Корей киносунда жылдызы жанган өзбекстандык актёр ПАК СОЛОМОН

2022-жылы Netflix платформасына “Баарыбыз өлдүк...” хоррор-сериалы жарык көрөрү менен дораманын актёрдук курамы атактуу болуп ойгонду десек болот. Анткени сериал ондогон өлкөгө тарап, Netflix’теги эң популярдуу долбоорлордун катарын толуктаган. Ужас, фантастика, драма жанрындагы дораманы көпчүлүккө сүймөнчүк кылган актёрлордун арасынан Пак Соломонго да кызыгуу күч болду. Анын Өзбекстанда төрөлгөнүн укканда ого бетер. Быйыл аталган сериалдын 2-сезону жарыкка чыгат, анын да хит болорунан күмөн жок. Качан чыгат деп күтүп жаткандар алдын ала сериалдагы баш каармандардын бири Пак Соломон тууралуу кызыктарды окуп алса болот.

Аты-жөнү: Пак Соломон

Туулган жери: Өзбекстан

Псевдоними: Ломон

Туулган жылы: 1999-жыл, 11-ноябрь

Жылдыз белгиси: чаян

Кесиби: актёр, модель

Бою: 183 сантиметр

Тартылган белгилүү сериалдары: “Дарыгерлер”, “Шопинг падышасы Луи”, “Өч алуу күндөлүгү”, “Баарыбыз өлдүк...”, “Башкалардын өч алуусу” жана башка

  • Пак Соломон корей, англис, орус, кытай тилдеринде эркин сүйлөйт.
  • Кош жарандуулукка ээ: Өзбекстан жана Түштүк Кореянын жараны.
  • “Баарыбыз өлдүк...” дорамасы чыккандан кийин 1 жума аралыгында актёрдун Инстаграм баракчасына 2 миллиондон ашык катталуучу жазылган. Азыр анын @lomon991111 баракчасындагы катталуучуларынын саны – 6,2 миллион.
  • Ырчылардан Кореядагы атактуу BIGBANG тобунун күйөрманы. “Мистер Саншайн” дорамасын көргөндөн кийин актёр Ли Бён Хондун чеберчилигине суктанып, андан үлгү алгысы келгенин айтат.
  • Бош убактысында китеп окуганды жактырат. Анан да гуманитардык илимдерге кызыгат. Спорт менен машыгууну күнүмдүк адатка айланткан.

Өзбекстан

Соломон. Еврейлердин 3-падышасынын атын алып жүргөн Пак Соломондун бабалары 19-кылымда Өзбекстанга барып отурукташып калган этникалык корейлер. Пак үй-бүлөдө жалгыз бала, ал төрөлгөндөн көп өтпөй ата-энеси Орусияга көчүп келишет. Баласы 5 жашка чыкканда түпкү мекенине эле кетүүнү чечип, Түштүк Кореяга багыт алышкан. Ошентсе да үй-бүлөнүн Өзбекстан, Орусияда жашаган жакын санаалаштары көп. Пактын да орус, өзбек улутундагы достору бар.

Спорт

“Мектепте же окууга, же спортко жакын окуучулар болот эмеспи. Мен экинчи түрүнө кирчүмүн. Эгер боюм кичине, арык болбосом спортко деле мынчалык кызыкпасам керек эле. Анан жанымдагылардан “мынча арыксың” “ийини кыздардыкындай кичине” деген сөздөрдү угуп комплекс кармай баштагам. Кой дедим да, сууга сүзүү ийримине жазылдым. Бир нече жыл талыкпай машыгып жатып боюм 180 сантиметрден ашты, ийиним “кең далылуу” деген категорияга кирип калды...” Спортко болгон сүйүүсү тууралуу ой бөлүшкөн Пак учурда да сууга сүзүүнү жакшы көрөт, андан сырткары жумасына 2-3 жолу спорт залга барганга убакыт бөлөт. Жакындан бери гольфко кызыгып жатканын айтат.

Кыял

Соломон кичинесинде актёр эмес, ырчы болууну кыялданчу. Телевизордон k-pop айдолдордун ырдаганын, бийлегенин көрүп туураганга аракет кылар эле: “Бийлегенди бат эле өздөштүрүп кеттим, бирок ырчыларга тиешелүү вокал табияттан берилбесе болбойт экен. Анан ата-энем менен кеңешип, актёрлук багытта билим алайын деп чечтим”.

Краш

Эң алгач 2014-жылы “Кылымдын келини” сериалында тушоосу кесилген. Башкы ролдорго актриса Пак Шин Хе менен актёр Ким Рэ Вон тартылган “Дарыгерлер” дорамасында Ким Рэ Вондун жаш кезин ойноду. Баш каармандардын жаш кезин же болбосо экинчи пландагы башка образдарды жаратуу менен бирге улуулардан тажрыйба да топтой берди. Анан көптөн күткөн сунуш түшүп, 2017-жылы чыккан “Өч алуу күндөлүгү” сериалында биринчи жолу баш каармандын образын жараткан. Ошол эле жылы кытай кино жаратуучуларынан “Лукизм” сериалына чакыруу алат. Сериалга тартылуу үчүн актёр кытай тилин кыска аралыкта үйрөнүп чыккан. Бул учурда күйөрман топтогон Пактын сүрөтү интернет желесине “краш” деген сүрөттөө менен тарап баштаган.

Чочуткан атактуулук

2022-жылы Netflix зомби-апокалипсис тууралуу “Баарыбыз өлдүк...” сериалын чыгарды. Биология мугалими Линин баласын классташтары дайыма шылдыңдап, кордук көрсөтө беришет. Баласын күчтүү кылам деген Ли лабораториядан дары иштеп чыгып, келемишке эксперимент кылып көрөт. Ал учурда баласы мектептеги кордукка чыдабай өз жанын кыюуну чечет. Ли уулун сактап калуунун аракетинде толук изилдене элек дарыны баласына берет. Баласы тирүү калганы менен, зомбиге айланды... Аны чынжырга байлап коюп, атасы күнүгө изилдөөлөрүн уланта бермек. Бирок бир күнү окуучу кыз капыстан лабораторияга кирип, баягы келемишке тиштетип алат. Ошондон баштап мектепте зомби-апокалипсис башталды... Өзүн жана классташтарын сактап калганга аракет кылган окуучулардын катарында Ли Сухёк (Пак Соломон) да бар... Мына ушундай кызыктуу сюжетке ээ сериал эл аралык популярдуулукка ээ болуп, аны менен катар мурда-кийин чет элге аты чыга элек жаш актёрдук курам да атактуулукка ээ болгон. “Сериал чыккандан баштап 2 жума рейтинг боюнча биринчиликтен түшкөн жок. Анан Нью-Йоркто Таймс-сквердеги килтейген баннерде биздин сүрөттөр илинип турганын көрдүм. Инстаграмда катталуучуларымдын саны рекорддук ылдамдык менен өсүп жатты. Ошондо көптөн күткөн ийгилик келгенин түшүндүм. Бир чети коркуп, чочуп да кеттим. Кийинки долбоордо мага ишенип күйөрман болгон адамдардын ишеничин актай аламбы деп. Анан жашмын, барган сайын өсүүгө, үйрөнүүгө, мыкты актёр болууга болгон күчүмдү жумшайм деп өзүмө сөз бердим”,- дейт атактуулугу тууралуу Пак Соломон.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1061, 7-13-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан