ӨМҮР САКЧЫСЫ ӨЗҮ ЖАРДАМГА МУКТАЖ

Кезектеги элдин колдоосуна муктаж болуп жаткан бейтап – 32 жаштагы акушер-гинеколог Дилара Товалдиева. 9 жана 7 жаштагы балдардын энеси ушул жылдын январь айында кезектеги текшерүүдөн өтүп жатып, боору циррозго чалдыкканын билгенин айтат.

“БООРУМДА ООРУ БАР ЭКЕНИ ЭКИНЧИ ТӨРӨТТӨН КИЙИН БИЛИНДИ”

– 2016-жылы экинчи баламды төрөгөндө боор ооруга чалдыкканымды билдик. Боорумдун 70 пайызы жабыр тартып калыптыр. "Алмаштыруу керек" дешкен. Бирок анализдерим жакшы болгондуктан дары ичип, боордогу жаман нерселер чыгып турушу үчүн убактылуу медициналык түтүкчө коюлган. Ошол менен бала багып, Бишкектеги Биринчи Май райондук поликлиникада иштеп эле жүргөм. Өткөн жылдын декабрь айында тамакка табитим жоголуп баштады. Анан кезектеги текшерүүдөн өтүп, оору боор циррозуна өтүшүп кеткенин билдим. Убагында алмаштырбай, акча каражатын чогултуп жүрүп, убакыттан уттуруп, ушунчалык өтүшүп кетти деп ойлойм. Учурда операцияга чоң суммадагы акча керек болгондуктан элге кайрылуу жасадык.

“ООРУ МАГА КАНТИП ЖАБЫШТЫ?”

– Мен Кара-Суу районуна караштуу Талдык деген айылдан болом, Алай району менен чектешкен жерде. Бул жер альвеококкоз илдетинин булагы болгон деп ойлойм. Анткени 2010-жылдан тарта көп жылдар бою Алайда, биздин райондо бул ооруга чалдыккандар, жугузуп алгандар арбын болуп жатты. Алсак, мен ооруган жылдары менин эки классташым да ооруп калышкан, бирок алар убагында билип калып, операция жасатууга жетишкен. Ал эми менде оору кан тамырларды жабыркатып жибергендиктен боорду алмаштыруу зарылчылыгы жаралган.

Бирок ошол убакта эмнегедир Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти бул нерсени учурунда көзөмөлгө алган жок. Билишимче, дале ооругандар көп.

“ТУРМУШКА ЧЫКСАҢ ӨТҮП КЕТЕТ ДЕШКЕН”

– Оорунун алгачкы белгилери болуп – бетиме безеткилер чыгып баштаган. Дарыгерлерге кайрылсам, “турмушка чыксаң өтүп кетет” деп коюшчу. Жумуш жасагым келбей, оорлошо бергем. Жалкоо болуп баратат окшойм деген да ойлор болчу. Көрсө, ошондо организмде боор жабыркап бараткан экен. 2 жолку удаа төрөт да ооруну күчөтүп салды окшойт.

Ооруп жүргөнүнө карабай Дилара Товалдиева пандемия учурунда кызыл зонада иштеп, коронавируска каршы күрөшкөн. “2020-жылы пандемия башталып, дарыгерлер арасында да оору күчөп, жумушта 2 эле кызматкер калдык. Тынбай иштеп жүрүп, убагында дары-витаминдер ичилбей, ошол кезде да бир аз урунуп калдым. Тез-тез чарчай турган болуп баштадым”,- дейт ал.

Ал эми 2019-жылы кайрымдуулук фондунда ыктыярчы, 2021-жылы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Баткенде кызмат кылып иштеген.

Анын айтымында, учурда Индиядан операция жасатууга 45 миң доллар керектелет. Ага бир тууган иниси донор болот. “Иним да азыр толук текшерүүлөрдөн өтүп, организмин операцияга даярдап жатат. Учурда акча каражаты бир аздан болсо да чогулууда” дейт каарманым.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

Мбанк: 0709 56 72 11 (Дилара Т)

О! Деньги: 0709 56 72 11

Элкарт (Кыргызстан банк): 9417 1890 0579 6965

Турсунай Алымкулова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1061, 7-13-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан