ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 13-марттан 19-мартка чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Адамдар менен мамиле түзүүдө этият болуңуз. Жеке жашооңуздун чоо-жайын чала тааныш адамдарга айтпаңыз. Өзүңүз тууралуу жагымсыз ушактарды угасыз, бирок аны этибарга албаганга аракет кылыңыз. Бардык сырдуу жана табышмактуу нерселерге кызыгуу күчөйт. Мезгил алмашканына байланыштуу муундун өнөкөт оорулары козголушу мүмкүн, жылуу кийинип жүрүңүз. Алышып-беришип жүргөн катыштардын санын кыскартууга туура келет.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Өнөктөштүктөгү жакын адамыңыз же жумуштагы кесиптешиңиз менен маанилүү келишимге жетише аласыз. Мүмкүн, никедеги өнөктөшүңүз сизге жакшы кабар айтып, биргелешкен пландарыңызга оң таасирин тийгизет. Достук кечелерге барып, романтикалык таанышуу үчүн ыңгайлуу учур. Бизнесте накталай акча менен иштөөдө этият болуңуз, акча жоготуу же уурдатуу коркунучу жогору. Материалдык зыян жана кошумча чыгымдар болушу мүмкүн.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Күч-аракетиңизди ар кайсы багытта сынап көргөнүңүз жакшы. Анткени, кандай максаттарга жетүү керектигин аныктоо кыйын болот. Кесиптик ишмердүүлүктө жана таасирдүү адамдар менен мамиле түзүүдө ийгилик коштойт. Окшош күндөрдөн тажап, жашоосунда бурулуш жасагысы келген адамдар кошумча өнөр өздөштүрүп же чет өлкөгө иштеп келишсе болот. Бойдоктор өмүрлүк түгөйүн тандоодо шашпаганы оң, күткөндү билген адам гана чыныгы сүйүүгө жолугат.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Онлайн баарлашууда активдүү болосуз, чөйрөңүз кеңейип кызыктуу адамдар менен мамиле түзгөнгө жетишесиз. Бойдоктордо романтикалык мамиле курууга 100 пайыз жакшы шарт түзүлөт. Тайманбай, сүрдөбөй ташталган кадам ийгиликтүү болорун унутпаңыз. Бөйөн мырзаларга репутациясын коргоо үчүн, мыйзам өкүлдөрү менен курч диалог жүргүзүүгө туура келет. Дем алыш күндөрү көңүл ачуучу жайлар, клубдарга баруудан алыс болуңуз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Туугандарыңыз же тааныштарыңыз көйгөйгө туш болуп, сиздин жардамыңызга муктаж болушу мүмкүн. Аптанын дагы бир кызуу темасы – өнөктөшүңүздүн мүлкү жана каржысы. Эгерде сиз үй-бүлөлүү болсоңуз, анда сүйүктүү адамыңыздын материалдык үнөмдөөлөрү сиздин активдүү талкууңузга айланат. Балким, бул мезгилде жакын туугандар сизге материалдык колдоо көрсөтүп, үй-бүлөнү багуу боюнча чыгымдардын бир бөлүгүн өз моюнуна алышат.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Бийкечтерге бизнес жана никедеги өнөктөшү менен мамилени жөнгө салуу сунушталат. Сизди көптөн бери түйшөлткөн курч маселелерди талкуулоо үчүн ыңгайлуу учур. Үй-бүлөлүк мамилелер гүлдөп, сүйүктүүңүздүн жаңы тарабы ачылып, анын жакшы сапаттарын дагы бир жолу баалайсыз. Бул күндөрү жакындарыңыз же досторуңуз менен тойго чакыруу аласыз. Апта ортосунда талаш-тартыштарга же ачык чыр-чатакка барбаңыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Аптада буга чейин кийинкиге жылдырылып келген кайсы бир маселеңизди чечүүгө туура келет. Арыктап, келбетин өзгөртүүнү каалаган айымдар дал ушул аптадан диетасын баштаса жыйынтыгы натыйжалуу болот. Акча маселесинде максатсыз чыгымдарды жасап аласыз. Жакындарыңызга белек тандоодо алардын табити менен эсептешип гана белек сатып алганыңыз туура. Спирт ичимдиктерин ичүүдөн, жаман адаттардан оолак болуңуз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Махабат көлүндө сүзүп жүргөн чаяндарга жылдыздар жагымдуу окуяларды убада кылышат. Жан дүйнөңүздүн романтикалык мамилеге болгон муктаждыгы күчөйт. Өзүңүзгө болгон ишеним жана туура баа берүү алдыга коюлган милдеттерди ийгиликтүү чечүүгө мүмкүндүк берет. Ушуну менен эле токтоп калбай, маселелерге чыгармачылык, фантазия менен мамиле кылуу зарыл. Аптада педагогдук талантыңыз күчөйт, бала тарбиялоодо эргүү менен иштейсиз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Жалгыз калууга убакыт табыңыз, бул акыл-эсиңизди тең салмакка келтирүү үчүн жардам берет. Турмушуңузда бир нерсе өзгөрткүңүз келсе, биринчи өзүңүз өзгөрүңүз, жакын туугандарыңыз жана үй-бүлөңүз менен мамилеңизди оңдоңуз. Ошондой эле энергияңызды үйдү жакшыртууга, аны ыңгайлуу, жайлуу кылуу үчүн жумшаңыз. Эс алуу күндөрү конок чакырып, көп сандагы адамдардын курчоосунда болуу сизге ырахат алып келбейт.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Достор, тааныштар менен баарлашууга муктаждык күчөйт. Балким, сиздин көп нерсеге көзүңүздү ача турган кызыктуу адамды жолуктурасыз. Башкалардын көйгөйлөрүн чечүүгө аралаша аласыз. Баш тартууга болбойт, анткени келечекте пайдалуу боло турган жаңы тажрыйбага ээ болосуз. Мектеп окуучуларынын түшүнүксүз суроолорду тактоо үчүн классташтарынан жана мугалимдеринен жардам издеген аракети натыйжалуу болот.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Материалдык маселелерди чечүү үчүн жагымдуу жагдай түзүлөт. Кирешеңизди көбөйтүп, бардык пландуу тапшырмаларды аткара аласыз. Кыймылсыз мүлккө байланыштуу документ иштерин юристтин тыкыр көзөмөлү астында бүтүрбөсөңүз, шылуундардын тузагына илинип калышыңыз мүмкүн. Эгер кайсы бир ишти баштоого көңүлүңүз чаппай турса, баштабаңыз, күмөн ойлор менен башталган иш ийгиликтүү болбойт.


БАЛЫК (20.02-20.03

Сырткы келбетиңиздин жана ички дүйнөңүздүн үстүнөн иштөөгө туура келет. Башкысы ички сулуулугуңуз сырткы сулуулугуңузга дал келиши керек. Интеллектуалдык жөндөмүңүз жогорулап, жашоого болгон мурунку көз караштарыңызды кайра карап чыгууну чечесиз. Өзүңүздүн каталарыңыздын үстүнөн иштөөгө жакшы шарт түзүлөт. Кайсы бир окуяга баа берүүдө объективдүү болуңуз, сиз берген баадан көп нерсе көз каранды болушу мүмкүн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1057, 10-16-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан