КАРЫЗ – ИШТЕРМАНГА СТИМУЛ, ЖАЛКООГО СТРЕСС

Адамдын барчылыкта же карызга батып жашоосу кирешенин деңгээлинен гана эмес, психологиялык жана эмоционалдык факторлордон да көз каранды дешет психологдор. Макалада карыз, анын адамдын жашоосуна тийгизген таасири тууралуу айтып беребиз. Карызсыз жашоо мүмкүн.

Чолпон Сманова, психолог: “Карыз алуу энергияны соруп, стресс жаратат”

– Карыз – бул каржылык тешик. Адам андан чыга албай, биринен кутулса, экинчисин алып, же биринчи карызын жабам деп 2-3 адамдан карыз алганы – карыздын баткагына түшүп калганы. Жөнөкөй мисал. Сиз бир досуңузга 1 айга карызга акча бергенсиз, бирок андан 1 айдан кийин да, 6 айдан кийин да кайтарып ала алган жоксуз. Мындайда ал досуңузга аябай ачууланасыз, бул нормалдуу көрүнүш. Ушул учурда сиздин энергетикалык талааңыздагы энергия агып өткөн тилке тешилип калат. Бул тешик сиздеги кирешенин энергиясын бууп коюшу мүмкүн. Демек, карызыңызга көп басым жасап энергияңызды текке кетире бербеңиз. Сиз карыз алган учурда да ушундай абал кайталанат. Карыз экениңизди ар бир мүнөт сайын ойлонбосоңуз да, аң-сезим түпкүрүндө ал дайыма турат жана сизди кыжырдантат. Карыз алуу бизнесте гана жакшы, эгер сиз алган сумманы пайыздары менен кошо төлөй алгыдай болсоңуз. Башка учурда бул энергияны сорот, стресс жаратат жана көп иштөөнү талап кылат.

“Мүмкүнчүлүккө жараша жашаганды үйрөнүү керек”

– Карыз алуу адаты кайдан келип чыгат? Кептин баары маркетологдордун жарнамасына жем болууда. Кооз жашоо же куру намыс үчүн адам кереги жок нерсеге карыз алат. Башкалардын акчасына өзүбүздүн мүмкүнчүлүгүбүздөн тышкары жашоо-шартын сатып алабыз. Бул учурда адам чоочун жашоону сатып алып жатканын эстен чыгарбашы керек, ал үчүн кайсы бир күнү мээнет менен тапкан акчаңызды берүүгө туура келет. Андыктан мүмкүнчүлүгүңөргө ылайык жашаганды үйрөнгүлө. Эмне үчүн биз көбүрөөк акча тапкандан көрө, карыз алууну артык көрөбүз? Анткени мээ жөнөкөй иш-аракеттерди жасоого көнүп калган. Карыз алган учурда адамда “эртең” деген сезим пайда болот. Көйгөйдүн заматта башка бирөөлөрдүн акчасына чечилип жатканына сүйүнүп, кооптонууга негиз жок деген ой жаралат. Бул – карыз алган адам балалык ой жүгүртүү менен жашайт дегенден кабар берет, каржылык сабаты төмөн.

“Карыз мээнеткеч адамдарга стимул берип, жалкоолорду жейт”

– Таасирдин эки түрү бар. Айрым адамдар жашоосун жакшыртуу үчүн (үй, автоунаа сатып алуу, короосун оңдоо, билим алуу) карыз алышат, алар муну аң-сезимдүү түрдө жасашат. Карызды төлөш керектигин түшүнүп, көбүрөөк акча табууга умтулушат. Көбүнчө табиятынан абдан активдүү адамдар ушундай аракет кылышат. Алар үчүн карыз кандайдыр бир кыймылдаткыч күч, мотивация болуп саналат жана бул алардын киреше агымына оң таасирин тийгизет.

Дагы бир типтеги адамдар бар, аларга карыз алууга болбойт. Алар келечегин ойлошпойт, жоопкерчилиги төмөн. Эмнени каалап жатканын жана кайсы муктаждыктары чындап маанилүү экенин түшүнүшпөйт. Карыз ушундай адамдардын киреше агымына терс таасирин тийгизет. Анткени алар бир жолку сатып алуудан кыска мөөнөткө ырахат алышып, ал эми карызды узак убакыт бою төлөшөт, кредит алышса жогорку пайыз менен төлөөгө аргасыз болушат. Мындай адамдар эмгекке болгон стимулун жоготот, анткени алган айлыгын карызын төлөөгө жумшап, ишке каалоосун жоготуп коюшат.

“Коркпой карыздын суммасын эсептеп чыгыңыз”

– Сизди каржылык каатчылыкка кептеген жашоо образын өзгөртүшүңүз керек. Жалпы карызыңыздын суммасын эсептеп чыгыңыз. Канча карыз экениңизди моюнга алууда коркуу сезими болот, ага туруштук берүү зарыл. Карыздын көлөмүн эсептөө аны менен бетме-бет кездешүүгө шарт түзөт. Карыз төлөөнү эң азынан баштаңыз. Сизге керексиз, бирок башкаларга керек боло турган буюмдарыңызды сатыңыз. Карыздардын тизмесин түзүп алгандан кийин аздан болсо да баарына тегиз берип туруңуз. Бул – иштин жылганы, сиз карыздар болгон адамдын да кабатырлануусун жайлатып, ишеним жаратат. Сизге карыз берген адам чалса телефонду өчүрүп, дайынсыз кетүү шектүү ойлорду эки эсе күчөтөт. Андыктан аны менен дайыма байланышта болуп, каржылык абалыңызды түшүндүрүп туруңуз.

“Байкуш көрүнүп карыз сураган адамга карыз бербеңиз”

– Карызды белек кылып коё ала турган, кайтарымын күтпөгөн адамдарга бериңиз. Досуңузга карыз бериңиз, эгер байкуштун образында эмес, бизнес идеясын ишке ашыруу же пайдалуу бир ишин бүтүрүү үчүн сураса. “Жегенге эч нерсем жок, жардам бер, мен бактысызмын” деп байкуштун беткабын кийген таанышыңызга карыз бербеңиз. Сиз бул учурда аны куткаруу үчүн эмес, өзүңүздүн кыйындыгыңызды далилдөө үчүн берип жаткан абалда болосуз.

Светлана Шералиева, психолог: “Карыздан башы чыкпаган адамдар-өзөгү жок, пайдубалы түптөлө элек”

– Карыздан башы чыкпаган адамдарды психологияда “кичинекей баланын аң-сезими менен жашагандар” деп коюшат. Пайдубалы жакшы түптөлө элек, сыноого даяр эмес, өзөгү жок жарандар. Экинчиден, дайым насыя, карыз алып жашаган үй-бүлөдөгү балдардын аң-сезиминде ошондой сүрөттөмө калыптанып, “ушунтип жашаш керек тура” деп карыз алууну кадимки көрүнүш катары кабыл алып калышы мүмкүн. Бул жакшы эмес.

Султанали Гапуров, муфтияттын Фатва бөлүмүнүн башчысы: “Карызды кыйын кырдаалдарда гана алыш керек”

– Куранда эң узун аяттын эң узун сүрөсү карыз маселесине арналган. Эгер карыз чын эле муктаж адамга берилсе, карыз берген адамдын сообу садака берген адамдыкынан да жогору турат. Бирок ал берген акча адал иштерге жумшалышы керек. Мисалы, жакыны ооруп жатса. Мусулмандар карызды оор кырдаалда, карыз албастан чыгууга мүмкүн болбогон учурларда гана алганы туура. Шариятта “карыздан сактангыла! Карыз - түн ичиндеги кайгы-муңдун, күндүзгү убактагы кор болуунун себеби” деп айтылат. Карыз алып жатып адам карызды убагында же андан эртерээк кайтарып берүүгө ниет кылышы керек. Ушундай учурда Кудай ал адамга өзү жардам берет. Пайгамбарыбыз бирөөдөн карызга тамак алып, ордуна темир соотун таштап кеткен экен. Бул – келишимдин эң даанышман чечими. Карызы бар адамдын садака берүүгө, ажылык сапарга барууга жана башка кайрымдуулук иштерин жасоого укугу жок. Анткени хадистерде “карызы бар жана үй-бүлөсү жакырчылыкта жашаган адамдын кайрымдуулугу кабыл болбойт” деп айтылат.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1059, 24-30-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан