ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 27-марттан 2-апрелге чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Козголоңчул мүнөзүңүз ойгонот. Кимдир бирөө эркиндигиңизди чектөөгө же жеке ой-пикирин таңуулоого аракет кылса, сиз чыдабайсыз. Мындан улам жогорку даражалуу адамдар менен чыр-чатак чыгышы мүмкүн. Үй-бүлөдө талапчыл ата-энелер балдарынын да каалоосу менен эсептешкени туура. Тааныштар чөйрөсүн кеңейтүүгө, туугандар жана достор менен достук мамилени калыбына келтирүүгө ылайыктуу учур.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Үй-бүлөлүк мамилелерди бекемдөөгө жана турукташтырууга ыңгайлуу убакыт. Психологияга кызыккандардын да илим үйрөнүүсүндө ийгиликтер болот. Адамдардын аракеттерин жакшылап түшүнүп, алардын мурун жасаган жоруктарынын себептерин биле аласыз. Интеллектуалдык жана чыгармачылык жөндөмүңүз жогорулайт. Саякатка чыгуу жана мыйзам өкүлдөрү менен байланышуу үчүн жакшы убакыт эмес.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Маселе чечүүдө сизге көбүрөөк пайдалуу жолдорун таба аласыз. Ишкерлер, максатына жетүү үчүн эч нерседен тайманбаган өжөр эгиздер ийгиликти багынтышат. Сүйүү майданында тынч мезгилди өткөрөсүз, олуттуу өзгөрүүлөр болбойт. Жумушта сизди кандайдыр бир жамааттык иш-чарага катышууга чакырышат. Ал жакта пикирлеш адамдарды жана досторду табуу мүмкүнчүлүгү кеңейет.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Өнөктөштүк жана сүйүү мамилелери жакшырат. Үй-бүлөлүк мамилелерде чынчылдык, ишенимдүүлүк сыяктуу сапаттар өзгөчө мааниге ээ болот. Сүйүктүүңүздү ата-энеңиз менен тааныштыруу, эгер жактырып жүрсөңүз сезимиңизди билдирүү, көпкө мамиле кургандар үлпөт тоюн пландоо сыяктуу олуттуу маселелерди талкууласа болот. Жумушуңузда өзгөрүүлөр болот, жетекчилик кызматтарда кадрдык өзгөрүүлөр пландалууда.


АРСТАН (23.07-23.08)

Үйүңүздү жакшыртып, материалдык жана күнүмдүк маселелерди чечүү үчүн көп убакыт жумшайсыз. Жакындарыңыздын бири сыркоолоп сиздин жардамыңызга муктаж болушу мүмкүн. Жумушта адилетсиздик менен күрөшөм деп жетекчиликке жакпай каласыз, бардык өзгөрүүлөргө даяр туруңуз. Туура тамактанууну пландап жатсаңыз эринбей баштаңыз, көптөгөн оору козгоочу себептерден арыласыз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Бардык талаштуу маселелер боюнча өнөктөшүңүз менен бир пикирге келе аласыз, андыктан курч темаларды талкуулоодон коркпоңуз. Сүйүктүү адамыңыздын пикирин угуп, ийкемдүү мамиле түзүүгө аракет кылыңыз. Үйдө тиричилик техникасы бузулуп калса, көйгөйдү өзүңүз чечүүгө аракет кылбаңыз. Бойдоктор жаңы сүйүү мамилесин курууда абайлаганы туура, аларды кайсы бир адамдар өз кызыкчылыгына пайдаланып кетиши ыктымал.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Үй-бүлөдөгү өнөктөшүңүздүн аракети сиздин кыжырыңызга тийип, өзүңүздү чоң урушка даярдап жаткандай сезим болот. Никедеги жүрүм-турум эркиндиги, жоопкерчилик темасында курч талкуулар орун алат. Ошондой эле бул мезгилде туристтик саякаттарга чыга аласыз. Кесиптик ишмердүүлүк үчүн апта жакшы шарт түзөт. Каржылык мүмкүнчүлүктөрүңүз жогорулап, үй-бүлөңүзгө керектүү сатып алууларды жасайсыз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Сизге романтика тартуулаган жагдайлар көп болуп, сүйүктүү адамыңыз менен баарлашуу жагымдуу гана эмес, пайдалуу да болот. Жалпы кызыкчылыктарды, ошондой эле чыгармачылыгыңызды колдонуу жолдорун таба аласыз. Балалуу чаяндар өздөрүнүн педагогикалык таланттарын ачып, бала тарбиялоодо туура ыкманы табышат. Бул мезгилде чаяндар ден соолугуна көбүрөөк көңүл бурушу керек. Иммунитеттин төмөндөшүнөн улам суук тийип калышы мүмкүн.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Сүйүктүүңүздүн алдындагы милдеттерден жана жоопкерчиликтен качасыз. Мындай жүрүм-турумуңузду өзүңүз да түшүнбөйсүз, бирок убакыт баарын ордуна коёт. Ашыкча кызганууга, сүйүктүүңүздүн баскан-турганын териштирүүгө жол бербеңиз, ортодо ишеним жашаса гана мамилеңиз сакталат. Ата-эне, бир туугандарыңыз менен мамилеңиз жакшырат. Кирешеңиз көбөйүп, шартыңызды жакшыртууга мыкты мүмкүнчүлүк түзүлөт.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Келечекке карай план түзүү менен алек болосуз. Көптөн бери жолуга элек туугандарыңыз менен жолугушуу кечесин уюштурсаңыз болот. Бойдоктор башаламан мамиле курууну токтоткону жакшы, анан да “жүрөк бирди, көңүл миңди сүйөт” деген кепке ынанып, тандооңузду эртерээк жасаганыңыз оң. Абитуриенттер кесип тандоодо ата-энеси менен кеңешип жыйынтык чыгарышканы туура. Карыз алуу жана берүү сунушталбайт.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Көп убактыңызды саякаттоого жана башка адамдар менен баарлашууга жумшайсыз. Айрым досторуңуз сизди керексиз долбоорлорго тартууга аракет кылышат. Мындан улам энергияңызды көптөгөн керексиз майда нерселерге чачып башташыңыз мүмкүн. Аптаңыз натыйжасыз өтпөшү үчүн бирөөгө курал болуудан сак болушуңуз керек. Сизди тынчсыздандырган маселелерди чечүүгө жардам берген адам менен таанышасыз.


БАЛЫК (20.02-20.03

Өзүңүздөн улуу, тажрыйбалуу адамдардын кеңеши менен иш баштасаңыз жумушуңуз натыйжалуу болот. Философиялык темаларга кызыгууңуз күчөйт. Балким, кандайдыр бир илимди тереңирээк билүүгө кызыгууңуз артып, саякаттоону каалайсыз. Каржылык чыгымдарды азайтыңыз, мисалы, сатып алууларды керектүү жана керексиз деп бөлүп алсаңыз туура болот. Документ иштерине байланыштуу маселеңиз оңой чечилет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1059, 24-30-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан