1 АЙЛЫК ОРОЗОДО ОРГАНИЗМ КАНТИП ӨЗГӨРӨТ?

Учурда Орозо айы. Руханий тарабы түшүнүктүү, бул жолу 1 ай орозо кармаган адамдын организминде кандай өзгөрүүлөр болорун сурап адисти кепке тарттык. Бейтаптарды ачкачылык кармоо ыкмасы менен дарылап жүргөн дарыгер Талантбек Өмүрбеков маалымат берет.

"ТУУРА ТАМАКТАНСАК, ОРОЗОНУН ПАЙДАСЫ ЗОР"

– Орозонун мааниси кандайдыр бир нерседен оолактоо, тыйылуу. Жеп-ичүүдөн гана тыйылбай, моралдык жактан да тазалануу. Организмди тазалоо, адамдын өзүн-өзү тарбиялашы.

Орозо ден соолукка пайда алып келиши үчүн туура тамактануу зарыл. Бул – адамдын жашына, жынысына, иштеген ишине, ооруларына, физикалык активдүүлүгүнө жараша канчалык энергияга муктаж экендигине карап пайдалуу жана туура даярдалган (зыянсыз) азыктар менен тамактануу. Бирок көпчүлүк антпейт, туура эмес тамактанат. Тамакты шашып, ашыкча жеп алышат. Тамак ичүү маалында уюлдук телефонду же телевизорду карап отурушат. Ушинтип алаксуу менен тамактын даамын жана өлчөмүн билбей калышат. Жакшы чайнабай эле бүкүлү жутушат. Жыйынтыгы – ар түрдүү оорулардын жаралышы, мисалы, кант диабети, боорду май басуу, семирүү жана башка...

Азыр адамдар кийим, үй сыяктууларга көңүл буруп, тамактанууга көңүл бурбай калды.

Тамакты даамсыз жасап, көп жегендин ордуна витаминдүү, даамдуу кылып аз жасап, аз жегенди үйрөнүшүбүз кажет. Аз жеш үчүн тамактануу учурунда шашпай, эч нерсеге алыксыбай көңүлдү тамакка гана буруу зарыл. Оозго салган тамакты жок дегенде 32 ирет чайнасак, тамактын даамын сезебиз, бат тоёбуз. Көп чайналган тамак ашказан-ичегиге күч келтирбей жакшы сиңет. Адам тамактын даамын сезмейинче тойбойт. Орозо кармаган адам 15 сааттай ачка жүрөт. Андыктан тамак витаминдүү, сиңимдүү болушу зарыл.

Айрымдар кечке ачка жүрүп, ооз ачкандан кийин көп тамак жеп алышат. Айрымдар улам-улам жеп-ичет. Муну менен алар күндүзгү тамактанууну түнкүгө эле оодарып койгон болушат. Бул туура эмес.

Экономикалык кризис, стресс, жакырчылык, миграция сыяктуу факторлор да адамдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизип жатат. Динде “Орозо кармагыла, айыгасыңар” деп айтылат. Бул деген орозо акысыз дарылануу дегенди билдирет.

30 КҮНДҮК ОРОЗОДО ОРГАНИЗМДЕ БОЛУУЧУ ӨЗГӨРҮҮЛӨР

Эң оору алгачкы 2-3 күн. Организм күнүнө 3-4 маал тамактанууга көнгөндүктөн ачка болгондо кезектеги порцияны талап кылат.

3-7-күндөр. Организм ачка болгонго көнө түшөт. Күндүз организм ооз бекитүүдө ичилген тамакты сиңирип бүткөндөн тартып, өзүн калыпка келтирүүгө өтө баштайт. Орозого чейин организм улам-улам жеп-ичилген тамактарды сиңирүү менен алек болуп, өзүн калыпка келтирүүгө убакыт артпайт. Күндүз суу ичилбей, бирок адам кыймылдап, иш кыла тургандыктан денедеги суюктуктун көбү тер, заара менен чыгып кетип, адам көбүрөөк суусайт. Денедеги ашыкча суулар да чыгат. Андыктан ооз ачканда, бекиткенде суюктуктун запасын толтуруу керек, өзгөчө жылдын ысык мезгилинде. Болбосо дене кургап баштайт. Адам көбүрөөк суусаганда башы ооруйт.

Организм ачка калганда акырындап денедеги майларды эритип, аларды энергияга айланта баштайт. Ошондуктан адам арыкташы мүмкүн. Бирок бул анорексияга жетпейт. Анткени эртең менен, кечинде тамак желет.

Айрымдар биротоло арыктап да алайын деп ооз ачпай же бекитпей коюшу ыктымал. Муну адат кылып алганда денеге керектүү азык-заттар (витамин, макро жана микроэлементтер) жетпей баштайт. Андан тышкары ички майлар энергияларга айланып түгөнүп баштаганда организм өзүн “жеп” баштайт. Башкача айтканда, булчуңдарды жеп баштайт. Булчуңдарга тил, жүрөк да кирет. Органдардын өлчөмү кичирейип, иштөөсү бузулат. Кийин аларды калыпка келтирүү кыйын болуп калат.

Андыктан диетаны врачтын көрсөтмөсү менен гана кармап, орозого аралаштырбоо кажет.

8-30-күндөр. Организм күндүз ачка жүрүүгө биротоло көнөт. Өзүндөгү шлак, уулуу, пайдасыз заттардан арылууга өтөт. Башкача айтканда, боор, бөйрөк, ичеги, тери жана башка органдар тазалана баштайт.

Адам өзүн жеңил сезип, ой жүгүртүүсү, эс-тутуму жакшырат.

Өзүн тазалоодон соң организмде өзүн калыпка келтирүү процесси активдешет. Мисалы, айрым сезгенүүлөр кетет, тери менен адамдын өңү өз калыбына келет, органдагы майда ыйлаакча сорулуп кетиши мүмкүн. Клеткалардын жаңыруусу калыптанат, ошого адам жашаргансып калат. Аллергия жана тери оорулары жеңилдейт. Кандагы канттын өлчөмү, кан басым калыпка түшөт. Жогорку кан басым оорусу аз кармайт же кармабай калат жана башка.

Бирок ооз ачканда жана бекиткенде ашыкча тамак жеп-ичүү организмге тоскоол болуп, аталган процесстер жакшы жүрбөй калат.

Орозо кармаган учурда ашказанда күндүз тамак жок болгону үчүн анда туз кычкылы азыраак бөлүнүп чыгып калат. Бул ашказандагы жаранын пайда болуу ыктымалдыгын азайтат. Бар болгон жаранын ылдам айыгышын шарттайт.

Орозо кармаган учурда боордун канды тазалоо функциясы жакшы иштеп, уулардын денеден эртерээк чыгып кетишин шарттайт. Мындай мүмкүнчүлүк жаратууга медициналык бир да таблетка ээ эмес.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1060, 31-март - 6-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан