“БОРДОЛУП ЖАТКАН БУКАЛАР ЖЕМ ЖЕБЕЙ КАЛДЫ, ЭМНЕ КЫЛАМ?”

Эл ичинде үй жаныбарларына, малга байланыштуу суроолор көп. Бул жолу аларга адистен жооп алып берели дедик, мал дарыгери Сапар Таиров жооп берет.

– Бордоп жаткан букалар 5-6 ай болгондо жем жебей туруп калды, жемди кантип жедириш керек?

Азамат Баратов, 29 жашта, Кант шаары

– Мындай учурда бутазал-100 уколун сайыш керек. Анын курамында витамин да бар. Дары ири мүйүздүү малдын карыны менен ичегисин жакшы иштетип, жегендерин сиңирүүгө таасир этет. Бир жолу сайганда жардам бербесе, бир нече күн катарынан сайса болот. Элдик ыкмада 20-30 грамм тамак-аш содасын жемге, же сууга бир аз аралаштырып да берип жүрүшөт.

“Сүтү көп болушу үчүн бооз уйду кантип багуу керек?

– Тууй турган уйдун сүтү көп болушу үчүн кантип багуу керек? Же сүттүн аз же көп болушу уйдун породасына эле байланыштуубу?

Бекзат Казат уулу, 32 жашта, Токмок шаары

– Сүтү көп болушу үчүн бооз уйду алгачкы 6 айда жакшы, калган 2 айда орточо багуу керек. Болбосо курсактагы баласы чоңоюп кетип, тууганда кыйналат. Акыркы 1 айда кайра жакшылап багуу талапка ылайык. Анткени желининдеги сүт каналчалары кеңейип, желин чоңоюп, сүттүн көп чыгышыга шарт түзүлөт. Желинин массаждап турса да сүтү көбүрөөк болот.

“Торпоктун мүйүзүн эмнеге күйгүзүш керек?”

– Эмнеге жаңы туулган торпоктордун мүйүздөрүн күйгүзүү зарыл, өстүрө берсе болбойбу? Күйгүзүш үчүн эмне дары керек?

Алимухтар Ороз уулу, 31 жашта, Баткен облусу

– Торпоктордун мүйүзүн күйгүзүү Европада кеңири колдонулган ыкма. Анткени мүйүзү жок учурда бири-бирин сүзсө эти катуу оорубайт. Кийин сүзүшүүдөн улам бала салуу коркунучу азыраак болот. Анын үстүнө уйдун жеген жем-чөбүнөн алган кальцийдин көбү өсүп жаткан мүйүзгө кетет. Мүйүзү жок болсо кальций сөөккө гана бара баштайт.

Музоо туулгандан 7-10 күн аралыгында антикорн деген паста менен мүйүзүн күйгүзсө болот. Музоонун башын сыйпаласа мүйүздүн учу бир аз билинет. Ошол жерге сыйпап, бир жерге кашынып пастаны кетирип салбашы үчүн 30 мүнөт кыска байлап коюш керек. Мүйүз карт болуп кийин түшүп калат. Паста колду күйгүзүп кетет, резина кол кап кийүү шарт.

“Кочкорду жүгөрү менен семиртсе болобу?”

– Кочкор багып, семиртип сатуу менен алектене баштадым. Жүгөрү, кебек менен семиртүүгө болобу?

Манас Талас уулу, 39 жашта, Талас облусу

– Учурда айрым фермерлер жүгөрү жана кебек менен семиртүү ыкмасын колдонуп жүрүшөт. Кечинде жүгөрүнүн данын казанга салып, үстүнө суу куюп кайнатышат. Суу жүгөрүнү көмгөндөн тышкары 4-5 элидей ашыкча болушу зарыл. Кайнагандан кийин отту тартып, дымдап коюшат. Жүгөрү бышат. Эртең менен кебекке аралаштырып бере берсеңиз болот. Мисалы, 5 сузгуч жүгөрүгө 2 сузгуч кебек кошулат. Албетте, бордоп багуу үчүн башка жем-чөп жана витаминдерди да колдонуш керек.

“Козулар эмне үчүн жүн жейт?”

– Бир топ коюм бар. Жаш козулардын айрымдары жүн жешет, ошонун айынан кээде өлүп да калышат. Жүн жегени эмнеден?

Өмүрбек Санжар уулу, 28 жашта, Ош облусу

– Козунун организминде макро жана микроэлементтер, витаминдер жетишпегенде жүн жеши мүмкүн. Койдун жүнүнүн курамында амин кычкылдары, кератин, липид жана башкалар бар. Андыктан организмине жогоруда айтылгандар жетпеген козу жүн жегенди адат кылышы ыктымал. Көп жеп алса ашказаны иштебей өлөт. Жүн жебеши үчүн эң арзан, оңой ыкма – бул балыктын майын берүү. Туулганына 7-10 күн болгон козуларга 5 граммдан, 1 айлыктарына 10 граммдан ичирсе болот. Балыктын майы авитаминоздо жана анын алдын алууда колдонулат. Козунун боюн өстүрөт. Курамында каныккан май кычкылдарынан тышкары йод, бром, күкүрт, фосфор жана башкалар бар.

“Жемди көп жеп алган койго кандай дары жардам берет?”

– Бордоп жаткан кой жемди көп жеп алып, жем-чөп жебей калган учур болот. Ошондо эмне дары бериш керек?

Рамил Тойчиев, 43 жашта, Таш-Көмүр шаары

– Андай кезде мал дарысы сатылган жайдан флакондогу сүт кычкылы менен марал кулактын тундурмасын (настойка чемерицы) алып, сууга аралаштырып ичириш керек. Канча өлчөмдө экендиги флакондун сыртына жазылган. Булар ашказанды жакшы иштетет, сиңбеген азыктын сиңишине жардам берет.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1059, 24-30-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан