Умар Даданов, журналист: “ПАРА СУНУШТАШАТ, БИРОК МАГА ЭЛДИН ИШЕНИЧИ КЫМБАТ”

Иштебеген мыйзамдарды, санитардык эрежелерди сактабаган коомдук жайларды баса көрсөтүп, “качанга чейин ушинтип жүрө беребиз, оңолбойлубу?” деп күйүп-бышкан иликтөөчү журналист Умар Даданов менен маектештик. Жакында депутат Эльвира Сурабалдиева “Не сахар” долбоорунун авторлорун парламент трибунасынан популисттер деп сындады. Ушул жана башка жагдайлар боюнча пикир алыштык.

– Умар, саламатсызбы? Өзүңүз тууралуу маалымат бербейт экенсиз, жумушка байланыштуубу?

– Саламатчылык. Ооба, бул жумушума байланыштуу. Анткени “Не сахарга” келгенден бери жакшы эле душман топтоп алдым окшойт.

– “Не сахар” долбооруна келип калганыңыз боюнча айтсаңыз...

– Кичинемден эле журналистикага, алпаруучулукка кызыкчумун. Мектепте, университетте окуп жүргөндө эле маданий иш-чараларды алпарчумун. Кийин телеканалдардын биринде журналист болуп иштедим. Эрулан байкеге (ред.: Көкүлов) чалып, ушул долбоордо иштегим келгенин айтып жүрчүмүн. Эрулан байке экөөбүз тууганбыз, бирок ал тааныш-билиш дегенди жаман көрөт. Болбой эле айта бердим, ал депутаттыкка аттангандан кийин орду мага тийди. Алгачкы тартуу ишине чогуу барганбыз, мени байкап көрдү. Өзүмдү иш жүзүндө көрсөтүп, долбоорду толугу менен өткөрүп алдым.

– Резонанс жараткан окуялардын бири – депутат Эльвира Сурабалдиеванын сиздердин долбоор тууралуу айтканы болду. Анын кебинде чындыктын үлүшү барбы?

– “Не сахар” социалдык долбоор, коммерциялык эмес. Бул элдин долбоору. Ал элдин өкүлү болгондон кийин элдик долбоорго, тескерисинче, колдоо көрсөтүп койсо болмок. Мыйзам чыгаруучу өзү мыйзамга каршы чыгып жатпайбы. Бизди “популисттер” деди, эмнеге антип айтканын түшүнгөн жокмун. Мен тескерисинче, трибунага чыгып алып ушинтип сүйлөгөндөрдү популисттер деп эсептейм. Анткени иш жүзүндө өздөрүн көрсөтүшкөн жок. Биз иш жасап жатабыз, элдин ден соолугу – оюнчук эмес. Карасаңыз, ооруп, чет жерден дарыланууга акча чогулткандар көбөйүп жатат, мунун бир себеби – сапатсыз тамак-аш. Биздин иш популизм эмес, патриоттуулук. Биз эч кандай мыйзамсыз иш жасабайбыз, мыйзамсыз иштесек эмдигиче жабылып калмакпыз.

– Депутат эмне себептен антип айтты деп ойлойсуз?

– Бир хайп жаратып коёюнчу деп эле сүйлөп койду окшойт. Анткени “Не сахар” тууралуу бирөө сүйлөп чыкса эле хайп болуп кетип жатат да.

– Эмнеге Сурабалдиева силер тарапка сын айткандан кийин “Кудайберген” базарына бардыңыздар? Бул тирешүү эмеспи?

– Сурабалдиева бизге сын айткандан кийин көрүүчүлөр “Кудайбергенди” тарткылачы” деп көп суранышты. Анан барып базар кандай абалда экенин көрдүк. Эч кандай тирешүү болгон жок. Ал жер коомдук жай түрүндөгү жеке менчик да. Башка базарларга да киребиз. “Кудайбергенге” барганда эле мыйзам иштебей калат экен, тартканга укугуң жок дейт. Мен эле эмес, ал жердин абалын видеого тартууга бардык жарандар укуктуу. 5 саат жүрдүм. Акыры базарга кирип, иштебеген мыйзамды иштеттик.

– Андан кийин реакция болдубу?

– Сурабалдиева “бир туугандарымдын бизнесине асылып жатышса, бизнесмендерди ким коргойт?” деп кайрылуу жасаптыр. “Не сахар” ишкерлерге жолтоо болуп тоскоолдук жарата турган эмес, алдыга түртүүчү долбоор. Биз тарткандан кийин тазаланып, оңолуп жатышпайбы. Андан кийин абалы жакшырса, кайра тартып элге көрсөтүп жатам.

– Долбоорду ким каржылайт?

– Эч ким каржылабайт, бекер эле иштеп жүрөбүз. Эптеп бензинге каражат таап алсак эле болду. “Не сахардын” кеңсеси, компьютерибиз жок. Бирөөлөрдүкүн сурап видеолорду монтаждап жүрөбүз. Албетте, колдойм дегендер көп. Макул деп койсок, аларга милдеттүү болуп калабыз. Анан анын бир таанышынын туур эмес иштерин тартып койсоң, алар мага кайрылып, ыңгайсыз абалга кептелишим мүмкүн. Ошондуктан көз каранды болуп калбаш үчүн эч кимден акча албайбыз.

– Бул иште сиздеги өжөрлүк, беттегенин бербеген көк беттик сапат жакшы жардам берери байкалат...

– Апам дайыма “бир жумушту баштасаң, аягына чык” дечү. Эмнеге мыйзам иштебеши керек? Аягына чейин күрөшүп, мыйзам кандай иштеши керек экенин элге көрсөтүшүм зарыл. Баягы ызы-чуудан кийин Оштогу “Манас ата” кафеси дагы эле жабык турат. Ал кафеге кире албай 2 күн жүрдүм, аягына чейин туруп, тартып анан кеттик. Кийин кесиптештер изилдеп чыгышты, көрсө, ал кафе көчө тарапка 7 метр ашыкча чыгып курулуптур. Документ боюнча ал жерге 3 кабаттуу ресторан эмес, 1 кабаттуу үй курулушу керек экен. Аны сүрдүрөбүз деп прокуратура сотко берген. Бирок эмнегедир сүрдүрүүдөн коркуп коюшту, сот “сүрдүрбөй эле койгула” деп чечим чыгарып бериптир. Мыйзамсыз турат дагы деле. Карабайсызбы эми, көрсөтүп берип жатсаң да... Сөзсүз мен барып чечишим керек да (күлүп).

– Бул иштин мүнөзүңүзгө таасири тийдиби? Агрессивдүү болуп калган жоксузбу?

– Уктасам деле, ойгонсом деле ушул долбоор. Башында коркутуп-үркүтүүлөр да болуп турчу, азыр мага сүйлөгөндөн коркуп калышты. Ушул коркуткандарга түшүнбөйм, биз ишкерлерге каршы эмеспиз да. Тескерисинче, колдоо көрсөтүп жатабыз. Ден соолук чынында кетет экен. Мурдагыдан ачуулуу болуп калдым. Колдоо көрсөтпөй, тиги депутат эжебизге окшоп каршы чыккандар бар. Парламентте отургандар өзүнүн эл өкүлү экенин унутпашы керек. Ал бизге мамлекеттик деңгээлде каршы чыгып жатат да. Ак үйдөн сүйлөнгөн сөз жөн сүйлөнбөшү керек.

– Бир берүүнү тартуу учурунда сабалыптырсыз...

– Москва районунда бир мал союучу жай бар экен. Жарандар бизге “арам өлгөн малдын этин сатып жатышат” деп кайрылышкан. Киргенде эле камераны кармап, ары-бери сүйрөштү. 20 чакты касапчы балдар турган, эшиктерди жаап, мени камап алып сабашты. “Сайып салайынбы” деп бычак такашты. Эч нерсе кыла алган жокмун, өлүп калат окшойм деп ойлогом. Бирок эптеп аман-эсен чыктым. Телефондорубузду да алып коюшкан, милицияга чала алган жокпуз. Ошол жерде ары-бери өтүп жаткандардын бири да милицияга чалып койгон жок. Флешкаларыбызды тартып алышты. Телефондорубузду кайра бергенде милиция чакырдык, арыз жаздык. Соттон алар 20 миң сом айып пул төлөп кутулуп кетишти.

– Эл арасында сиздерге карата “жалданып иштешет, акча төлөп чакырсаң бара берет” деген сөздөр бар. Сиздин жооп?

– Бизди элибиз, керектөөчүлөр жалдайт. Былыгын жашырыш үчүн акча сунуштагандар болот. Андайда “ошол акчаны андан көрө ашканаңызды же дүкөнүңүздү оңдоого жумшап коюңуз, эмкиде келип кайра тартып кетем” дейм. Эң көбү 3000-4000 доллар пара сунушташкан.

– Көчөдөн көрүп таанып, ыраазычылык билдиргендер болобу?

– Аябай көп. Артымда ушунча адам ишенип, мага үмүт артып турса, кантип бирөөдөн акча алып оозумду жаап калайын?

– Бул долбоор сиз үчүн да саясатка алпарчу жол эмеспи?

– Жок, андай оюм жок.

– Маегиңизге рахмат. Ишиңизге ийгилик!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1056, 3-9-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан