АДАМ ӨЛҮМҮНӨ АЙЫПТАЛГАН ТАКСИСТ ЖАЗАДАН КУТУЛУП КЕТЕБИ?

Үстүбүздөгү жылдын январь айында Миргүл Айткулова аттуу жаранды автоунаа сүзүп кетип, жабырлануучу 3 күндөн кийин каза болуп калган. Аны сүзгөн таксист сот чечими менен жакында үй камагына чыгып кеткени маалымдалды. Маркумдун кызы Сауле Айткулова “адам жасаган кылмышы үчүн мыйзамдуу жоопкерчилик тартпаса, ал өңдүү кылмыштар кайталана берет. Апамды сүзүп өлтүргөн кылмышкер катаал жаза алышын талап кылып адилеттик издеп жүрөбүз” деп редакциябызга кайрылды.

“3 күн ооруканада жатып көз жумду”

- Кырсыктан каза болгон апам Миргүл Айткулова 50 жашта болчу. Ден соолугу үчүн күндө эрте менен чуркайт эле. 2023-жылдын 30-январь күнү эрте менен Бишкектин Тыныстанов-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырактын жашыл жарыгында өтүп баратканда аны Honda Fit үлгүсүндөгү унааны айдап бараткан Камылжан Маматов аттуу таксист сүзүп кеткен. Кырсыктын видеосун көрдүм, апамды сүзгөндөн кийин айдоочу 2 мүнөттөй унаасынан чыккан эмес. Апам болсо жол четинде жатат... Анан унаасынан шашпай түшүп апам жаткан тарапты бир карап коюп, кайра унаасын көздөй басып кеткен. Унаасынын кайсы жери сынган-сынбаганын тегеренип карап жүрөт... Ушундай кайдыгер адамды биринчи жолу көрүшүм. Сүзүп кеткенден кийин чуркап барып апама жардам көрсөтүшү керек эле да. Апам ушул окуядан 3 күндөн кийин Бишкекте №4 шаардык ооруканада жан берди. Соттук-медициналык экспертиза денесинен оор жаракаттарды алган деп тыянак чыгарды. Анын өлүмү биздин үй-бүлөнүн жүрөгүн сыздатты. Иним экөөбүз апасыз калдык. Апам биздин жалгыз таянар тообуз эле, бизди окутуп, турмушка бышырды. Ушул жылы үй-бүлөбүз менен саякатка чыгалы деген пландарыбыз бар болчу. Апам көп жылдар бою Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчилигинде эмгектенип, мигранттарга арнап китеп да жазган. Жоопкерчиликсиз, жол эрежелерин билбеген айдоочулардын айынан биз сыяктуу жакындарын жоготкон адамдар көп экен. Жол чырактын кызылынан өтүп келип адамды сүзгөн айдоочу мыйзам алдында жоопкерчилик тартышы керек, бирок аны үй камагына коё беришти. Сот отурумунун күнү белгилене электе эле анын унаасы айып аянтчасынан чыгарылыптыр. Таксист аны ижарага алып айдачу экен.

“Шектүүнүн жакындары кечирим сурашкан жок”

- Апамды сүзгөн айдоочу Камылжан Маматов 60 жашта. Азыр ал эркиндикте. Свердлов райондук сотунун судьясы айыпталуучуну үй камагына негизсиз бошотту деп эсептейбиз. Маматов өзү айыпталып жаткан кылмыштын оордугун, анын артындагы трагедияны такыр түшүнгөн жок! Биз шектүүнү камактан бошотпоо боюнча Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз жаздык. Кыргызстанда мыйзамдар жакшы иштебегендиктен таксист жазадан кутулуп кетиши мүмкүн деп кооптонуп жатабыз. Анткени бизде маселени акча, тааныш-билиш аркылуу чечүү маданияты калыптанып калган. Кылмышка шектүүлөрдүн достору жана жакындары аны жазадан куткарууга жардам беришет. Биздин окуяда да маселе жең ичинен чечилип кетпесин деп президентибиз Садыр Жапаровго кайрылууга аргасыз болдук. Шектүүнүн жакындары кырсыктан кийин бизден кабар алган да, кечирим сурашкан да жок. Айдоочу жол эрежесин одоно бузганын, катуу ылдамдыкта келатып жол чырактын кызыл жарыгынан өтүп кеткенин сот отурумунда моюнуна алды. Биз аталган кылмыш ишин Кылмыш жаза кодесинин 312-беренесинин 3-бөлүмү боюнча Биринчи Май райондук сотунда кароо өтүнүчү менен кайрылдык. Жарандар жол чырактын жашыл жарыгында өтпөй анан качан өтүшү керек? Качанкыга чейин эреже бузуп, жол кырсыгында адам өмүрүн кыйган айдоочулар суудан кургак чыгып кете беришет?

Бишкек шаардык соту: “Шектүү 1 айга үй камагына чыгарылган”

- 2023-жылдын 3-февралында Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан айыпталуучу М.К.ны (ред.: Камылжан Маматов) 2023-жылдын 20-февралына чейин камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы колдонулган. 2023-жылдын 15-февралында шектүүнүн өздүгү жана жашаган жери аныкталганы, окуя болгон жерден качып кетпегени, мурда соттолбогондугу, жашы, ден соолугунун абалы эске алынып, баш коргоо чарасы 2-мартка чейин “үй камагына чыгаруу” деп өзгөртүлгөн. 1-март күнү кылмышка шектүүнүн үй камагындагы мөөнөтү дагы бир айга узартылды.

Шердор Абдыкапаров, адвокат: “Үй камагына чыгуу - жазадан кутулуп кетүү эмес”

- Жол кырсыктарына байланыштуу кылмыш иштеринде көбүнчө этиятсыздыктан улам адамды өлүмгө жеткирүү беренеси коюлат. Ал эми ден соолугуна канчалык зыян келгенин медициналык экспертиза аныктап тыянак чыгарып берет. Биздин өлкөдө жол кырсыктары үчүн жаза бир топ жеңил десек да болот. Жакында гана жол эрежесин бузгандар үчүн айып пулдар көтөрүлдү, 3 жылга унаа башкаруу укугунан ажыратуу, 5 суткага камоо сыяктуу олуттуу жазалар кирди. Мындай нормалар жол кырсыктарынын азайышына салым кошот деген үмүттөбүз.

Ал эми жогорудагы окуяга токтолсок, айыпталуучуга Кылмыш жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүмү (байкабастыктан, этиятсыздыктан адамдын ден-соолугуна оор зыян келтирүү) менен кылмыш иши козголуптур, бул берене боюнча күнөөлүү деп табылган жаран 5 жылдан 8 жылга чейин абакка кесилет. Айыпталуучунун үй камагына чыкканы аны жоопкерчиликтен качып кетти дегенден кабар бербейт. Андыктан жабырлануучулар сот иши бүткүчө күтө турганы туура. Эгер айдоочу спирт ичимдигин ичип же баңгизат колдонгондон кийин унаа башкарып, анын айынан адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгына кабылса анда ага оор кылмыш иштери козголот.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1059, 24-30-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан