Дамира Ишиева, 38 жашта: “БАЛДАР ҮЙҮНӨ ТАШТАГАН КЫЗЫМДЫ ЧЫГАРГАНЫ ЖАТЫШАТ, АЛПАРЧУ ЖЕРИМ ЖОК”

“Өз канымдан жаралган баланы Орусиядагы балдар үйүнө таштоого жүрөгүм чыдаган жок. Мына 18 жылдан ашты, мүмкүнчүлүгү чектелген татынакай кыздын энесимин. Кызым акылдуу, абдан сезимтал. Бүгүнкү маекке да анын макулдугу менен келдим”,- деген эне оор тагдырын баяндап отурду. Турмуштук сыноолор каарманымды чыйралтыптыр.

“Дарыгер бала туура эмес өнүгүп жатат деген”

– Атым Дамира, 38 жаштамын, Жалал-Абад облусунан болом. Мектепти бүткөндө көпчүлүк кыргыз жаштары сыяктуу эле иштеп келүү үчүн атама кошулуп Орусияга кеткем. Атама Орусиянын климаты жакпай Кыргызстанга кайтып келе берди, мен иштеп калдым. Ошол убакта батирде чогуу жашаган бир жигит экөөбүз бири-бирибизди жактырышып, 18 жашымда ага турмушка чыктым. Бат эле кош бойлуу болуп, иштебей үйдө отуруп калдым. Бир жолу Бишкекке келгенде УЗИге түштүм. Ошол жерден дарыгер “бала туура эмес өнүгүп жатат” деди. Кетер убактым болуп кайра Москвага, күйөөмдүн жанына кетип калдым да, 2004-жылы Орусиядан тун кызым Анжеликаны төрөдүм. Төрөлөрү менен баланы жандандыруу бөлүмүнө жаткырышты. Анткени кызым омурткасы сыртка чыгып, жүлүндүн ачык грыжасы менен төрөлдү. Кыйналып төрөгөндүктөн өзүмө келе албай жаттым. Ошол маалда врачтар “азыр кызыңа операция жасатууга макулдугуңду бер. Болбосо баланы сактап кала албайбыз” деп туруп алышты. Эмне кылышты билбей, акыры макулмун деп кагазга кол коюп бердим.

“6 жыл ооруканада жаттык”

– Операция жасалып, сыртка чыгып калган жүлүндү алып салышты. Дарыгерлер “кызыңар ушул боюнча баспайт, башы чоңоюп кетет, бара-бара өз алдынча заара да кыла албай калат. Эгерде карай албасаңар, ушул жерге таштагыла, балага керектүү кам көрөбүз. Баш тарттык деп тил кат жазып бересиңер. Болбосо, алып кетип өзүңөр карагыла” дешти. Тун наристебиз, кантип таштап коймок элек. Ыйлап “жок, өзүм карайм, бастырам” деп бербей койдум. “Макул, бала өзүнө келгиче, торолгуча биз карашабыз” дешти. Ошону менен ооруканада 6 жыл жаттык.

Бул 6 жылдын ичинде көрбөгөн күнүбүз калбады. Башына суу толуп кала бергендиктен атайын жабдык (шунт) койдурдук. Бул – баланын башына бомба тагылды дегендей эле кеп. Абдан этияттык менен каралыш керек. Бала да, басам деп умтулат, жөрмөлөйт. Басам деп аракет кылып жатып бир күнү буту чыгып да кетиптир. Ооруканага кайра жатып, бутуна операция жасаттык.

Кызым экөөбүз оорукана, “Тез жардам” дегенде безилдеп калганбыз. Ооруканада жаткан күндөрү кызымды бирөө-жарым карап турса, үйгө барып жуунуп, бир аз эс алып келсем дейт элем. Бирок бизге күйгөн эч ким болбоду. Ал ортодо экинчи жолу кош бойлуу болуп калдым. Кийин кызымды Кыргызстанга алып келдим. Ошол убакта жолдошум башкага үйлөнүп алганын уктум.

“Аргасыздан кызымды балдар үйүнө өткөрдүм”

– Колумдагы ымыркай, анан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү кызым менен жашоо оорлошо берди. Анжелика да чоңоюп калган. Кайдан окутсам болот деп Бишкектен маалымат издей баштадым. Бир күнү мага “Үмүт” деген окуу борборуна баруумду сунушташты. Бирок ал жер эмнегедир кызыма жакпады. Анан атайын комиссиядан өтүп, Беловодсктогу балдар үйүнө алпарсам болорун, ошол жактан билим берерин айтышты. Ал жакка “каттоосу жок экен, албайбыз” деп жатып 1 айдай кезек күтүп анан жайгаштырышты. Кызыма ал жер жагып, бүгүнкү күнгө чейин ошол жакта.

Көпчүлүк “энеси таштап кетип калды” деген ойдо калбасын дейт элем. Анткени Орусиядан иштеп акча таап, үй алышым керек болчу. Кызыма керектүү дары-дармектерди, майда-чүйдөлөрдү жиберип, күн сайын телефон аркылуу сүйлөшүп турдук. Башында сагынып “Бишкекте эле иштеңизчи” деп жүрдү. Кийин чоңоюп, курбу-курдаш күтүп, мени түшүнүп, андай сөздөрдү айтпай калды. Менин чет жерге кеткенимди, иштеп акча табуу зарыл экенин кызым түшүнүү менен кабыл алды. Ал акылдуу, абдан сезимтал.

Өткөн жылдын декабрында 18ге толду. 18 жаштан кийин автоматтык түрдө балдар үйүнөн чыгарып, же башка жакка которушат экен. Ал жактагылар менен “кызым дагы бир аз жашай турсун” деп сүйлөшүп койгонбуз. Бишкекке алып келгенге азырынча шартым жок.

“Мен өлүп калсам, кызыма ким күйөт деп чыйралгам”

– Ошентип кичинекей баламды алып, иштеп келүү үчүн кайра Москвага кеттим. Кыйын күндөр көп өттү. Ишенесизби, жашоодон ушунчалык тажап, өмүрүңдү кыйгың келген учурлар болот экен. Анан ойлонуп, “мен өлүп калсам, Анжеликанын көргөн күнү эмне болот, кыз мага керек, менден башка буга ким күйөт?” деп өзүмдү колго алчумун. Маанайым жок экенин же ооруп калганымды дароо сезет. Анан “апа, сиз жакшы жүрүңүзчү, сиз жакшы маанайда жүрсөңүз мен өзүмдү жакшы сезем” дейт. Мен ооруп калсам, ал да ооруп калат. Ошон үчүн да ага ыйлаганымды, кайгырганымды көрсөтпөйм (ыйлап).

Балдар үйүндө өскөн балдар абдан сезимтал болушат экен. Ыктыярчылардын да ал жерге кандай максатта барганын дароо сезишет. “Сүрөткө, видеого тартпасынчы, келсе, биз менен жөн эле сүйлөшкөнү келишсин” дейт. Ал жерде да “балдарды камерага тартпагыла” деп эскертишет. Макул деп коюп байкатпай тарта бергендер бар экен.

“Үйүм болсо кызымды өз колума алат элем”

– Мендеги негизги көйгөй – батир маселеси. Мүмкүнчүлүгү чектелген баланы кароо үчүн ысык, муздак суусу бар, шарты жакшы, шаарга жакын үй болсо дейм. Анткени кызымды балдар үйүнөн алып чыгып, өзүм карагым келет. Учурда жашап жаткан батиримде кызымды кароого шарт жок.

Анжелика чоңоюп калган, үйдө эртеден-кечке камалып жалгыз отургусу келбейт. Андыктан ага да ылайык окуу, өнүктүрүү курстары табылса жакшы болмок. Учурда кимге, кандай фонддорго кайрылууну билбей турам. Мамлекетке же президентке кайрылуудан пайда жок дешет. Мага окшоп жардам сурагандар көп турбайбы.

Жардам берүү үчүн реквизиттер: Мбанк 996999070486 Дамира И.

Турсунай Алымкулова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1062, 14-20-апрель, 2023-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан