ФРАНЦУЗ ТАТТУУЛАРЫ

Француз десерттери үчүн колдо бар азыктар эле керектелет, болгону аларды жасоодо өзгөчөлүктөр болот. Кыштын суук күндөрүндө жайлуу, жылуу үйдө таттууларды жасап жакындардын маанайын көтөргүңүз келсе төмөнкү рецепттер сиз үчүн.

БЕЗЕ

Керектелүүчү азыктар:

Жумуртка – 3 даана

Кумшекер – 200 грамм

Крахмал – 1 аш кашык

Лимон ширеси – 1 аш кашык

Креми үчүн:

Кам каймак (сливки 20%) – 200 грамм

Кумшекер упасы – 200 грамм

Быштактуу сыр – 120 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Жумуртканын агын кылдаттык менен бөлүп алабыз да, чымчым туз кошуп миксер менен көбүк пайда болгончо чалабыз. Эми кумшекерди аз-аздан салып чалабыз. Коюу, төгүлбөгүдөй массага келгенде крахмал менен лимон ширесин кошуп, миксердин чалуу ылдамдыгын жайлатып же кашык менен аралаштырабыз. Кремди кондитердик баштыкка же целлофанга салабыз.

2. Электр табасына пергамент кагазын төшөп, уя сымал безелерди же каалаган формаларды сыгып алабыз. Электр меши таттууларды салганга чейин 180 градуста ысып турушу кажет. Саларда 100 градуска чейин азайтабыз. Мындай жылуулукта 1,5 саат кармоо керек. Чыгарып муздатабыз. Безени ушул бойдон да жесеңиз болот.

3. Креми эклерге жасалган сымал эле чалынат да, аягында муздак быштактуу сырды кошуп миксердин ылдамдыгын азайтып дагы аралаштырабыз. Безенин ичине мөмө-жемиштен же кыям, джем салып, кремди үстүнө сыгып, мөмө-жемиштер менен кооздоп коёбуз.

ЭКЛЕР

Керектелүүчү азыктар:

Суу – 0,5 стакан

Сүт – 0,5 стакан

Каймак май – 100 грамм

Ун – 120 грамм

Жумуртка – 4 даана

Туз – 3-4 чымчым

Кумшекер – 0,5 чай кашык

Креми үчүн:

Кам каймак (сливки 20%) – 200 грамм

Кумшекер упасы – 200 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Сүт менен сууну аралаштырып мискейге куябыз да, отко коёбуз. Кайнап баштаганда каймак май, туз, кумшекерди салып эритебиз. Үстүнө унду элеп салып оттон чыгарбастан 3-4 мүнөт аралаштырабыз. Коюу майланышкан камыр даяр болот. Оттон чыгарып жылуу абалга жеткенче аралаштыра берүү керек.

2. Камырга бөлмө температурасындагы жумуртканын бирин чагып аралаштырып, бир массага келгенде кайра кийинкисин кошуп аралаштыруу зарыл. Даяр болгон камырды кондитердик баштыкка, ал жок болсо целлофан баштыктын бурчуна салып, учун кесип коёбуз.

3. Электр табасын майлап же пергамент кагазын төшөп, арасын ачыгыраак кылып таякчаларды сыгып чыгабыз. 180-200 градуста ысып турган электр мешине салып 15-18 мүнөт бышырабыз. Эклер үч эсеге чейин көөп чыгат. Электр мешинен чыгарбастан муздатабыз.

4. Муздаткычта турган кам каймакты миксер менен коюуланып чыкканча чалабыз. Жылуу болсо коюуланбай көпкө убара болосуз. Кумшекер упасын кошуп дагы 10 мүнөттөй чалуу керек. Крем коюу, ылдый кылганда төгүлбөгүдөй абалга жетиши шарт. Аны кондитердик баштыкка же целлофанга салып, эклердин бир башын кылдат ачып кремден толтурабыз.

Ушул эле камырды тегерек сыгып, ичин таттуу да, таттуу эмес да толтурма менен толтуруп койсоңуз профитрол болуп калат. Ал профитролдорду бири-бирине конус түрүндө карамель менен чаптап чыксаңыз француздардын крокембуш торту даяр болот.

ТАРТ ТАТЕН

Керектелүүчү азыктар:

Алма же алмурут – 1 килограмм

Кумшекер – 2 стакан

Каймак май – 50 грамм

Ачытылбаган каттама камыр – 300 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Алманы жууп, кабыгын аарчыйбыз. Экиге бөлүп ичин тазалап, аны ичке кесимдерге кесип чыгабыз.

2. Отко көмөч казанды коюп, бир аз суу куюп кумшекерди салып эритебиз. Сары түскө келгиче аралаштырабыз да, каймак майды кошобуз. Эрип бир түскө келгенде алма кесимдерин салып 3 мүнөт аралаштырып оттон алабыз.

3. Бизге кичирээк тегерек же төрт чарчы таба керектелет. Аны каймак май менен жакшылап майлап, алма кесимдерин тизип, үстүнө калган карамелди куюп салабыз.

4. Каттама камырды формага ылайыктап калыңыраак жайып, алманын үстүн жаап, вилка менен 4-5 жеринен сайып коюңуз. Камырдын чекелерин ичти карай киргизип чыгуу кажет. 200 градуста ысып турган электр мешинде 20-25 мүнөт бышырабыз. Бышкан соң муздаганча күтө туруңуз. Тарт татен көмөрүлүп берилет, жайык идишке көмөрүп чыгарабыз. Француз пирогу даяр!

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1049, 13-19-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан