Арген Көлбаев: “КЫРСЫККА КАБЫЛГАНДА ЖАШОО МЕНЕН КОШТОШО БАШТАГАМ...”

Чет өлкөдө иштеп жүрүп каза болуп калган, түрдүү кырсыктарга кабылып денесинин бир бөлүгүнөн, ден соолугунан ажыраган мекендештерибиз көп. Каарманыбыз – Арген Көлбаев ошондой тагдырга туш болгондордун бири. Ал “ушул кырсыкты Кудай өз мекенимде жүргөндө берсе мынчалык кыйналбайт элем” дейт. Арген Орусияда кран башкарып иштеп жүрүп кырсыктап бир бутунан ажыраган. “Бутума протез салдырсам эле кайра мурунку жашоомо кайтам, иштейм, тиричилик кылам, жата берип тажадым”,- деген Арген өз тагдырын төмөнкүдөй баяндап берди.

“Акча деп жанталаша бербей, эс алыш да керек экен”

– Аты-жөнүм Арген Көлбаев. Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылында 1998-жылы 4-январда төрөлгөм. Үйдүн улуусумун, менден кичүү эки иним, бир карындашым бар. Айылда жашаган карапайым үй-бүлөдөнбүз. Мен 9-класста окуп жатканда атам күтүүсүз каза болуп калды. Үйдүн улуусу катары бардык түйшүктү өз моюнума алдым. Апам пенсияда, иштебейт, бир иним экинчи топтогу майып. Апама кол-кабыш кылайын, кыйналбасын деп 18 жашымдан тарта Орусияга барып-келип иштеп жүрдүм. Алгач мигрант болуп 2016-жылы баргам, официант, тамак саткыч, ашпозчу болуп ар кайсы кафеде эмгектендим. Кийинчерээк унаа алып курьер болуп тамак-аш жеткирип иштедим. Тапканымдын баарын үйгө жөнөтчүмүн, апам өзү иштебесе ини-карындаштарымды кантип бакмак эле? Эң акыркы жумушум автомунарада иштөө болду, кран башкарып иштеп жүрүп кырсыкка кабылдым. Көп кабаттуу үйлөрдүн бузулган электр зымдарын оңдоп, айтор, крандын жардамы менен жасай турган бардык буюртмаларга барчубуз. Кырсыкка кабылганыма өзүм да күнөөлүүмүн, анткени каргашалуу күнгө жакын көбүрөөк акча табайын деп күнү-түнү иштеп калган элем. Көрсө, антип деле жанталашып иштей бербеш керек экен, организм да эс алып, уйку каныш керек тура. Кранды айдап баратып эле уктап кеткен учурларым болгон. Иш көбүндө иштеп калайын деп буюртманы да көп алчу элем да. Ошол күнү да уктап, эс алып эле жумушка чыксам болмок экен деп азыр өкүнөм. Бирок баары кеч, азыр бир буту жок майыпка айландым.

“Кыпчылган бутуңду чыгара албайбыз, дарыгерлер келсин” дегенде өзүмдү жоготтум”

– 2022-жылдын 16-октябры болчу. Эртең менен кранды айдап буюртма келген дарекке жөнөдүм. Москванын чет жакасы болчу, бир маалда бир унаа менен сүзүшүп көзүм тумандап кетти. Бир эсиме келип, кайра өзүмдү жоготуп жаттым. Бутумду тартсам чыкпайт, кыпчылып калыптыр. Тиземден ылдый жагын кармасам... Сөөк катуу болот эмеспи, кармасам, бутум жумшак фаршка айланып калгандай сезилди. Ошондо ушуну менен өлөт окшойм деп келме келтирип, билген сүрөлөрүмдү окуй баштадым. Жашап өткөн өмүрүм бир мүнөттө видеокассетадай түрүлүп көз алдыма келип жатты. Мен таарынткан адамдардын баарынан кечирим сурап үлгүрдүм. "Эртең менен үйдөн даарат алып алсам болмок экен, кап" деп ойлоп койгонумчу. Тиги дүйнөгө таза баргым келди окшойт. Куду кинодогудай көрүнүш, өзөрүп баратканымды билем, бирок бутумдун ооруганы өзүмө сезилген жок. Бир маалда милиция кызматкерлери келип, мени тегеренип ары жак-бери жагымды карап калышты. “Бутумду чыгарып бергилечи” десем, “биз чыгара албайбыз, дарыгерлер келсин” дегенде баарын түшүндүм. Ошол ирмемде мен бутум менен эмес, бул дүйнө менен коштошуп жаткам. “Тез жардам” кызматынын дарыгерлери келип, ийне сайгандан кийин эч нерсени билбейм.

“Ооруканада 9 күн комада жатыптырмын”

– Ооруканага алып барары менен эле бутумду кесип салышыптыр. Анткени бутум тиземден үзүлүп, шымым гана кармап турган экен. Кийин дарыгерлер бырчаланган бутумдун видеосун көрсөткөндө өз көзүмө ишенбей шок абалда калдым. Операциядан кийин 9 күн комада жатыптырмын. Ойгонуп эле бутумдун жок экенин көрдүм, бирок тирүү калганыма шүгүр кылдым. Операциядан кийин жакшы кыймылдай албайсың же колуңду көтөрүп тамак жей албайсың. Ошол абалдан тажаганда “туугандарымды кыйнабай өлүп эле калсам болмок” деген да ойлор келди. Биринчи операцияны Орусияда бекер жасап беришти, экинчи операцияга мен комада жатканда эле туугандарым, айылдаштарым 230 миң сом акча чогултуп коюшкан экен, ошол каражатка бутума темир пластина салышты. 1,5 ай ооруканада, 1,5 ай Москвада байкемдин үйүндө жаттым. Учурда деле Орусиядамын, бутума протез салдырып, мекениме кайтсам деген пландарым бар.

“Жакында үйлөнөм деген кыялдарым таш капты”

– Ноябрь айында үйлөнөм деп даярданып жатканбыз. Тойго 1 ай калганда кырсыктап кыялдарым таш капты. Бирок апам, туугандарым бар экен, мени чөктүрбөй дем-күч берип жатышат. Протез салдырсам бутума экинчи өмүр берген болот элек. Башында өзүмдүн абалымды кабыл албай “менин эми кимге керегим бар, минтип жатсам үй-бүлөмдү ким багат?” деген ойлор менен өзүмдү жеп жаттым эле. Азыр баары жакшы, протез бут менен кадимки адамдардан кем эмес үй-бүлө багып, турмушун жакшыртып кеткен адамдар көп экен. Протез салдырсам эле жумушка чыгып кетет элем деп жатам, анткени жаткандан аябай чарчадым. Эки жака баскым келип кадимкидей басып жүргөн соо күндөрүмдү сагынам. Көрсө, бардык нерсенин баркын ал нерседен айрылганда билет экенбиз да. Учурда бутума протез салдыруу үчүн элдин жардамына муктажмын, жалпысынан 1 миллион сом керектелет экен. Азыр ошол каражатты чогултуп баштадык. Кайрымдуу адамдар себепкер болуп, басып кетсем эле болду эле.

“Апам ыйлабасын деп көп нерсени айта албай турам”

– Бул дүйнөдө эң аяган адамым – апам. Мен кырсыктаганда эч нерсеге карабай Кыргызстандан жетип келиптир. “Бутуң жок болсо мейли балам, өзүң амансың” деп кайгырганын билдирбей, тескерисинче, кубанды. Энеңе кандай абалда болсоң да керек экенсиң. Мени колдоп “чөкпө, баары жакшы болот, протез салдырсаң аттай эле басып кетесиң” деп дем берген адамдар үчүн баскым келет. Бул маегимди апам окуп калса ыйлабасын деп көп нерсени айта албай турам. Ичимде бугум, арманым көп, айтылбай эле калсын. Тилектерим, дубаларым Кудайга жетсин деп орозо кармаган элем, бирок дарыгерлер “убак-убагы менен дары ичип турушуң керек, ачка жүргөн болбойт” дешти. Эми оозумду ачам айла жок. Учурдан пайдаланып чет жерде иштеп жүргөн мекендештерге кайрылат элем. Өзүңүздөргө сак болуп, график менен иштеп, аман-эсен, дени соо жакындарыңыздардын жанына барган күн буюрсун. Бардык мигранттар аман болсун.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

MBANK: 996703901440

Сбербанк: 2202 2062 8488 0726

Элкарт: 9417 6089 9629 5281

Телефон номери: +92522 75864

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1060, 31-март - 6-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан