ТАМАКТЫН ОРДУН БАСКАН ПИРОГДОР

Эттүү пирог

Керектелүүчү азыктар:

Ун – 2 жарым стакан

Жумуртка – 1 даана

Өсүмдүк майы – 1 аш кашык

Ачыткы – 10 грамм

Туз, кумшекер – 1 чай кашыктан

Суу – 250-300 миллилитрТолтурмасы үчүн:

Фарш – 450 грамм

Пияз – 1 баш

Болгар калемпири – 1 даана

Капуста – 100 грамм

Петрушка же укроп – каалоого жараша

Туз жана татымалдар – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Кол күйбөгүдөй сууга туз, кумшекер жана ачыткыны салып эритип алабыз. Ага май менен жумуртканы кошуп дагы аралаштырабыз. Акырында унду кошуп жумшак камыр жууруйбуз.
Жылуу ороп ачыганча күтөбүз.

2. Ага чейин толтурмасын даярдайбыз. Жашылчалар менен укропту бир аз чоңураак туурап, аларды фаршка кошуп, татымалдарды себелеп аралаштырабыз.

3. Ачыган камырды экиге бөлөбүз. Бири чоңураак болушу кажет. Алгач аны 0,5 сантиметр калыңдыкта жайып, майланган табага төшөйбүз. Жайым табадан ашып турушу керек. Ичине аралашманы тегиз салып, үстүн экинчи жайым менен жабабыз. Астынкы-үстүнкү камырды бириктирип бүйрүп чыгып, үстүнө жумуртканын сарысын сүйкөйбүз. Пирогдун үстүн вилка менен ар кайсы жеринен сайып коёбуз, болбосо жарылып кетет.

4. Пирогубуз 180 градуста ысып турган электр мешинде 45-50 мүнөттө бышат. Тоюмдуу, эттүү пирогубуз даяр!

Куйма пирог

Керектелүүчү азыктар:

Ун – 2 стакан

Жумуртка – 2 даана

Айран же каймак (сметана) – 300 грамм

Сода – 1 чай кашык

Туз – 1 чай кашык

Толтурмасы үчүн:

Жумуртка – 5 даана

Көк пияз – 2 боо

Өсүмдүк майы – 3 аш кашык

Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Айранга же каймакка соданы кошуп аралаштырып 15 мүнөт
коё турабыз. Бул убакта реакция жүрүп, камырдын көбүшүнө жардам берет. Андан соң туз менен жумуртканы кошуп аралаштырып, үстүнө аз-аздан унду элеп бирдей массага келгиче чалабыз.

2. Көк пиязды жууп, майда туурайбыз. Ал эми жумуртканы алдын ала сууга 3-4 мүнөт кайнатып бышырып алуу кажет. Аарчып, төрт чарчы туурап чыгабыз. Буларга май жана тузду кошуп аралаштыруу керек.

3. Бул пирог үчүн электр плитасынын табасы кичигирээк болгону жакшы. Ага пергамент кагазын төшөп, суюк камырдын жарымын куябыз. Үстүнө толтурманы салып, кайрадан калган камырды куябыз. 180 градуста ысып турган электр мешине салып 25-30 мүнөт коюп бышырабыз. Тамакка тете пирогубуз алдыңызда!

Сыр жана козу карындан пирог

Керектелүүчү азыктар:

Ун – 1,5 стакан

Каймак май – 100 грамм

Жумуртканын сарысы – 1 даана

Муздак суу – 3 аш кашык

Туз – 2 чымчым

Толтурма үчүн:

Козу карын – 250 грамм

Пияз – 2 баш

Жумуртка – 2 даана

Кам каймак (сливки 20%) – 0,5 стакан

Каймак май – 50 грамм

Каалоого жараша татымалдар – 2 чай кашык

Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Эленген унга туз, каймак майды салып үбөлөп чыгабыз. Өзүнчө идишке жумуртканын сарысы менен муздак сууну кошуп чалып алабыз да, ундун үстүнө куюп камыр жууруйбуз. Аны тоголоктоп 30 мүнөткө муздаткычка сала туруу кажет. Анан алып чыгып кичигирээк электр табасына капталын чыгарып төшөйбүз. 180 градуста ысып турган электр мешине 15-20 мүнөт коюп алдын ала бышырып корж даярдайбыз. Табасынан чыгарбоо керек.

2. Көмөч казанга каймак майды салып эритип, жарым шакекче болуп тууралган пиязды салып капкагын жаап, жай отто аралаштырып кууруйбуз.

3. Козу карынды жууп, тазалап узун бөлүктөргө бөлөбүз да, пияздын үстүнө салып, туз, татымалдарды себелеп аралаштырабыз. 15-20 мүнөт кууруу керек.

4. Бир идишке кам каймак менен жумуртканы салып, туз кошуп чалабыз.

5. Коржубузга алгач куурулган козу карындарды тегиз салып, үстүнө чалынган кам каймак менен жумуртканы куябыз. 180 градуста ысып турган электр мешине 20 мүнөткө коюп бышырабыз. Пирог бир аз муздап калганда дасторконго суна берсеңиз болот.

Шпинат жана брынзадан пирог

Керектелүүчү азыктар:

Сыр менен козу карын пирогуна колдонулган камыр

Толтурмасы үчүн:

Шпинат – 2-3 боо

Брынза же сулугуни сыры – 200 грамм

Катуу сыр түрү – 120 грамм

Жумуртка – 2 даана

Каймак – 100 грамм

Туз, татымалдар – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Сыр менен козу карын пирогундагы ыкма менен корж даярдап алабыз.

2. Шпинатты майдалап, ага төрт чарчы тууралган брынза же сулугуни сырын, сүргүчтөн өткөрүлгөн катуу сырды кошуп, үстүнө 1 жумуртканы чегип аралаштырабыз. Буларды коржго тегиз салабыз.

3. Калган 1 жумурткага каймакты кошуп, туз, татымалдардан салып бирдей массага келгиче чалып, шпинаттын үстүнө куябыз. 180 градуста ысып турган электр мешине 30 мүнөткө салып бышырып алабыз. Шпинат этке тете делген, бирок жеңил сиңүүчү азык. Ошондуктан бул пирогду кайсы убакта болбосун жесеңиз да сиңимдүү болот.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1059, 24-30-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан