Темирбек Бекбоевдин “ЖАН ДҮЙНӨ ЧЫҢАЛУУСУ – КӨП ООРУНУН БАШАТЫ” китеби окурмандарга жан азык, жаш врачтарга колдонмо

Кеселдүүгө дайым буруп көңүлүн,

Керек болсо берем деген өмүрүн.

Ак халатчан асылдарга рахмат,

Биз кесиптин тандабаппыз жеңилин.

Оорулууну айыктырган билими,

Кыйналганда өчпөй жанган билиги.

Өмүрдү улап талыкпастан такшалган,

Медик деген адамзаттын бийиги!

“Адистик бай тажрыйба менен жазылган илимий-популярдуу эмгек”

Өмүрүнүн 45 жылын врачтык кесипке арнап, элдин саламаттыгына кам көрүп келе жаткан Бекбоев Темирбек Бекбоевич жакында “Жан дүйнө чыңалуусу – көп оорунун башаты” аттуу китебин жарыкка чыгарды. Китебинде ысымдарын дүйнө билген атактуу медик-окумуштуулар тууралуу очерктер, нерв, кан тамыр оорулары, психосоматика, психотерапия, психонализ, ийне терапиясы жаатындагы эмгектери кирди. Мисал келтирсек, акыркы жылдары эл ичинде көбөйүп бараткан баштын ичиндеги басымдын жогорулашы, баш оорунун түрлөрү, эс-тутум менен акыл-эстин начарлашы, инсульт, талма, кант диабети, энурез, невроз, омуртка аралык грыжа, остеохондроз, остеоартроз жана башка оорулар, алардын келип чыгышы, дарылоо тууралуу сөз болот. Бул, албетте, китептин маани-маңызын арттырып турат. Туура тамактануу, ал тургай интимдик мамилелер да сыртта калбайт. Андыктан китеп ар бир жаранды кайдыгер калтырбайт. Ал тургай жаш врачтарга колдонмо-методикалык курал болуп берери айныксыз чындык.

Аталган китептин бет ачар сөзүн Кыргыз Республикасынын Баатыры, нейрохирург, академик Миталип Мамытов менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, хирург Рахатбек Оморов жазган. Алар бул эмгекти “адистик бай тажрыйба, кеңири көз караш менен жазылган илимий-популярдуу эмгек” деп баалап, авторго ийгилик каалашат.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин арасында илимий-популярдуу китеп жазгандар сейрек кездешет.

“Кытай, кыргыздын дарылоосун, батыш медицинасын айкалыштырган шыпаагер”

Кыргыз Республикасынын эл акыны Бактыгүл Чотурова да аталган китеп боюнча өз пикирин билдирди:

– Айрыкча менин билгеним, Темирбек Бекбоевичтин поэзия менен да узанганы. Бир нече жылдар мурун “Сен жөнүндө” аттуу китеби жарык көрүп, ошондон ырга жүрөгү жакын экендигин билдим эле. Кыргызда айтылган “жигитке 70 өнөр аздык кылат” деген ушул.

Мен бир нече жылдардан бери Темирбек Бекбоевичтин иглорефлексотерапия боюнча эң мыкты адис экендигин жакшы билем. Ал Ленинграддагы врачтардын билимин жогорулатуу курсуна барганда ийне саюунун ыкмаларын Союздук деңгээлдеги адистерден окуп-үйрөнгөн. Жаңы китебинде ийне саюу терапиясынын касиеттери тууралуу түшүнүк берүү менен кыргыздын элдик медицинасынын байыркы Кытай медицинасынан айырмасын далилдеген. Автор мына ушул 2 элдин дарылоо касиетин, батыш медицинасын да айкалыштырган шыпаагер. Алтын ийне менен түркүн ооруларды, ал турсун аракечтикти айыктыруу мүмкүнчүлүгү чоң. Адамдын 12 мүчөсү болсо, анын сырткы терисинде жайгашкан 700дөн ашык биологиялык активдүү чекиттер бар. Ошол чекиттерди так аныктап, өз эрежеси менен ийне сайып, оорудан айыктырып, калыпка келтирүүгө болот. Айталы, жүрөк-кан тамырларын кеңейтүүдө. Ийне менен дарылоонун дагы бир артыкчылыгы – химиялык дары-дармектерге салыштырмалуу аллергия жаратпайт, ийне аркылуу оору козгоочу вирустардын жугушу мүмкүн эмес.

“Бекбоевдин медициналык борбору” 2004-жылдан бери эл кызматында

Аталган борбордо алтын ийне менен дарылоодон тышкары лазер жана мануалдык терапия, укалоо, тери жана аллергия, муун, омуртка оорулары, балдардын кекечтиги, ашказан жана 12 эли ичегин жарасы, тамеки чегүү, ичкилик жана семиздикке каршы дарылоо жогорку деңгээлде жүргүзүлөт. Ошондуктан ар кайсы ооруңузду ар клиникага барып дарылабайсыз. Издеген врачтардын баарын бир клиникадан табасыз. Бул убактыңыздын аз корой тургандыгына шарт түзүп, ашыкча убаракерчиликтен куткарат.

Китепте психосоматика (жан дүйнөнүн жабыркоосу) тууралуу таасирдүү жазылган. Андай абал оору пайда кылары, аларды дарылоо ыкмалары, сырлары айтылат. Ошондой эле невроз дартынан сакаюу, психикалык жабыркоо, уйкунун бузулушу тууралуу бөлүм көңүлдү бурат.

Азыркы экономикалык кризис, жумушсуздук, стресстер көп заманда психотерапиянын жардамына муктаждар арбын болору талашсыз. Адамдын жан дүйнөсү калыпка келмейинче жашоо жыргалчылыгы болбойт. Мындай учурда оорудан мурда бейтаптын жан дүйнөсүн сөз менен дарылоо керек. Мындай психотерапевтик мүмкүнчүлүк Темирбек Бекбоевичте бар.

Темирбек Бекбоевич гипноз менен дарылоонун да чебери. Орусияда мындай дарылоо заманбап өзгөрүп, психикодинамика багытына бет алган. Европада болсо заманбап ыкмалары колдонулат. Эл жеке психотерапевттерди жалдашат.

Биздин каарман кылымдардан бери келе жаткан чыгыш медицинасынын ыкмасы – тамыр кармоону да жогорку деңгээлде өздөштүргөн теңдешсиз адис. Бул адистикти Санкт-Петербургдан окуп-үйрөнгөн. Невролог, психотерапевт катары миңдеген бейтаптарды айыктырды.

Орусиялык улуу психиатр, невропатолог Владимир Михайлович Бехтеревдин “Эгерде оорулуу врачка кайрылганда өзүн жеңил сезбесе, аны кабыл алган врач - врач эмес” деген сөзү бар. Анын сыңарындай жанынан түңүлүп келген бейтапты жаркылдап кабыл алып, жылуу маанай менен кеңеш берип, жашоого жарык үмүт берүү – жакшы дарыгердин белгиси. Бул сапаттарга Темирбек Бекбоевич башынан ээ. Врачтын жылуу мамилеси менен сөзү оорулууну жарым дарылайт эмеспи. Организмдеги зат алмашуунун бузулушу, ушундан улам жаралган семиздик жана башка оорулар, андан тышкары алкоголизм, тамеки чегүүдөн арылуу ыкмалары тууралуу да китепте түшүнүктүү тил менен жазылган.

Тизе менен жамбаш ооруп, адам кыймылдай албай калган остеоартроз оорусу бар. Дартта кемирчектер жешилип, муундардын үстүнө сөөктөр өсүп кетет. Көбүнчө тизе, жамбаш менен кашка жиликтин ашташкан жериндеги кемирчек жабыркайт. Эң көп кездешкени – тизе остеоартрозу. Мына ушул элде көп кездешкен оорунун жаралуу себептери, дарылоо ыкмалары да китепте айкын, жеткиликтүү жазылган.

Ошондой эле жашоо сүртүмдөрүндө кездешүүчү адамдын интимдик мамилесиндеги психологиялык өзгөчөлүктөр боюнча дарыгердин психотерапевттик кеңештери көп дарттан арылтарында шек жок.

Темирбек Бекбоевичтин “Жан дүйнө чыңалуусу – көп оорунун башаты” китеби адамдардын бүгүнкү, эртеңки жана келечектеги ден соолугу үчүн керектүү кеңеш.

Сиз элге керексиз, бар болуңуз Темирбек Бекбоевич, жаңы эмгегиңиздин сапары байсалдуу болсун!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1050, 20-26-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан