үчүн бул биринчи мүмкүнчүлүк эле, колдон чыгарбадым. Азыр Гаагадагы эл аралык уюмдун коомчулук менен байланыш бөлүмүндө иштейм. Иш-чараларды, глобалдык конференцияларды чагылдырам, дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен иштешем.

Башында жаңы жерге көнүү оңой болгон жок, университетте окуу да кыйын болду. Ошол күндөрү китепканада эле “жашап” калгам. Бул дүйнөдөгү эң мыкты 100 университеттин тизмесине кирген окуу жайдын студенттери үчүн нормалдуу эле көрүнүш. Бул жакта жумуш табуу анчалык деле кыйын эмес, жумуш көп жана бул өлкөнүн тилин билүүнүн зарылдыгы жок. Нидерландда көптөгөн дүйнөлүк корпорациялар жана бренддер бар, аракет кылсаң жумуш сөзсүз табылат. Эң кыйыны – үй-бүлөдөн, достордон алыс болуу. Бирок Нидерланд өлкөсүндө жашаган 6 жыл ичинде дайыма мени колдогон достор болду. Магистратураны аяктаганда атам менен сиңдим бүтүрүү кечесине катышкан, апам жана жакындарым конокко келип турушат.

«Сойкулук мыйзамдаштырылган»

– Нидерландда мага баары жагат, айланаңда жылмайган жана боорукер адамдар, тарыхы, архитектурасы, баары сонун. Мамлекет эли үчүн ыңгайлуу жашоо шарттарды толук түзгөн. Жаңы келгенимде адамдардын боорукерлиги суктандырган. Чоң чемодан сүйрөп баратсам, бир кыз келип “жардам берейинби?” деп калды. Карасам, анын бир колу сынган экен, таңып алыптыр. Ага карабай мага жардам бергиси келиптир. Бул өлкөдө мага адамдардын натыйжага иштегени, жоопкерчилиги жагат. Күнүмдүк тиричиликте суу, электр энергиясын үнөмдөөнү, бардык ишти алдын ала пландоону, барчу жерге убагында барууну, убадаларды аткарууну ушул жактан үйрөндүм. Адамдар момун, үнөмдүү жашашат, жупуну тамактанышат, акчага жоопкерчиликтүү мамиле кылышат. Люкс жашоо эмес, башкаларга тең болуу, жоопкерчиликтүү мамиле бааланат. Секонд хэнд дүкөндөрү, велосипеддер, вегетариандык тамактар популярдуу. Негизинен, адамдар жумушу менен алек, бош убактысында баары спорт менен машыгышат, сейил бактарда убакыт өткөрүшөт, көп саякатташат.

Нидерландда жамгыр көп жаайт, бирок жарандары кол чатырды сейрек колдонушат. Дайыма плащ жана жамгырда кийилчү күрмөлөрдү кийишет, анткени кол чатыр кармап велосипед тебүү ыңгайсыз. Бул өлкөдө велосипед популярдуу экенин билсеңиздер керек. Өлкөдө адамдарга караганда велосипеддердин саны көп деп айтылат. Нидерланд өлкөсүндө марихуана жана сойкулук мыйзамдаштырылган, либералдуу жана эркин өлкө, Европадагы эң коопсуз мамлекеттердин бири. Мындан тышкары Нидерланд өлкөсү жоогазындары менен белгилүү, бүгүнкү күндө Нидерланд өлкөсү дүйнөдө эң ири жоогазын өндүрүүчү жана экспорттоочу.

«30 жылга ипотекага үй сатып алдым»

– Нидерландда көпчүлүк адамдар үйдү ижарага алып жашашат. Өмүр бою деле ижарада жашай беришет. Мага үйдү ижарага алуу ыңгайсыз болду, ошондуктан ипотекага сатып алдым. 30 жылда, буюрса, төлөп кутулам. Албетте, бул Нидерланд өлкөсүндө гана жашайм деген сөз эмес. Кыргызстанда да, бул жакта да жашай берем. Нидерландда шырдактарды жана Кыргыз улуттук кийимдерин саткан дүкөн ачууну кыялданам. Анткени Европада түрдүү маданияттарга кызыгуу бар. Шырдак жылуу, стилдүү, көп жылдык тарыхы бар, экологиялык таза продукт.

«Кыргызстанда эч нерсе өзгөрбөгөнүн көрүп капа болом»

– Кыргызстандагы окуяларга көз салып турам, шайлоолордо Брюсселдеги Кыргыз элчилигине барып добуш берем. Өлкө үчүн жана жакындарым үчүн тынчсызданам. Пандемия жана Баткендеги согуш болгондо каржылык жактан жардамымды аяган жокмун, бардык акцияларга катыштым. Биздин эл абдан ынтымактуу экенине кубанам.

Менде улуттук кийимдер көп – белдемчи, жасалгалар, шырдактар. Биздин маданиятыбызды жакшы көрөм жана сыймыктанам. Үй-бүлөмдөн тышкары, Кыргыздын жаратылышын, тамак-ашын, элдин меймандостугун эң көп сагынам. Кыргыздын жан дүйнөсүн, тойлорун, майрамдарын сагынам. Жылына бир жолу Ысык-Көлгө эс алууга барам. Бирок барганда Кыргызстанда эч нерсе өзгөрбөгөнүн көрөсүң, ошол өкүнүчтүү. Медицина, билим берүү тармагы ордунан такыр жылбай тургандай сезилет. Дүйнө абдан тез өнүгүп жатат, биз да мезгил менен тең жарыша турган учурдабыз.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
al79mi
2023-01-12 11:18:00
Азамат кыз экен, окуп отуруп козумо жаш келди.
0
Birimdik5555
2023-01-14 08:39:00
Азамат ушундай кыздар коп болсун элибизде
0
№ 1048, 6-12-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан