Айсулуу Алмаз, мекендеш: “КАНАДА – МИГРАНТТЫ ЖЕРИБЕГЕН, КООПСУЗ ӨЛКӨ”

“Колдо бар алтындын баркы жок дегендей, чет өлкөдө жашаганда өз тилиңди, өлкөңдү абдан баалап калат экенсиң”,- дейт учурда Канадада жашаган мекендешибиз, жаш жазуучу Айсулуу Алмаз. Көпчүлүк кызыккан Канада өлкөсү, андагы жашоо өзгөчөлүктөрү тууралуу ой бөлүштү каарманым.

– Айсулуу, өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз. Учурда кайсы шаарда жана кайсы тармакта эмгектенип жатасыз?

– Учурда Канаданын Монреаль шаарында жолдошум жана бир жарым жашар уулубуз менен жашайбыз. Канадага көчүп келгенибизге быйыл 5 жыл болду. Өзүм Ысык-Көлдөн болом, жашым 31де. 2013-жылы Бишкектеги “Ала-Тоо” эл аралык университетинин финансы багытын окуп бүтүргөм. 2011-2012-жылдары студент алмашуу программасынын алкагында 1 жыл Малайзиянын Куала-Лумпур шаарындагы ЖОЖдо бизнес жана бухгалтерия тармагында билим алгам. Окууну бүтүп Бишкекте бир фирмада 1 жылдай аудитор болуп иштедим. 2014-2022-жылдары эл аралык PricewaterhouseCoopers (PwC) фирмасынын Стамбул, Торонто жана Монреаль кеңселеринде аудитор болуп иштедим. Жакында эл аралык укук жана финансы жаатында кызмат көрсөтчү фирманын Монреалдагы кеңсесине финансы адиси болуп ишке орноштум. Жаңы жумушум, кесиптештерим абдан жакты, учурда берилүү менен иштеп жүрөм.

– Канада элинен эмнелерди үйрөнө алдыңыз?

– Канадалыктар абдан жөнөкөй келишет. Колунда бар нерсесине ыраазы болуп бактылуу жашаганды билишет. Жумуштан чоң кызматтагы адистердин бой көтөрбөй, баарынын жөнөкөй жана сылык болгонун көрүп суктанам. Улам ийгиликке жеткен сайын жөнөкөй болуп, дагы да кичипейил болууга аракет кылып жатканы кадимкидей сезилип, көрүнүп турат.

Бирөөнүн тандоосун, оюн дайым сыйлашат. Андан сырткары булар өз кызыкчылыктарына, сөзсүз көңүл бурушат. Жайында жаратылышка көп чыгышат, кышында лыжа тебишет, шаардагы муз аянтчаларында хоккей ойношот. Жумуш убактысы бүткөндө баары сыртта балдары менен ойноп, сейилдеп, чуркап, көнүгүү жасап ден соолугуна кам көрүшөт. Ушулардын баарын жаңы журтташтарымдан үйрөнүп жатам.

– Канада – жер которуп баргандар үчүн идеалдуу өлкө дешет. Канчалык чындыгы бар?

– Чет өлкөгө жаңы жашоо баштайм деп көчкөндөрдүн көбү жаңы коомго, жаңы маданиятка аралаша албай, көнө албай бир топ кыйналышат. Канадада башка өлкөлөргө салыштырмалуу жаңы көчүп келгендерди жергиликтүү калк абдан жылуу кабыл алат. Бул нерсе “мени башка улуттун өкүлү деп жерибейт” деп эркин жашаган ар бир чет элдик көчмөн үчүн маанилүү да. Канаданын көпчүлүк иммиграция программалары билимдүү жаштар үчүн уюштурулгандыктан, көчүп келгендердин көбү жаштар жана жаш үй-бүлөлөр. Андыктан жаңы журтка көнүп, отурукташып калуу оңоюраак жана эмгекчил болсоң карьера жасап, өнүгүп-өскөнгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Канада, мисалы, кошуна АКШга салыштырмалуу кыйла коопсуз. Коопсуздук канчалык маанилүү экенин балалуу болгондон кийин түшүнөт экенсиң. Анан бул нерсе көчүп келген ар бир чет элдик, өзгөчө балалуу үй-бүлөлөр үчүн башкы орунда.

– Көпчүлүк чет жакка бакыт, акча издеп чыгып жатышат. Кыргыз жарандарынын учурдагы журт которуулары жөнүндө кандай ойдосуз?

– Өлкөдөн акча үчүн эле эмес, азыр билимдүү жаштар эл аралык деңгээлде карьера жасап, тажрыйба топтоп, саякаттап, дүйнө кыдыруу максатында да чыгып жатышат. Азыр дүйнө бир бүтүн сымал тез өнүгүп жатат. Бул агым дагы да өнүгүп, көчкөндөрдүн саны мындан ары да көбөйөт. Өлкөбүз канчалык дүйнөгө жакыныраак болуп, дүйнө менен бир багытта өнүгүүнү туура тандап алса, жаркын келечегибиз үчүн оңой чуркамакпыз.

Чет өлкөдө жашаганда өз тилиңди, өз өлкөңдү кадимкидей баалап, мен да кантип салым кошсом деп калат экенсиң. Анан чет жакка багыт алып жаткан жаштарга колдоо көрсөтүп, мамлекеттик деңгээлде башка өлкөлөрдөн окуп, иштеп, тажрыйба топтоп келүүлөрүнө шарттар түзүлсө, өлкөнүн келечеги үчүн баары бир эбегейсиз чоң салым болмок. Анткени ар бир көчмөндүн жүрөгүндө дайым мекени жана кайтып келем деген эли бар.

– Кыргызстанга келип иштөө сунушу түшсө, макул болосузбу?

– Ар бир үй-бүлө бактылуу болсо, өлкө да, коом да бактылуу, күчтүү болот деген түшүнүккө ишенем. Андыктан эртең Кыргызстанга көчүп бара турган болсок да, азыр жасап жаткан ишимди – ар бир үй-бүлөнү агартуу боюнча иштеримди уланта бермекмин.

Айсулуу айым учурда финансы тармагында иштөө менен бирге социалдык тармакта күндөлүктөр баракчасын жарыялап, анда коомдогу актуалдуу маселелер боюнча да ой бөлүшүп келет.

– Кыргызча блог жазып жүрүп эмнени байкадым? Кыргыз улутун, тилин сактап калам деген ойдо бир топ кыргыз бири-бирин социалдык тармактарда кордойт экен. Капа болгонум, мени ушинтип сөгүп кетти деп арданганым жок, болгону коомдун абалына жаның кейийт.

– Сүйлөгөн тилиңден, улутуңдан биринчи эң жөнөкөй адам болгон маанилүү да. Оозуңдан түрдүү, укканды жийиркенте турган сөз чыгып турса, улутуңду, тилиңди колдобой эле - кордогонуң. Менден кийинки муундар кыргызча сүйлөсө, улутум өлбөсө экен деген адам салым кошконду биринчи өзүнөн баштайт.

– Социалдык тармактарда күндөлүктөрүмдү бөлүшүп жүрүп “кыргыз тили дүйнөлүк тил болгондо жашоом алда канча жеңил болмок...” деген сымал кыялдар да көп келчү болду.

– Ойлосом энергия, убактымдын бир тобу улам бир тилди үйрөнүүгө кетиптир. Кыргыз жеринде жашаганыңа карабай орусча билишиң керек, ал да жетпейт, анан университетке келип англисче, түркчө үйрөндүк жан талашып.

– Эгер дүйнө жүзү кыргызча сүйлөгөндө ошол тилдерди окуйм, үйрөнөм деп короткон убакытты кызыккан кесиптик билимге жумшасам азыркы абалымдан алда канча алдыда болот белем деп ойлой берем.

– Азыр канчалаган жаштар IT тармагында иштейм деп программалоо тилдерин үйрөнүп, ага кошуп канчасы англисче окуганга туура келип жатат.

Турсунай Алымкулова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1059, 24-30-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан