Кундуз Калыбекова, 31 жашта: “БАЛАМДЫ “ӨЛДҮ” ДЕГЕНГЕ ИШЕНБЕЙМ, ШЕКТҮҮ АКУШЕР ОРУСИЯГА КАЧЫП КЕТТИ”

Каарманыбыз Ысык-Көлдө төрөтканадан баласын тарттырып жибергенин айтат. Учурда бул окуя Акыйкатчы институтунун көзөмөлүндө экен. Кененирээк макаладан окуңуз.

“Дароо эле операция аркылуу төрөтөбүз дешти”

– Аты-жөнүм Кундуз Калыбекова, 31 жаштамын. Түп районунун Талды-Суу айылынын тургунумун. Биринчи жолдошумдан 3, азыркы жашап жаткан жолдошумдан 1 балам бар.

2020-жылы кош бойлуу элем, бешинчи баламды күтүп жаткам. 16-сентябрда жолдошум экөөбүз Караколго конокко барып, ошол жерден толгоом башталып калды. Караколдогу төрөт үйүнө алып барышты. Ал жерде оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатыптыр, иштебейт экен. Ак-Суу районундагы төрөт үйүнө барсак “Түпкө баргыла” деп кабыл албай коюшту. Айла жок Түптөгү төрөт үйүнө бардык. Ал жерден болсо “кайра Ак-Сууга барып ошол жактан төрө. Бизде азыр врачтар жок” дешти. Кайра Ак-Сууга жөнөөрдө акушерлердин бири Ак-Суунун төрөт үйүндөгү бир акушерге чалып, сүйлөштү.

Ак-Суунун төрөт үйүнө барсак врачтар дароо эле “операция жолу менен төрөтөбүз” деп айтышты. Мен “эмнеге операция? Буга чейин 4 баламды өзүм эле төрөгөм. Муну деле өзүм төрөйм” деп каршы чыктым. Алар сөзүмдү укпай, кайра “ыйынба” деп урушуп, буттарыма чапкылашты. Алка-жакадан алып чечинтишип “каталкага” жаткызып, 2 укол сайышты, бирин бут жагыма, бирин моюнума. Анан операция залына алып жөнөштү. Жолдошумду түртүп сыртка чыгарып коюшкан. Чөнтөк телефонумду алдыртышкан жок, ал жолдошумда калды.

Операция залына киргизишкенден кийин бирөөнү 20 мүнөттөй күтүштү. Болбосо залда врач, акушер деле бар болчу. “Операция жасабагылачы, өзүм эле төрөйүн” деп жалдырасам кыйкырып урушуп салды. Анан бир аял келип “муну УЗИге алып баргыла” деди. Ичимде бала кадимкидей эле кыймылдап жаткан. УЗИге барганда врачтар “баласы ичтен өлүп калган го” дей баштады. Мен “кандайча өлүп калат? Кыймылдап жатпайбы?” десем, “оозуңду басып жатчы” дешти.

Кайра операция залына алып барышты. Наркоз сайышты, ошол бойдон эч нерсени билбей калдым.

Эртеси ойгонсом жандандыруу бөлүмүндө жатыпмын. Аңгыча Бактыгүл деген акушер аял чуркап келип чекемден өөп, ыйлап өзүнүн телефонун колума карматты. “Азыр күйөөң чалат, сүйлөш. Тигил жакта күйөөң жаныбызды койбой жатат. Менде баары жакшы, уктаганы жатам деп айт да, кетир, болбосо бирди көрөсүң” деп коркутуп кирди. Күйөөм телефондон “жакшысыңбы? Мени киргизбей жатышат, кантип кирем?” дегенде мен акушер аялдын айтканын айткан элем.

Реанимацияда мага улам укол сайышып, анын таасиринен көзүмдү ача албай эле уктай бердим. Сыягы, мага уктатуучу дарыларды сайган окшойт.

Бир кезде көзүмдү ачсам бөлмөнүн чаңын сүртүп бир аял жүрүптүр. Ошол аял “сенин балаң тирүү, өлүк төрөлгөн жок. Туугандарың барбы, балаңды изде” деди. Муну укканда оозум ачылып калды.

“Тергөөчүлөр иштин аягына чыкпай дайынсыз кетишти”

– УКМКга врачтардын үстүнөн арыз жаздым. Бир тергөөчү Ак-Суу райондук төрөт үйүнө жолдошум экөөбүздү алып барып, врачтардын көзүнчө андагы каттоо китепчесин текшерди. Мен 16-сентябрдан 17-сентябрга оогон түнү саат 2де төрөгөм. Китепчеде ал түнү ымыркай өлүк төрөлдү деген факт катталбаптыр. 15-сентябрда өлүк бала төрөлгөнү жазылыптыр, анын да датасын оңдоп коюшуптур. Тергөөчү врачтарга “бул эмне?” десе, алардын өңдөрү кубарып, орундарынан тура калышты. Тергөөчүнүн “буюрса, балаңарды таап, алып берем” дегенин угуп сүйүнгөн элек. Бирок ошондон кийин ал тергөөчү кабарсыз кетти. Менимче, ага төрөт үйүндөгүлөр акча берип, ишти жаптырып коюшту. Же төрөт үйүн “крышовать” эткен чиновник жаптырды. Эжем тергөөчүгө чалса “колуңардан келгенин кылып алгыла” дептир.

Анан Ак-Суу РИИБине арыз жаздык. Тергөөчү ишти жакшы баштаган, кийин анын да дайыны чыкпай кетти. РИИБге аны издеп барып таппай жаттым. Кыскасы, 2 жылдан бери чуркап, чындыкка жете албай койдук. Акыры Бишкекке барып акыйкатчыга кайрылдым. Азыр бир укук коргоочу менин окуям боюнча иш жүргүзүп жатат.

“Врачтар ар башка жоопторду айтып жатышты”

– Эртеси мени палатага которушту. Баламды сурасам врачтар ар башка жоопту айтып жатышты. Бири "балаң 1 апта мурун эле ичиңден өлүп калыптыр" дейт. Экинчиси “балаң тирүү болчу, операция маалында суу жутуп алып чарчап калды” дейт. Ушундай жооптордон улам шекшип, балам тирүү туулганына, врачтар чындыкты жашырып жатканына көзүм жетти.

Бактыгүл деген жанагы акушер мага түрдүү тамактарды алып келип, ар нерселерди айтып жубатып, ыйлап да кетет. “Начар турмушта жашайм, балдарымды эптеп багып жатам. Эркек балам жок, жалаң кыздар. Билем, мени кечирбейсиң” деп жатты. “Эмне жейсиң? Колбаса, сыр алып келип берейинби?” деп көзүмдү карайт. Керектүү дарыларды да өзү дарыканадан алып келет. Таң калып “эмнеге минтип жатасыз?” десем, “сени сиңдимдей эле көрүп калдым. Эмне десең баарын кылам. Сага кан да куюлган, анын акчасын да өзүм төлөйм” деп койду. Ошондо андан шекший баштадым. Мен төрөт үйүнөн чыгар күнү Бактыгүл “эч кимге доом жок” деп жазып бер деди эле, жазбайм деп баш тарттым. Ошол маалда үйдөгүлөр келип, мени чыгарып кетишти.

Бир апта өткөн соң сотко арыз жазууну пландай баштадым. Бирок мага “жакшы болуп калдыңбы? Сотко арыз жаза көрбө, бул эми тагдыр” деп ар кайсы врачтар чалып сурана башташты. Арасында облустук ооруканадан чалып жатам дегени да болду. Бул мендеги шектенүүнү ого бетер күчөттү.

“Баламдын тирүү экенине, колума аларыма ишенем”

– 4 балабыз менен батирде турабыз. Мен балдарды карап үйдөмүн, жолдошум жумуш табылса иштеп, табылбаса ал деле үйдө болуп калат. Ошентип эптеп жан багабыз.

Балам жанагы Бактыгүл деген акушерде деп шекшийм. Төрөт үйүндө жатканымда жашаган дарегин айткан, 3 айдан кийин айтылган дарекке издеп барсак, “бул үйдө андай аял жашабайт” дешти. Сураштырып отуруп жашаган жерин таптык, Ак-Суу районунун четки айылдарынын биринде жашайт экен. Эшигин каккыласак күйөөсү чыкты, биз “Бактыгүлдүн тайпалашы болобуз, Бишкектен келдик эле” десек “үйгө киргиле” деди. Кирсек Бактыгүлдүн жанында 3 айлыктай кичине бала жатыптыр. Энелик сезимим “ушул сенин балаң” деп жатты.

Бизди көрөрү менен Бактыгүл “буларды эмне киргиздиң?” деп күйөөсүнө кыйкырды. “Булар тайпалашым эмес, баягылар” деп бакырды. Аркы бөлмөдөн кыздары чыгып, баланы көтөрүп алып кирип кетишти. Баланын өңүн чала-була көрүп калдым. Ошол жерден биз сүрүштүрүп, чуу сала баштадык. Аял “баланы бербейм, колуңдан келсе алып ал, мага эч кимдин алы жетпейт” деп кыйын болду. Анан бизди түртүп сыртка чыгарып коюшту. Кийин ал аял күйөөсү экөө Орусияга кетип калганын билдим.

Учурда бул ишти акыйкат тергетип бериңиз деп президентке кат жөнөттүм, Ысык-Көл облустук прокуратурасына да арыз жаздым. Балам аман-эсен экенине, колума аларыма ишенем, Кудайдан сураарым да ушул.

Камиль Рузиев, укук коргоочу: “Кундуз Калыбекованын укугун коргоп беребиз”

– Кундуз Калыбекованын арызы боюнча жабырлануучу менен кошо Ысык-Көл облустук прокуратурасынын, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү менен жолуктук. Биз райондук ички иштер башкармалыктарынын тергөөчүлөрүнө ишеним арптай турганыбызды билдирип, ишти Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы же Ысык-Көл облустук прокуратурасы карасын дедик.

Стамбул протоколу толтурулду, ал боюнча Кундуз Калыбекованын ден соолугуна (психикасына, операция учурунда) кандай жаракат келтирилгендиги аныкталууда.

Тарткан азабынан улам 2 жылдан бери башы ооруп жүргөнүн айткан жабырлануучу психиатрдын текшерүүсүнөн өттү. Эми соттук-медициналык экспертизадан өтмөкчү. Албетте, оор иш, жабырлануучунун укугун коргоп беребиз.

Аталган окуя боюнча экинчи тарап менен байланышууга мүмкүн болбоду. Алардын да пикирин угууга даярбыз.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1054, 17-23-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан