Адилет Токтосунов: «ЕВРОПАДА ФУРА АЙДАП 15 ӨЛКӨНҮ КЫДЫРДЫМ»

“Европада, АКШда трак (жүк ташуучу унаа) айдайт” деген мекендештер тууралуу көп эле угуп жүрсөңүз керек, окурман. Бул жолу ошол ишти аркалап жүргөн мекендешибиз Адилет Токтосунов менен маектештик. Биз байланышкан убакта Адилет мырза жүк ташуучу унааларды Германиядан Швецияга алып өтчү кемени күтүп жаткан экен. Жумушунун оош-кыйышы, Европадан алган таасирлери тууралуу кызыктуу баян куруп берди.

– Адилет мырза, Европага кеткениңизге канча убакыт болду?

– Европага келгениме 9 ай болду, учурда Даниядамын. Бул жакта досторум иштечү, аларды көрүп мен да барып иштеп келүүнү чечтим. Башында Литвадагы бир фирма менен сүйлөшүп, алардан чакыруу алып, ошонун негизинде виза ачтырып келгем. Өзүм Ат-Башы районунун Талды-Суу айылынан болом, үй-бүлөм Бишкекте турат.

– Виза ачтыруу кыйын болдубу?

– Виза алуу жеңил эле болду. Башында Литвага виза алууга документтерди Алматы шаарына барып тапшырышчу. Мен аларда Бишкекте виза борбору ачылып, биринчилерден болуп тапшырып калгандыктан виза 53 күндө даяр болду.

– Дайыма жолдо жүрөсүз, жумуштун негизги кыйынчылыгы кайсы сиз үчүн?

– Ооба, биздин жумуш жол жүрмөй. Тамакты да фуранын ичинде газга жасап, салондон тамактанып, уктап, иштөөгө туура келет. Шенген аймагына кирген бардык Европа мамлекеттерин кыдырып товар ташыйбыз. Жүктөй турган даректи беришет, ал жакка барабыз, жүктөп беришет, бара турган жердин дарегин берет, ал жакка таштайбыз. Кайсы жол менен барарыбызды фирма өзү картадан белгилеп турат. Литвадан чыккан бир сапар 2 айдан ашык убакытка созулат, анан кайра Литвага фирмага барып отчёт тапшырабыз. Жаңы барганда фирма атайын окутуп, экзаменден өткөрөт. Андан өткөндөрдү гана 2 айга стажировкага жиберет. Стажировкадан келгенден кийин да кайра экзамен тапшыртып, өтсө гана кийинки 2 айлык сапарга жиберет. Фура айдагандардын маянасы Европанын бардык мамлекеттеринде дээрлик бирдей эле, күнүнө 70 евродон жогору төлөшөт.

– 9 айдын ичинде канча мамлекетти кыдырдыңыз? Кандай өзгөчөлүктөрдү байкадыңыз?

– Европанын 15тен ашык мамлекетин кыдырдык. Өзгөчөлүктөрүнөн – европалыктарда биздегидей уялып-тартынуу деген жок. Анан бизде жарандар көчөдө маанайы суз, кабактарын бүркөп жүрүшөт го, бул жакта баары күлүп-жайнап, таанысаң-тааныбасаң деле учураша беришет экен.

Тамак-аш бизге салыштырмалуу кымбат, бирок айлык ошого жараша жогору. Мисалы, бөлкө нандын эң арзаны биздин акчага 100 сомдон башталат. Испания, Португалия ысык болгондуктан жашылча, мөмө-жемиштер арзан. Польша менен Литвада азык-түлүк арзаныраак, Европанын калган мамлекеттеринде, мисалы, Норвегия, Бельгия, Нидерланд, Францияда аябай кымбат. Тазалык жагынан Дания, Бельгия, Нидерланд алдыда экен. Норвегия аябай кооз өлкө, суу кенен, балыктын мекени. Ал эми Австриянын жаратылышы биздин Кыргызстанга окшошуп кетет. Европага эс алып келгендер Мадрид, Париж, Рим сыяктуу тарыхый шаарларга саякаттап “сонун, кооз, таптаза экен” дешет эмеспи. Бирок биз жүк ташып Испаниянын, Италиянын четки аймактарына барып калдык, кир, биздикиндей эле таштандылар чачылып жаткан, каралбай калган талаа-түздөрү деле көп.

Француз, испан, италяндар нацист болушат экен, негизги тил деп саналган англис тилинде сүйлөшпөйт. Ал эми литвалыктар менен латвиялыктар Орусияга жакын болгондуктан көбүнчө орусча сүйлөшөт. Биз англис тилинде билген сөздөрдү сүйлөп, билбей калган жерден кол жаңсоолор менен түшүндүрөбүз.

– Жер которуп барганда кандай кыйынчылыктарга туш болдуңуз?

– Килейген унааны айдап жүрүү деле кыйын. Фура айдаганды мурунтан билсем деле, бул жактын жол эрежелерине, жумушка көнүү оорчулук жаратты, көп адаштык. Көбүнчө чоң трассаларда – автобанда жүрөбүз. Жол чырак болбойт, атайын белгиленген ылдамдыкта токтобой айдоо кажет. Бизде, мисалы, Кыргызстандан Казакстанга жүк алып өтүү үчүн кезек күтүп суткалап туруп калып жатышпайбы, бул жакта андай жок. Чек аралардан тоскоолдуксуз өтүп кетебиз. Полиция кызматкерлери деле көп токтото беришпейт, эгерде күмөндүү бир нерсе байкап калышса, жаныңа унаасы менен келип алдыңа өтөт да, мигалкасын иштетип жакынкы унаа токтотуучу жайга чейин сени ээрчитип барып, ошол жактан текшеришет. Биздегидей унааны дароо жолдун боюна токтото калып документ текшермей жок.

– Жумуштун режими кандай?

– Жумуш режими бир күндө 15 саат берилет. Анын 9-10 сааты унааны айдаганга, калганы жүк түшүрүп, жүк жүктөөгө. 9-10 саат унаа айдасаң, ар бир 4 жарым саатта 45 мүнөт эс алуу кажет. 4 жарым сааттан 2-3 мүнөт эле ашык айдасаң “иш графигин бузду” деп айып пул салышат. Айып пулдун өлчөмү 700 евродон жогору. Эгер унаада 2 киши болсоң, сутканын 21 сааты иш убактысы деп эсептелет. Негизи фура айдагандарга уурулар кол салган учурлар болот экен, мисалы, Францияда, Швецияда, Бельгияда ушундай окуя болгонун угуп калдым. Фура бак толо май менен жүргөндүктөн, бактарды тешип солярка уурдашат экен. Уктатуучу газ чачып, айдоочуну уктатып коюп акча, документтерин уурдап кеткен учурлар болуптур. Кудай сактасын, мен андайга жолукпадым.

– Фура айдаган кыргыздар көппү Европада?

– Ооба, көп. Кыргыздарга бул жумуштун актуалдуулугу мындан 3-4 жыл мурун башталган экен, дагы деле агылып келип жатышат. Акыркы 1 айдан бери Литва Кыргыз жарандарына виза бергенди токтотуп койду. Убактылуу жашап туруу укугун алып келгенге аракет кылып жатышат. Мекендештерибиз Литвага эле эмес, Венгрия, Польша, Германия жана башка өлкөлөргө агылып келүүдө. Айлыгы жакшы төлөнөт. Мен дагы жаныма бирөөнү алып, ага жумушту үйрөтүп жатам. Мурда өзбек улутундагы бир кишиге үйрөткөм, азыр жанымда кыргыз бала бар.

– Мекенди сагындыңызбы?

– Албетте, алыста жүрүп туулган жериң көздөн учат. Айрыкча ата-энеге, туугандарга, үй-бүлөңө болгон сагыныч күч болот экен. Буюрса, жакын арада барып келүүнү пландап жатам.

– Алдыда кандай пландарыңыз бар?

– Үй-бүлөмдү бул жакка алып келсем деген ой бар, балдарым Европада окуп-билим алса дейм.

– Кыргызстан Европадан эмнелерди үйрөнүш керек экен?

– Салыштырсак, биз 50 жыл артта калгандайбыз. Мындай өнүгүүгө илим-билимдин таасири чоң болгону айдан ачык. Ошондуктан алгач билим алуу маданиятын өнүктүрүп, басым ошого жасалса дейт элем.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
kun-nuru
2023-04-19 05:17:00
Менин акем да сиздикиндей иш менен бүт европаны кыдырып иштейт. Жүргөн жерлеринен көп видеолорду жөнөтүп турат бизге. Бир аз тыныгып кече кайра учуп кетти. Иштериңерге ийгилик.
0
№ 1062, 14-20-апрель, 2023-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан