ЖОЛ ЭРЕЖЕСИН БУЗГАН АЙДООЧУЛАРГА ЖАЗА КАНТИП КАТУУЛАДЫ?

Жол эрежесинин айрым түрлөрүн бузган айдоочуларга жазаны катаалдатуу жыйынтык бере баштады. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы өткөн аптада ушундай билдирүү жасады. Сөз – быйыл 8-мартта күчүнө кирген мыйзамдагы жаңы айыптар жөнүндө болууда. Кайсы жол эрежесин бузгандарга жаза кантип күчөтүлдү? Макалада кененирээк айтып беребиз.

МАС АБАЛЫНДА РУЛГА ОТУРБАҢЫЗ...

Мас абалында унаа айдап баратып кармалган айдоочу дароо 1 жылга унаа айдоо укугунан ажыратылат. Экинчи жолу кармалса – 3 жыл рулга отургус болот. Мурда мас айдоочу 17 500 сом айып төлөп кутулуп кетчү.

Эгерде айдоочу унааны мас абалында башкарып, анын үстүнө айдоочулук күбөлүгү жок болсо, 3 суткага камалат. Мурда 15 миң сом айып салынчу.

БАШ ИЙБЕЙ КОЙБОҢУЗ...

Айдоочунун мас же соо экенин аныктоо үчүн медициналык текшерүүдөн өтүүдөн баш тарткан учурда айдоочу 3 суткага, ошол эле учурда айдоочулук күбөлүгү жок болсо, 5 суткага камакка алынат. Мас экени аныкталса, 1 жылга унаа айдоо укугунан ажыратылат.

БИРӨӨНҮН ӨМҮРҮ МЕНЕН ОЙНОБОҢУЗ...

Мурда айдоочу мас абалында жол кырсыгына кабылып, этиятсыздык менен кимдир бирөөнүн ден соолугуна зыян келтирсе, бирок анын аракетинен кылмыштын курамы табылбаса, айдоочу 20 000 сом айыпка жыгылчу же 5 суткага камакка алынчу. Эми мындай жагдайда 3 жылга айдоочулук укугунан ажыратылат.

МУРУНКУ ЖАЗАНЫ УНУТПАҢЫЗ...

Айдоочу жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин кайрадан мас абалында рулга отуруп кармалса жана жол кырсыгына кабылса унаасы убактылуу тартып алынып, өзү 3 жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат. Демек, өткөндөн сабак алган туура.

АЙЫП ПУЛУҢУЗ 3000 СОМДОН АШЫП КЕТСЕ, БҮТТҮ...

Учурда айып пулду 70 пайыздык жеңилдик менен 1 айдын ичинде төлөөгө болот, мурда бул үчүн 15 күн берилчү

Мурда айдоочулар моюнунда 10 миң сомго чейин айып пулу болсо унаа айдай алышчу. Мындан ары айып пулу 3000 сомдон ашып кеткен айдоочу унаа айдоо укугунан четтетилип, автоунаа айып аянтчасына токтотулат.

1 ЖЫЛДА 3 ЖОЛУ УШУЛ ЭРЕЖЕНИ БУЗСАҢЫЗ, КАЙРАДАН СЫНАК ТАПШЫРАСЫЗ

Жол кыймылынын эрежесинин айрым түрлөрүн 1 жыл ичинде 3 же андан көп жолу бузса – айдоочулук күбөлүк үчүн кайрадан сынак тапшырууга туура келет. Алар:

• Унаанын мамлекеттик номери жок же номердеги сандардын бири жок болсо. Ошондой эле мамлекеттик номерди атайын жашырып же өзгөртүп алса;

• Ички иштер жана транспорт тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин унааны токтотуу боюнча талаптарын аткарбаса;

• Белгиленген ылдамдык нормасынан саатына 40-60 чакырым жана 60 чакырымдан катуу айдаса;

• Каршы тилкеге чыгып ашып өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузса;

• Жарык жана үн сигналы жандырылган атайын (мисалы, “Тез жардам”) транспорт каражаттарына жол бербесе;

• Жол эрежесин бузуу аркылуу башкалардын ден соолугуна зыян келтирсе, бирок айдоочунун аракетинде кылмыштын курамы болбосо;

• Унааны мас абалындагы же айдоочулук күбөлүгү жок адамга берсе.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1060, 31-март - 6-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан