АЛАЙДЫН КИЧИ-КАРАКОЛ АЙЫЛЫ

Кичи-Каракол – туристтерди кызыктырган кооз айыл. Алайдын бийик тоолору курчап, жайында жашыл шибер жамынса, кышынын кооздугу да башкача дешет жергиликтүүлөр. Айылдын таржымалы жана анда жашаган элдин жашоо-турмушу менен айыл башчысы Акыл Сатаров тааныштырат.

АНКЕТАСЫ

Жайгашкан жери – Ош облусу, Алай району, Үч-Дөбө айыл өкмөтү

Географиялык абалы – район борборунан 63 чакырым алыс

Кожолуктун (түтүн) саны – 350

Элдин саны – 2046 адам

Нурмамат Төрөкулов, айыл тургуну: “АЙЫЛЫБЫЗДЫН ЭКИНЧИ АТЫ – ЖҮРКҮН”

– Биздин Кичи-Каракол менен катар Чоң-Каракол айылы жайгашкан. Каракол деген аталышты окумуштуулар байыркы монголдордун “карагол” деген сөзү менен байланыштырышат. “Кара” – чоң, ал эми “гол” – суу дегенди билдирет. Сыягы, илгери ушул жерлерде эки өзөн болгон окшойт.

Айылдын дагы бир аталышы – Жүркүн. Колхоздоштуруу убагында Юркин деген орус келип башкарма болуп иштеген экен. Айылды анын атынан Юркин атап жүрүшүп, кийин тилге ылайыкталып Жүркүн аталып кетиптир.

Айыл өкмөтүбүздүн Үч-Дөбө аталышы айылыбыздагы бийик 3 чокудан улам чыккан. “Дөбө” деп туура эмес айтылып, жазылып калган. Туурасы "төбө”, чоку деген мааниде. Адамдар деле төбөсүн чоку дешет го. Негизи андай чокулар айылда бешөө. Бирок үчөөсү бийик болгондуктан тээ алыстан эле шаңкайып көрүнөт. Илгери кербенчилер, дегеле айылга келип-кеткендер “Үч-Дөбөгө жетип эс алалы” дешип жүрүп Үч-Дөбө аталыптыр.

Айылыбызда “Кежиге” деген көл бар. Узундугу 1 чакырым, туурасы 250-400 метрдей. Ошол көлдү көргөнү туристтер көп келишет. Жаз келип, кар эриген маалда зоодон ылдый аккан суу көлгө шаркыратма болуп куюлуп турат.

Айылдын четинде Төрт-Күл деген жерде эски мүрзөлөр бар. Ал жерге убагында ушул аймакты байырлаган сактардын сөөгү коюлган дешет. Союз кезинде археологдор келип изилдеп, казып, мүрзөдөн табылган байыркы буюмдарды “көргөзмөгө коюлат” деп алып кетишиптир.

Акыл Сатаров, айыл башчысы: “АЙЫЛДА АРПА МЕНЕН КАРТОШКА ГАНА БЫШАТ”

– Айылда олжоке, көкчө, жоош, жору уруулары жашайт. Негизинен мал багып тиричилик кылабыз. Сүт, сүзмө, курут, кымыз сатып акча тапкандар да бар.

Биздин айылда дан өсүмдүктөрүнөн арпа, жашылчалардан картошка гана бышат. Ушуларды тигебиз, калгандарын сатып алабыз. Былтыр айылдын башындагы булактардан чыккан сууну түтүк менен айылга алып келгенбиз. Айрым үйлөргө жеткен эмес, алар сууну Кичи-Каракол дарыясынан ташып ичишет. Учурда түтүктөр менен үйлөргө суу киргизүү иштери жүрүүдө. Мындан тышкары спорт аянтчасы курулуп жатат.

Айылдын табияты кооз. Бөрү карагат, чычырканак, ит мурун, ышкын, кымыздык, жапайы пияз жана башкалар өсөт. Жапайы пиязды терип келип, көк самса жасашат. Тоодон өйдөлөгөн сайын көпчүлүк тоолуу айылдардагыдай эле кекилик, чил, түлкү, карышкыр, чөө, коён кездешет. Чөө менен карышкыр кышкысын айылга чейин түшүп келип, малга кол салган учурлар көп. Малга чөптү Алай жайлоосунан чаап, ташып келебиз.



Акзыйнат Өмүрова, уз: “ТЕРИ АШАТЫП ТОН ЖАСАЙМ”

– Апам уз эле. Кичинемден ага жардамдашып жүрүп кол машинада кийим тиккенди, тери ашатып, ийлегенди, чий, өрмөк сокконду, сайма сайганды үйрөнгөм. Көлдөлөң, тон, боз үйдүн жип-шуусун, тери чокой жана башкаларды жасайм.

Насиридин Маматов, сүрөт сабагынан мугалим: “АЙЫЛЫМДЫН СҮРӨТҮН КӨП ТАРТАМ”

– Кичинемден сүрөт тартам. Окуучу кезимде тарткан сүрөттөрүм “Кыргызстан пионери” гезитине жарыяланып жүрдү. Кийин сүрөтчүлүктү окуп бүтүрдүм. Сүрөт көргөзмөлөрүнө катышып келем. Эмгектеримди мекендештер, айрымдарын чет өлкөлүктөр сатып алышкан. Айылымды көп тартам. Мектепте да көп сүрөттөрүм сакталып турат.

Шекергүл Токоева, Сами Дооронов атындагы Алай райондук балдар искусство мектебинин филиалынын завучу: “МЕКТЕПТЕ АККОРДЕОН, ПИАНИНО, КОМУЗ ҮЙРӨТҮЛӨТ”

– Мектепте учурда 40 бала билим алып, 7 мугалим эмгектенет. Аккордеон, сүрөт, пианино жана комуздан сабак берилет. Мен комуздан сабак берем. Окуучуларыбыз райондук, облустук кароо-сынактарга катышып, байгелүү орундарды алып жүрүшөт. Баары улуттук формалар менен камсыздалган. Ушул мектептин арты менен окуучулар да, жалпы элибиз да искусствого жакын. Айылдын өзүнүн “Шайыр апалар” тобу бар.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1061, 7-13-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан