Барчынай Өмарбек кызы, блогер: “АНГЛИС ТИЛИН АЙЫЛДА ЖАШАП ДЕЛЕ ҮЙРӨНСӨ БОЛОТ”

Кыялдарга жетүүгө болорун далилдеген дагы бир каарман. Келиндик кызматты да катырып, балдарын карап, үй иштерин жасап жетишет. Буга кошумча интернеттен элге англис тилин үйрөтүүгө аракет кылып жүргөн Барчынай Өмарбек кызы менен баарлаштык.

– Саламатсызбы, Барчынай? Кененирээк таанышып алалы биринчи...

– Саламатсыздарбы? Биринчиден, сиздерге чоң ыракмат, сиздерге интервью берүү мен үчүн чоң сыймык. Учурда 31 жаштамын, 5 бир туугандын улуусу, 6 бир туугандын эң кичүү келинимин (күлүп). Кара-Суу районунун Чайчи айылынын кызымын. Өзгөндүн Лесхоз айылына келин болгом. Учурда айылда жашайбыз, 3 балабыз бар.

– Блогерликке эмнеден улам кириштиңиз?

– Атайын блогер болоюн деп баштаган жокмун. Башында балдарымдын сонун учурларын видео, сүрөттөрдө сактап калуу үчүн социалдык тармактагы баракчама монтаждап киргизе баштагам. Чет элдик англис тили мугалимдеринин баракчаларына жазылып, үзбөй күзөтүп турчумун. Кесибим боюнча англис тили мугалимимин, ЖОЖду кызыл диплом менен бүтүргөм. Турмушка чыккандан кийин шартка байланыштуу иштеген жокмун.

– Англис тилин көрүүчүгө өзгөчө ыкмада үйрөтүү идеясы кантип жаралды?

– Англис тилин үйрөнүүгө 2008-2009-жылдары катуу киришкем. Шаарга жаңы барганда көчөдөгү афишалардагы англисче жазууларды, эшиктердеги “open, close” деген жазууларды жаттап жүрө берчүмүн. Азыр бул сөздөрдү китептен окусам да ошол эшиктер көзгө элестейт. Азыр мен билген англис тилиндеги сөздөрдүн дээрлик 60-70 пайызын кайдан үйрөнгөнүмдү элестете алам. Ошондуктан визуалдык жактан буюмдарды көрсөтүп, кыймыл-аракет жасап үйрөтсөм көпчүлүктүн эсинде жакшы калат дедим. Бир чети турмуш шартка да байланыштуу. Компьютерде отуруп алып, кооздоп видосабак тартууга убактым жок. Иш кылып жатканда видео тартып алышым керек. Англис тилин жашоомо аралаштыруу каалоом, англис тилин унутуп калбайын деген коркунуч мени тынч отургузган жок.

– Блог алпаруу менен кандай жаңы нерселерди үйрөндүңүз?

– Бирөөлөргө комментарий жазганды үйрөндүм (күлүп). Ага чейин бирөөгө комментарий жазып көрбөптүрмүн. Жылуу сөз, жакшы комментарий блог алпарып жаткан адамга канчалык таасир, энергия берерин түшүндүм. Онлайн достошконду үйрөндүм. Чет өлкөдөн, мисалы, Филиппин, АКШ, Германия, Япония, Кытайдан колдоп жазып жатышты. Алардын баары менен байланышып турам. Андан сырткары видео тартканды үйрөндүм. Эң негизгиси, англис тилинде блог алпарып жатып англис тилин мурдагыдан да тереңдеп үйрөнүп жатам.

– Дагы кандай өнөрлөрүңүз бар?

– Бир идея келсе, көк беттенип аягына чыкмайынча тынбайм. Аялдарга күч бере турган нерсе – декреттик өргүү эмеспи, экинчи баламды төрөгөн кезде сумка токуп баштагам. Баламды бешикке бөлөп, бутум менен терметип, колум менен таңкы 4кө чейин сумка токуп отура берчүмүн. Ошол кезде бир эргүү келген экен. Андан башка өнөрүм деле жок. Жалпы аялзаты катары ашканада мыктымын деп айта алам.

– Блогерликтен каражат табасызбы?

– Жок, акча деле таппайм. “Курс сатасызбы?” деп көп сурашат. Курсту сатуу, балдарды окутуу чоң жоопкерчилик. Жарнама жарыялап берем. Аларды да иргеп алам, көпчүлүк учурда контентиме туура келбегендиктен баш тартам. Блогер болуп жеткен эң чоң ийгилигим – мурдагы билим берүү министри Уланбек Мамбетакуновдун колунан Ыраазычылык кат алдым. Бул мен үчүн чоң сыймык. Жакында эле АКШнын Кыргызстандагы элчилиги каржылаган стипендиянын эсебинен Борбор Азиядагы Америка университетинде магистратурага бекер окуу сунушу түштү эле, тилекке каршы, шартка байланыштуу баш тартууга туура келди. Ичим ачышып кала бердим. Кызыгууң күч, ниетиң түз болсо Кудайым сен каалаган нерседен дагы көбүрөөк нерсени берет экен. “Ушунча кыйналып, убактымды, ата-энемдин акчасын коротуп окуп, анан иштебей каламбы?” деп түнү менен ойлонуп чыккан учурлар болгон. Блогерлик менен ошол үмүтүмдү актап алдым десем болот. Блогерликтеги максатым – акча таап байып кетүү деле эмес, англис тилин жашоомо аралаштырып алып жүрүү, балдардын акылына англис тилинде сүйлөөнү нормалдуу көрүнүш катары киргизүү.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1059, 24-30-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан