Дамира Шамбетова, 33 жашта: “БАЛАМДЫН ООРУКЧАН ЭКЕНИН ТӨРӨТКӨ АЗ КАЛГАНДА АЙТЫШТЫ”

Каарманыбыз Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарынын тургуну Дамира Шамбетова, 33 жашта. 2 жылдан бери баласынын оорусу менен алышып келатканын айтат. “Дарыгерлер басып кетиши мүмкүн дегенден кийин аракетти күчөттүм” дейт эне.

“ТУРМУШКА ЧЫГАРДА КҮЙӨӨМДҮН ООРУКЧАН ЭКЕНИН БИЛГЕН ЭМЕСМИН”

– Атым Дамира, 33 жаштамын. 8 бир туугандын кенжесимин. Ата-энемдин көзү өтүп кеткенине көп жыл болду, бир туугандарым өз турмуш-тиричилиги менен алек.

2012-жылы туугандар аркылуу бир жигит менен таанышып, турмушка чыккам. Анда анын эпилепсия (талма) оорусу бар экенин, экинчи топтогу майып экенин билген эмесмин. Майлуу-Суу шаарында кайнатам алып берген бир бөлмөлүү үйдө турабыз. Ортобузда 3 балабыз бар. Тун уулум менен кичүүсү – кызыбыздын ден соолугу чың. Экинчи балам оорукчан болуп калды.

“УЗИден БААРЫ ЖАКШЫ ДЕШКЕН, БИРОК...”

– Бир жылдары бруцеллёз болуп ооруп калдым, врачтар 2 жыл төрөбөй, сактанып жүр дешкен. Андан жакшы болуп, уулума шерик кылып кыз төрөп алайын деп пландап, 2021-жылы экинчи уулумду төрөдүм. Төрөткө чейин УЗИден, текшерүүлөрдө баары жакшы дешкен. Төрөөрүмө бир күн калганда УЗИге түшүрүшүп, ошол жерден балада Даун синдрому бар экенин айтышты. Баламды төрөлөрү менен мага беришкен жок, “кыйналып калды, бир аз өзүнө келсин” деп өзүнчө карашты.

Кийинчерээк доктур мага баарын акырын түшүндүрүп берди. “Баланын басышы, сүйлөшү кечирээк болот. Анын үстүнө кошумча патологиялар менен төрөлдү, жакшылап кароо керек” деди. Арадан 1,5 жыл өтпөй кыз төрөдүм. Кудайга шүгүр, бул кызымдын ден соолугу чың, баары жакшы.

“ЖЫЛЫШ БОЛБОЙ ЖАТКАНДЫКТАН ЭЛДЕН ЖАРДАМ СУРАДЫМ”

– Экинчи уулумдун иммунитети алсыз болгондуктан бат-баттан ооруп, ооруканага жатып турабыз. Азыркы учурда өз алдынча отура албайт, баса элек. Даун синдромунан тышкары энцефалопатия, ДЦП жана башка оорулары бар. Ооруп калганда өз алдынча дем ала албай, кычкылтек аппараты менен дем алдырууга туура келет. Даун синдрому бар балдардын ата-энелери түзгөн атайын фонд бар. Ал жердеги ата-энелер жолугуп турабыз. Алардын биздикинен кичине балдары басып жүрүшөт же жөрмөлөп калышты. Ал эми бизде жылыш болбой жатат. Ошондуктан балам үчүн өзүм аракет кылайын деп чечтим.

“ЖОЛДОШУМДУ ДА ЖУМУШТАН БОШОТОБУЗ ДЕП ЖАТЫШАТ”

– Жолдошум бир заводдо короо шыпыргыч болуп иштейт. Балабыздын оорусунан улам жумушка чыкпай калган күндөрү көп болду. Эми анын жетекчилиги “жумуш деген жумуш, ишке чыкпай койгонуң көбөйсө жумуштан бошотобуз” деп жатыптыр. Ал иштен бошосо бизди ким багат, билбейм. Жолдошумдун орто билими да жок, сабатсыз болгондуктан көп учурда кимге кайрыларыбызды билбей калабыз.

Ооба, мамлекеттен жолдошум экөөбүзгө, балама жөлөкпул берилет. Бирок ал каражат дарылардан ашпайт, кээде жетпей калат. Балама керектүү айрым дарыларды көп дарыканалардан табуу кыйын.

“ЭЛГЕ КАЙРЫЛУУГА АРГАСЫЗ БОЛДУК”

– Жашоонун оор сыноосуна карабай, балдарды жакшылап карап, чоңойтконго аракет кылып жатабыз. Бирок шартыбыз жок, каражатыбыз жетишсиз. Буга чейин эч кимден жардам сурабай эле баарын өзүбүз камсыздап, карап келатканбыз. Анан врачтар “балага тынбай жакшы кам көрсө, басып кетет” дешкенинен элге кайрылууга аргасыз болдук. Балама шарт түзүш үчүн Бишкекте жашашыбыз керек экен. Себеби Майлуу-Сууда баланы дарылап, кам көрүүгө медицина алсыз, көп адистер жок. Ал эми Бишкекте жашоо оңой эмес, батир акысы да кымбат. Эптеп үйлүү болуп алсак дегенде эки көзүбүз төрт. Баламды дарылатууга жардам берүүңүздөрдү суранам.

Маек учурунда жумуштан келген Дамиранын жолдошу Майрамбек сөзгө аралашты.

– Учурда заводто короо шыпыргыч болуп иштеп, 10 миң айлык акы алып үй-бүлөмдү багып келем. Жумуштан сырткары балдарды карашам, айрыкча Кайрат балам өзгөчө көңүл бурууга муктаж, андан кийинки кызым да кичинекей. Келинчегиме жардам берем. Балдарым да мени жакшы көрүшөт, жумуштан келсем күлүп тосуп алышат.

Өзүмдүн бутум ооруйт, талмам да бар болгондуктан күн сайын дары менен жүрөм. Ушул 3 баланы аман-эсен чоңойтуп алсак, бутуна тургузуп алсак, арманыбыз жок эле. Ата-энем, бир туугандарым баары өз жашоосу менен алек.

Кайрымдуу адамдар жардам беришсе, борборго көчүп баруу ниетибиз бар.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

Элкарт: 9417089943047077

Шамбетова Дамира Сарсенбаевна

Виза Оптима: 4169585356424274

Мбанк, Элсом: 996559691191

Турсунай Алымкулова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
udoqawje
2023-04-10 22:55:00
:) :) :)
0
№ 1061, 7-13-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан