Адина Исаева, 24 жашта: “БАЛАМ ДА, ЖОЛДОШУМ ДА РАККА КАБЫЛДЫ”

Биздин бул жолку каарманыбыз Адина Исаева “балам да, жолдошум да рак илдетине чалдыгып, кыйынчылыктын сазына батып турабыз. Баламдын бөйрөгүндөгү шишикти алдыртсак, эми боорунда бар экен. Жолдошумдуку башында...” деп көзүнө жаш алды. Оор абалда турган эне элден жардам сурайт.

“Жолдошум басып баратып эле өзүн жогото баштады”

– Мен Адина Исаева, 24 жаштамын. Үй-бүлөбүз менен Кемин районунун Борду айылында жашайбыз. Жолдошум экөөбүздүн 2 балабыз бар. Өзүбүздүн үйүбүз жок болгондуктан пенсия курагындагы кайната-кайненем менен чогуу турабыз. Үйдө бизден башка 2 кайнагам үй-бүлөлөрү менен жашайт. Ошентип бир үйдө 13 адам баш калкалайбыз.

Жолдошум Элдияр 26 жашта. Ал ооруй электе алтын кенинде жумушчу болуп иштеп, бизди багып жүргөн. Мен медициналык колледжди бүткөм, бирок 2 балам удаа төрөлгөндүктөн аларды карап үйдө отурдум.

Биздин башыбызга каран түн өткөн жылдын августунда түштү. Жолдошум басып баратып же отурган жеринен эле кулап түшө баштады. Биз кандайдыр бир оору жабышкан окшойт деп чочулап, Бишкекке келип текшерттик. Врачтар “мурдуна эт өсүп кетиптир (полип), ошону операция жасап алып салыш керек. Сыягы, полип таноону бүтөп, ошого организмине, мээсине кычкылтек жакшы жетпей жатат окшойт” дешти. Ошентип мурдуна операция жасалып, жолдошумдун абалы жакшыргансып калды. Эми тынчыдык го деп сүйүнүп турсак алдыда бизди башка жаман кабарлар күтүп туруптур.

“Баары балам катуу жыгылгандан кийин башталды”

– Сентябрда 3,5 жашар балам Али кайнагаларымдын балдары менен ойноп жүргөн. Чуркап баратып катуу кулап түшүп, бакырып ыйлады. Эртеси текшертип коёлу, кокус бир нерсе болсо кийин кеч болуп калбасын деп ооруканага алып бардык. Врач ичин кармалап, текшерип “жакшы эле” деп койду. Анан эле октябрда ичи шиший баштады. Кеминге алып барсак врачтар УЗИден өткөрүшүп, бизди Бишкекке, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна жиберишти. Аталган борборго келсек магниттик-резонанстык томографияга тарттырышып, нефробластома диагнозун коюп, жаткызып дарылай башташты. Бөйрөктө узуну 12, туурасы 9 сантиметр болгон чоң шишик бар экен. Балам 7 курс химиялык терапия алды, анан операция жасашты. Шишикти алып чыгышып, аны гистологиялык анализге жиберишти. Ал жактан “4-стадиядагы нефробластома, боордо метастаз бар” деп жазып беришти. Операциядан кийин балама 12 курс химиялык терапия алуусу керек экен. Ошондон бүгүнкү күнгө чейин 6 курс химия, 15 курс нур терапиясын алдык. Азыр деле аталган ооруканада жатабыз.

Врачтар метастаз боорунан башка жагында да болуп жүрбөсүн деп компьютердик томографияга тарттырып көрүштү. Бирок сөөктө метастаз бардыгын аныктай турган аппарат Кыргызстанда жок экен. Ошого Түркияга барып текшерилүү, болсо ошол жактан боорундагы шишикти алдыртуу керек болуп жатат. Учурда биз Түркиянын бир ооруканасынын врачтары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Алар текшерүүгө, анализдерине 20 миң доллар, эгер бооруна операция жасатсаңар ага 40 миң доллар кетет дешти.

“Жолдошумдун башындагы шишик өсүп жатат”

– Жолдошум басып баратып “башым айланып жатат” деген боюнча дагы 2 жолу кулап түштү. Анан Бишкекке келип, башын магниттик-резонанстык томографиядан өткөрттүк. Башында шишик бар болуп чыкты. Нейрохирургга барсак башын контрасттык магниттик-резонанстык томографиядан, дагы бир аппараттан текшертип, башта өлчөмү 12 миллиметрдей шишик бар экенин айтты. “Дары-дармек бербейбиз, 3 айдай байкоодо болосуң” деди. Башка нейрохирургга барсак “азырынча балаңарды дарылата бергиле. Күйөөңдүн абалы начарлаганда келесиңер. Ошондо кайра текшерип, шишиктин өскөнүн же өспөгөнүн аныктайбыз. Шишик мээнин эң терең жеринде экен. Аны операция жасап алып чыкканга бизде аппараттар жок. Эгер өссө Түркияга жиберебиз, ошол жактан операция жасатасыңар” деп узатты. Жолдошум жакында, 2-апрелде башын аппаратка кайра тарттырды. Рак 1 миллиметрге чоңоюптур. Шишик өсүп жаткандыктан Түркияга барып, операция жасатуусу керек болуп жатат. Түркиянын бир ооруканасы менен байланыштык эле, операциянын өзүнө 30 миң доллар, анализдерине жана башкасына 10 миң доллардай кетери маалым болду.

“Саталы десек унаабыз, үйүбүз же малыбыз жок”

– Ушинтип бир үйдө 2 адам жаман дартка кабылып, мөгдүрөп отурабыз. Сатып акча кылалы десек же унаабыз, же үйүбүз же малыбыз жок. Арга жок, акыры элден жардам суроону чечтик. Урматтуу эл-журт, бизге жардамга кол сунсаңыздар сиздерди Кудайым колдосун. Балам менен жолдошумду дарылатып, өмүрүн узартууга жардам бериңиздер.

Балам Али ак көңүл, жоош, жароокер, боорукер бала. Башында дары сайса ыйлап, үйгө кетеличи дей берчү. Азыр айыгуу үчүн дары ичип, укол сайдыруу керектигин түшүнүп калды. Ошого чыдамкай болуп баратат. Менин ыйлаганымды көрсө быйтыйган колдору менен көз жашымды аарчып коёт (ыйлап)...

Жолдошум өзүм да, балам да айыгып, эл катарына кошулсак деп күнү-түнү тилек кылат. Ага өзүнөн мурун да баласынын ооруганы оор тийип, аябай кыйналып кетти. Мен болсом экөөсүн тең ойлоп, жан дүйнөм сыздап, жүрөгүм тилинип, эмне жеп-ичкенимди да билбей калып жатам. Биздин акыркы үмүтүбүз сиздерде, кайрымдуу элим.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

МБанк: 996501979919

О! Деньги: 0509979919

Элкарт РСК: 9417 0894 4913 8776

Visa Кыргызстан Банк: 4177 4901 6812 0568

Айыл банк: 9417 3790 0807 9804


 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1063, 21-27-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан