САЗДЫН ҮСТҮ ЖЕР ТИЛКЕГЕ АЙЛАНЫП, ЖАҢЫ КОНУШ КОРКУНУЧКА КЕПТЕЛДИБИ?

Сокулуктун Военно-Антоновка айылына караштуу жаңы конуштун (аты жок) жашоочулары “мыйзамсыз жер сатуунун айынан конуштагы саркынды суулар агып чыгуучу канал (дренаж) буулуп, үйлөрдүн астынан суу чыгуу коркунучу жаралууда” деп редакциябызга кайрылышты. Барып абалды көрдүк, кадимки камыш баскан балчыктын үстү топурак менен толтурулуп жатыптыр. “Бул тилке айыл чарба багытында болгондуктан азыр үй салабыз деп жаткандар эртең көчөдө калышы мүмкүн”,- дешет тургундар. Анткени президент Садыр Жапаров кол койгон “жер мунапысы жөнүндө” мыйзамына ылайык, 2022-жылдын апрель айына чейин курулуп калган (башка категорияда) үйлөр гана мыйзамдаштырылып, андан кийинкилерине уруксат берилбейт. Жашоочулар “жер тилкелерин мыйзамсыз сатып жатат” деп күнөөлөгөн тараптын да пикирин уктук.

Кеңеш Жумабаев, конуштун тургуну: “САЗДЫН ҮСТҮН ТОЛТУРУП ЭЛЕ САТЫП ЖАТАТ”

– Военно-Антоновка конушунда 2008-жылдан бери жашайм. Конушта бир чакырымдай жер саз болчу, чети дренаждык канал, конуштагы саркынды суулардын баары ушул канал аркылуу агып өтүп, БЧКга куюшу керек эле. Бирок ушул сазды “жердин ээсимин” деген Бактыгүл аттуу аял курулуш таштандылары менен толтуруп, үстүнө топурак төгүп, 10 миң доллардан сатып жатат. Бул жер мамлекеттики, 2001-жылы Балабин деген киши эс алуу багытында ишкерлик кылам деп 49 жылга ижарага алган экен. Кийин 2013-жылы жанагы Бактыгүлгө сатыптыр. 1 чакырымга жакын сазды 3 айдын ичинде эле толтуруп коюшту, дренаждык канал бөгөлүп калды. Биздин кооптонгонубуз – саз толтурулган сайын суу жердин астынан тээп конуштагы үйлөр ным тарта баштады. Бактыгүл деген жер саткыч, аферист аял “бул жерди мурун эле жарандар басып алган” деп айтат, бирок андай эмес. Дренаждык каналдын аркы бети – Тынчтык конушу, жер басып алуу ошол конушта болгон. Ал эми Военно-Антоновка тараптагы жер басуулар убагында токтотулуп, соттун чечими менен үйлөр сүрдүрүлгөн. Бактыгүл деген аял айыл чарба багытындагы жерди жарандарга үй курууга сатууда. Мунапыс мыйзамы бар, ага ылайык, 2022-жылдын 8-апрелине чейин үй куруп, үйүнө пайдубал куюп алгандарга Кызыл китеп берилсин деген чечим чыккан. Ушул датадан кийин жер басып алгандар камалат. Бирок андан бери деле биздин көз алдыбызда жер тилкелери сатылып, үйлөр курулуп кетти. Кандай документтин негизинде жерлер сатылып жатканын эч ким билбейт.

Багдат Тынчтыкбек уулу, конуштун тургуну: “9 ЖЫЛ БОЛДУ, КЫЗЫЛ КИТЕП АЛА ЭЛЕКМИН”

– 2014-жылы Бактыгүл деген айымдан 4 миң долларга жер тилкесин сатып алып, үй тургузгам. Ошондон бери кызыл китеп жасатып бере элек. Документиң жок сен эч ким эмес экенсиң, жадакалса баламды мектепке киргизе албай кыйналдым. Мага жерди 3 жылдык ишеним кат менен саткан, анын деле мөөнөтү бүттү. Кызыл китебин “ана бүтүрөм, мына бүтүрөм” деп тил эмизип келе жатканына 9 жыл болду. Эмне кылар айлабызды деле билбей калдык.

Соорбек Кыдыралиев, квартал башчысы: “ЖАРАНДАР АРЗАНЫНА КЫЗЫГЫП САЗДУУ ЖЕРДИ САТЫП АЛЫШУУДА”

– Мен бул конушка жакында квартал башчысы болуп шайландым. Элдин көйгөйү жөндүү. Бактыгүл таптап жаткан саздын айынан суу жээктеги үйлөргө тээп жатат. Бул аял 2013-жылдан бери жер сатат, кой деген киши жок. Конушта 60тай үйдүн кызыл китеби жок, баары ошол аялдан сатып алып үй тургузушкан. Башында саздын жээгин 5 миң доллардан сатчу, азыр 10 миң доллар. Конуштун өзүндө жер тилкелери 15-18 миң доллар болуп жатат. Жарандар арзанына кызыгып, саздуу жер болсо деле алып жатышат да. Мамлекетке караштуу жер болгондон кийин тиешелүү органдар көзөмөлдөшү керек да.

Нарынкүл Урманбетова, конуштун тургуну: “ЖЕРДИ 2 МЕТР КАЗСАҢ СУУ ЧЫГЫП КАЛДЫ”

– Сазга топурак төгүп баягыда күнүнө 20дан кем эмес Камаз өтүп жатты. Соолуп бараткан дренаждык каналга акыр-чикир, ит-мышыктын өлүгүн ыргытып кетишет. Дренаждык каналдан суу агып чыкпай калды. Негизи бул жерде булак бар, булак бар жерди кантип таптайт? Таптаганда деле ал бир күнү үстүнө жарылып чыгат да. Мурун жерди 4 метр казганда суу чыкчу, азыр 2 метрден эле суу чыга турган болуп калды. Жакында Калыс-Ордо конушунда 30дай үй саздын айынан чөгүп, жарылып, жараксыз абалга келиптир. Эми биз да 10 жылдан кийин Калыс-Ордонун кейпин киелиби? Токтотуш керек мындай баш аламандыкты. Саздын үстүнө курулган үйлөр 5-10 жылдан кийин ураса жанагы Бактыгүл деген аялдын башы да оорубайт, акчасын түйгөн бойдон кетет.

Расулбек Садыков, Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн башчысы: “ТИШЕЛЕҮҮ ОРГАНДАРГА АРЫЗ МЕНЕН КАЙРЫЛДЫК”

– 3 жылдан бери айыл өкмөт башчысы болуп иштейм. Сиз айткан чуулуу жерлерди 2001-жылы Балабин деген орус улутундагы киши балык багам, эс алуу багытында колдоном деп мамлекеттен ижарага алган. Анан жарандар ал жерден жер тилке сатып алышып үй кура баштаганда айыл өкмөтүнөн адистер барышып, “бул жерлерге курулуш курууга болбойт” дешкен. Балабинге тиешелүү аймактагы кызыл китеби, техпаспорту бар үйлөр качан, кантип мыйзамдаштырылган так айта албайм. Алар Бактыгүл айымга чейин сатып алышкан, мен анда айыл өкмөттө иштечү эмесмин. 2013-жылы Бактыгүл аттуу айым сатуу-сатып алуу келишими менен эле жер тилкелерин сатып баштаган. Биз ал келишимдерди жокко чыгаруу өтүнүчү менен прокуратурага кайрылганбыз. Учурда сот иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен тиешелүү чараларды көрөбүз.Ал эми билбей сатып алышып, үй тургузуп алган 60ка жакын үй-бүлө жер мунапысы мыйзамынын негизинде жерибизди мыйзамдаштырып бергиле деп трансформациялоого арыз жазышкан. Бул маселени учурда комиссия карап жатат. Биз Бактыгүл айымды чакырып, “дренаждык каналды тазалап бергиле, жер астындагы суу жарандардын үйүн каптап кетпесин” деп талап коёлу деп жатабыз.

Калмамат Бекташев, Сокулук райондук прокуратурасынын башчысы: “14 КҮНДӨ МАСЕЛЕ КАРАЛАТ”

– Биз айыл тургундарынын арызынын негизинде гана пландык текшерүү жүргүзө алабыз. Азырынча эч бир жарандан арыз келип түшө элек. Арыз жазгыла, ошонун негизинде текшерип, 14 күндө жыйынтык чыгарып беребиз
(P.S. 4-апрель күнү Сокулук райондук прокуратурасына биз менен чогуу барган квартал башчысы Соорбек Кыдыралиев конуштун жашоочусу катары арыз жазды).

Макала бир жактуу болуп калбашы үчүн экинчи тараптын да пикирин угалы деп Бактыгүл айымды кепке тарттык. Ал айтылып жаткандарды четке какты.

Бактыгүл Ибраева: “ЭЧ КИМГЕ ЖЕР САТКАН ЭМЕСПИЗ, САТКАНЫБЫЗДЫ ДАЛИЛДЕСИН”

– Мен ошол чуулгандуу жердин ээси Өскөн Какеевдин жубайы болом. Жолдошум 70 жашта, инсульт алган, ошого мен анын өкүлү катары жооп берейин. Военно-Антоновкадагы ошол 9 гектар жерди 2001-жылы Балабин деген орус киши жасалма көл жасап, балык кармаган эс алуучу жай кылам деп алган экен. Бирок жергиликтүү эл аны кууп батырбай коюшканда 2013-жылы жолдошума сатып кеткен. Биз сатып алган учурда жарандар өзүм билемдик кылып эле жер тилкесинин чет жакасына үй куруп жашап алышыптыр. Биз жерди ошол курулган үйлөр менен сатып алганбыз. Ал жашоочулар менен 2014-жылдан бери соттошуп келе жатам. Балабин мамлекеттен 9,4 гектар жерди ижарага алса, биз сатып алганда 6 гектар эле жер калган экен. Бирок биздин алган жердин картасы азыркыга чейин тактала элек, сот иши уланып жатат. Көпчүлүк бул жерди жайыт болчу деп жатышат, тээ 1994-жылдары бул конуштун баары ээн талаа, жайыт болгон. Чынында документ боюнча бул жерлер саз, дөң, бузулуп калган жерлердин категориясына кирет. Мамлекеттик каттоо кызматында ушинтип катталган. Ал жакта эч кандай дренаждык канал болгон эмес, мурунку ээси балык кармоочу жай кылам деп жасалма көл жасаган, ошол соолуп анча-мынча балчык болуп калган жерлер бар. Бирок аны тазалайлы деп трактор менен барсак эл ызы-чуу кылып трактордун терезесин сындырып, айдоочуну сабап салышыптыр. Биз эч кимге жер саткан эмеспиз, “мага жер саткан” дегендер келип факт менен далилдеп берсин. Биз 6 гектар жерди алсак да, документте көрсөтүлгөн 9 гектардын салыгын төлөйбүз. Тынчтык конушу менен Военно-Антоновканы бириктире турган көпүрө салалы деп уруксат сурашты эле, уруксат бердик. Биз 2013-жылдан бери ал жерге 8-9 миллион сом акча сарптадык. 680 миңге трансформатор койдуруп бердик. 1,5 гектары эле жолго кетти. Эл айтып жаткан саз жерлерди таптатканым – ал жерге 45 орундуу бала бакча салалы дегенбиз. Ал жерлер эс алуу багытында болгондуктан мурунтан эле бакчанын долбоорун чийип койгон элек, президенттин мунапысы турак жай үйлөргө гана тиешелүү, биз кура турган бакчага эмес. Мындан тышкары, спорт комплекс куруу планыбызда бар эле. Ал жер саз эмес, мурун катуу эле жер болгон, мурунку ээси жасалма көл жасаган. Соолуп бараткан балчыкка эл өзү ит-мышыктын өлүгүн ыргытып Бактыгүл тазаласын десе боло береби? Ошол жакта 10 чакты адамдан турган уюшулган топ бар, бири депутаттын жардамчысы экен. Эми ошолор элди дүрбөтүп жатпайбы. Алар өз билемдик менен ошол саздуу жерге балдар аянтчасын курабыз дешкенде мен токтотуп калгам. Биз жерди 2013-жылы, ошол салынып калган турак үйлөр менен чогуу сатып алганбыз. Өскөн Какеев эч кимге жер саткан эмес.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1061, 7-13-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан