Санжар Тыныбек уулу: “ОРУСИЯГА КАРАГАНДА АНГЛИЯДА ЭМГЕК ЖАКШЫ БААЛАНАТ”

London is the capital of Great Britain... Англис тилинен түшүнүгү жок адам да ушул сүйлөмдү жакшы билет болуш керек. Анткени мектепте жаттаган. Бул жолку каарманыбыз дал ушул Улуу Британияда 2 жылдан бери жашап келаткан Санжар Тыныбек уулу. Айтылуу ханыша Елизавета II көп жыл башкарып турган өлкөнү мекендешибиз сүрөттөп берет.

“ЖАКШЫ ИШТЕГЕН АДАМДЫН ЭМГЕГИ БААЛАНАТ”

– Жалал-Абад облусунун Сузак районунан болом. Жашым 47де, жогорку билимдүүмүн, адистигим – инженер-экономист. 2021-жылы Орусияда иштеп жүрүп, жумуш берүүчү компаниялардын жардамы менен Англияга иштөөгө кеткем. Ал жакта жашылча-жемиш өстүргөн фермалар абдан көп болгондуктан чет өлкөдөн баргандар алгач айыл чарба жумуштарына туш болушат.

Мен да жаңы барганда Марден деген шаардагы, Лондондон ары бир сааттык жол, кулпунай өстүргөн фермада иштедим. Packhouse деп коюшат, мөмөлөрдү сорттоп, сатууга даярдап чыгарчубуз. Айлык акы жумасына эң аз дегенде биздин акчага 30 миң сомдой төлөнөт. Жумушта атайын норма берилип, аны ашык аткарганга сый акы да каралат. Иш көп учурунда жумалык эмгек акы 50 миң сомдон ашышы да мүмкүн. Тамак-аш, жатакана акысын жумушчу өзү төлөйт. Кызматкерлердин жашоосу, эс алуусу, тамактануусу үчүн жакшы шарттар түзүлгөн. Бизге же Орусияга салыштырмалуу иштеген адамдарды баалоо бир топ эле жогору десем болот.

“ТИЛ БИЛСЕҢ ЖАКШЫ, БИЛБЕСЕҢ ДЕЛЕ КӨЧӨДӨ КАЛБАЙСЫҢ”

– Англия тынч, коопсуз өлкөлөрдүн катарына кирет. Көчөдөн же ири шаарлардан сени текшерген, сүрү менен чочуткан полиция кызматкерлерин дээрлик көрбөйсүң. Аэропорт, вокзал, станциядагы кызматкерлер жарандарга сылык-сыпаа мамиле кылып, билбеген нерсеңди шашпай көрсөтүп, түшүндүрүп беришет. Узак жолго барарда автобуска түшсөң, айдоочу колуңдагы жүгүңдү алып, атайын орунга жайгаштырып бергени жүрөктү жылытат. Мен англис тилин билгеним үчүн кыйынчылык жаралган жок. Билбегендер деле бул жакта көчөдө калбайт, Лондон көп улуттуу шаар болгондуктан көчөдөн сөзсүз бирөө менен тил табышсаң болот. Мисалы, Болгариядан келген түрктөр көп. Алар менен орус, түрк тилинде сүйлөшүп, бири-бириңди түшүнүшсөң болот. Орус тилдүүлөрдү да жолуктуруп каласың. Акыркы убакта кыргыздар да көбөйө баштады.

“МАМЛЕКЕТ БААЛАРДЫ ЖАКШЫ КӨЗӨМӨЛДӨЙТ”

– Англияда ишкерлер да, мамлекет да жергиликтүү жашоочуларга кылдат мамиле кылып, кам көргөнү байкалат. Анткени жумушта “англичандар сапаттуу азыкты жакшы көрүшөт” деген принцип иштейт. Азыктын сапатына өзгөчө көңүл бурулуп, сатууга азыктын эң мыктысын алып чыгуунун аракетин көрүшөт. Дүкөндөгү баалар да бизге салыштырмалуу арзан. Бизде орточо айлык 30 миң сом болсо, ал жакта 30 миң сом фермада иштегендердин бир жумалык кирешеси. Айырманы байкадыңыз да? Жумасына орточо 5-6 миң сом азык-түлүккө коротсоң да, бир топ сумма артып калат. Биздин базар менен салыштырганда, Англия өкмөтү калктын бардык катмарына азык-түлүктүн баасы туура келсин деген максатта бааларды өз көзөмөлүнө алат деген ойго келдим. Анткени дүйнө жүзүндө кымбатчылык жаралып жатса да, Англия базар баасын бир калыпта кармап турат. Албетте, өткөн жылга салыштырмалуу баалар бир аз кымбаттады. Бирок дароо 2-3 эсе эмес.

“ТАРТИП, МЫЙЗАМ САКТАЛГАН ӨЛКӨ”

– Көп өлкөлөрдө болгон адам катары Англия жөнүндө эмне айта алам? Мыйзам иштеген өлкө экен. Коррупция, тааныш-билиштик, жумушта чоңдугуңду көрсөтүп жумушчуларга психологиялык басым көрсөтүү деген жок. Ар ким өз ишин так аткарса болду, акырын иштеп жүрө бересиң. Албетте, бир фермада түрдүү улуттун өкүлдөрү иштеген соң сөзсүз анча-мынча кер-мур айтышкандар болот. Андайларга акырын бир-эки эскертүү берилип, ага да болбосо анан жумуштан кетирип, же биротоло өлкөдөн чыгарып салышат.

Мисалга, өткөн жылы Тажикстан Кыргыз жерине бастырып кирип, бир топ жарандарыбыз каза болуп, элибиздин башына оор күндөр түшкөндө кыргыз-тажик жарандары аралаш иштеп жатканбыз. Алар да, биз да бул чоң саясат экенин, бул жаңжалда карапайым элдин күнөөсү жоктугун түшүнүп, жаман айтышпай иштеп жаттык.

“АЛАРДАН ЭМНЕНИ ҮЙРӨНСӨК БОЛОТ?”

– Англия сырттан эч нерсе ташып келбей, тамак-ашка керектүү азыктын баарын өзү өндүрүп, аны баарына жеткирип жаткан бир үй-бүлөдөй сезилет. Аба ырайы абдан жаанчыл. Ошого карабай айыл чарба жумуштары жолго коюлган агрардык өлкө экен. Бул өлкөдөн үйрөнчү нерсебиз көп эле.

“МЕДИЦИНАСЫ ТАҢ КАЛТЫРДЫ”

– 2021-жылы биздин фермада бир жигит жумуш учурунда өзүн жаман сезип, “Тез жардам” кызматы менен ооруканага бардык. Мен жанында котормочу болуп жүрдүм. Билесизби, эмнеси таң калтырды? Биздегидей кезек күтмөй, тыгын деген жок. Сен чет элдиксиң дебей, сылык-сыпаа катардагы жарандай кабыл алып, “чай же кофе ичесизби?” деп да сунушташат экен. Жумуштан берилчү атайын күбөлүктүн негизинде эле кандан бардык анализдерди алып, бейтапты атайын аппаратка түшүрүп, оорунун диагнозун чыгарып беришти. Элестетиңиз, баары бир жерде, бир сааттын ичинде, биздегидей “ага бар, буга бар” деген жок, баары бекер.

Албетте, дүйнө жүзүндөгүдөй эле бул жакта да стоматологиялык кызматтар абдан кымбат. Бир тишти жулдуруу 65 миң сом болот деп айтышат. Андыктан чет жакка чыгарда тишти жакшылап текшертип алуу ашыктык кылбайт.

МЕКЕНГЕ БОЛГОН САГЫНЫЧ

– Акчасы жакшы болгону менен, үй-бүлөң, мекениң алыста, сагынасың. Өзгөчө кырдаал болуп кеткен учурларда жетип бара албай каласың. Ошондо аргасыз “кана эми бизде да ушундай өнүгүү болсо, бул жакта минтип жүрбөйт элек” деген ойлор келет.

Турсунай Алымкулова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1061, 7-13-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан