БАТАНЫН КҮЧҮ ЖАНА КАСИЕТИ

Кыргызда бата алуу, бата берүү каадасы өзгөчө мааниге ээ. Илгертен “атаңдан бото калбасын, бата калсын” деп батанын касиетине баа берген элбиз. Батаны кимдер беришкен? Анын кадимки каалоо-тилектен айырмасы эмнеде? Бата берүү каадасы заманга жараша өзгөрүп, бузулдубу? Ушул суроолорго жооп издедик.

Бата деген эмне?

Бата – адамдын ичинен оргуштап чыккан чыныгы каалоо, ыраазычылык. Кыргыз сөздүн күчүнө, өзөгүнө терең маани берген. Адамдын жүрөктөн чыккан каалоосу угумдуу, так, таамай сөздөр менен коштолуп, кимдир-бирөөгө багышталат. Адам өзү ыраазы болуп турган абалындагы энергиясы менен бөлүшөт. Батаны азыркы күндө каалоо-тилектен айырмалай албай калгандар бар. Ата-бабабыз адамдын колунан келбеген нерсени гана тилек кылган. Адамзат жасай албаган ишти Кудайга, Жаратканга тапшырган. Эгер адамдын колунан келчү ишти атап арнаса, бул тилек эмес, жөн гана каалоо болот. Ал эми батада ошол жогорку күчтөр берүүчү, адамдын колунан келбеген жакшылыкты чын дили менен башка адамга арнайт, билдирет. Аны өзү жасай албагандыктан, “Жараткан ошол нерсени сага берсин” деп билдирген ыраазычылыгы. Мына, ушул чыныгы бата болот.

Амантур Жапаров, этнограф: “Батанын күчү – анын жүрөктөн чыкканында”

– Кыргыздын жашоосу башталгандан аркы дүйнөгө узаганга чейинки бардык баскычтары бата менен коштолуп, жашоосу бата менен иреттелип турган. Уул-кызын бата алууга дилгир чоңойтуп, батанын баасын акыл-эсине кыттай уютушкан. Кичүүлөр бата алайын деп улууларды аттан алып, атка мингизип, колуна суу куюп, кызматын кылганга дилгир болушса, келиндер жүгүнүп, тергеп, атайлап кийимин тигип берип батага арзышкан. “Манас” эпосунан мисал келтирсек, Каныкей энебиз кадырман Кошой бабабызга түмөн түйшүк менен кандагай тигип, аны Көкөтөй атабыздын ашында күрөшкө чыгар кезинде, абдан зарыл учурда тартуулап, анын батасын алган. Ошол батадан кийин Семетей төрөлгөн экен.

Ал эми батанын келип чыгуу тарыхына токтолсок, орто кылымдарда түрк элдеринде бата алкыш түрүндө айтылчу. Кийин исламдашуу доорунда алкыш батанын формасына өткөн. Батаны азыркы турмушта баары эле берет, ата-эненин балага батасы же балдардын чоңдорго берген батасы. Негизи батаны көптү көргөн акылман, көрөгөч, көсөм, эл арасында кадыр-баркы жогору аксакал киши бергени туура. Бата берген адамдын даражасы канчалык бийик болсо, берген батасы да күчтүү болот. Кыргыздар Кошой, Бакай атабыздай кадырман аксакалдардан бата алууга ынтызар болушкан. Мезгил, доор алмашкан сайын каада-салт да ошол заманга ыңгайлашып өзгөрүп турат. Азыр жентек тойду 200 киши чакырып кафе-ресторандан берип жатышпайбы. Мурун бир кой союп тууган-туушканын, кошуна-колоңдорун үйгө чакырып эле беришчү. Башкача айтканда, элден бата алууну бир аз коммерциялаштырып алдык. Батанын күчү – адамдын чын жүрөктөн айткан сөзүндө, сөздүн күчүндө. Азыр тойдо тамадалар деле бата берип жатпайбы, мен ушуну туура көрбөйм. Бата жаттама болбойт, ар кайсы адамга өзүнчө, даректүү айтыла турган нерсе.

Гүлдатка Турдалиева, батачы: “Бата канды тазалап, жолуңду ачат”

– 15 жылдан бери кайып дүйнөдөн берилген ата-бабалардын батасын изилдеп келем. Бата негизи көп түргө бөлүнөт, ата-эненин батасы, элдин батасы жана башкалар. Бирок ошолордун ичинен кайып дүйнөдөн келип, ата-тектериң аркылуу айттырган батаны эң күчтүүсү деп билем. Муну касиети бар, кайып дүйнө менен байланышы бар гана адамдар айта алышат. Мен ата-тегимдин ушул жолунда экениме сыймыктанам. Менин батам менен төрөбөгөн келиндер төрөп, жолу буулгандардын жолу ачылып кеткен учурлар болду. Бата – караңгыдан жол таап жарык берет, кандагы каралыкты, арамдыкты тазалайт, жолуңду ачат. Кыргыз сөздүн күчүн, кубатын билген эл. Бир сөз менен адамдын төбөсүн көккө жеткирип, бир сөз менен тукум курут кылып койгон олуялык касиети бар батачыларыбыз болгон. Алар кааласа жамгыр, кааласа мөндүр жаадыра алышкан.

Бата – каныбыздагы акыйкатты ача турган, өзөгүбүздү ойгото турган кубат. Мисалы, сизге бирөө ичинен өтө катуу ыраазы болсо, сизге анын батасы тийген болот, кала берсе кийинки муундарыңызга чейин анын батасы тие берет. Ошого кыргыздар элдин, ата-эненин ыраазычылыгын алууга аракет кылышкан. Илгери байлар 1000 кой, 1000 жылкы сайып элден бата алышкан. Эмне үчүн? Анткени ошончо көп адамды ыраазы кылды, оюн-күлкү тартуулап маанайын көтөрдү.

Тескери бата деген да түшүнүк бар. Мисалы, жаман иштерди жасап, кыянатчылык иштери менен элге жаман көрүнгөн адамдарга тескери бата беришкен. Тескери бата бергенде, атасынан баласына өтүп уланып отуруп, ал айыккыс дартка айланып кетиши мүмкүн. Адам 7 атасынан 77чи атасына чейин тазалангысы келсе, батаны көп алышы керек. Батага бап, бактыга чак болчу амал-аракеттердин чеги жок. Ошондуктан бата ал кыргызым, өзгөчө ата-эненин, кары-картаңдын, оору-сыркоонун, муктаждардын, мусапырдын, кор болгондордун, жетим-жесирлердин, касиети бар адамдардын батасын алыш керек.

Мелис Мураталиев, кыргыз таануучу: “Бата менен өсүп-өнүгүп кеткендер болгон”

– Азыркы учурда бата менен каалоо-тилекти чаташтыргандар көп. Каалоо – батадан айырмаланып, чексиз болот. Адам ар нерсени каалай бериши мүмкүн. Ал эми бата конкреттүү бир ишке карата кыска-нуска айтылат. Кыргызда батанын күчү менен өнүгүп-өсүп кеткендер толтура. Батада сөздүн күчү, кубаты, нуру, таасири башкы ролду ойнойт. Жөн эле “өркүнүң өссүн, балам” деп койсо аткарылып калышы мүмкүн. Жалпак тил менен айтканда бата – адамдын жан дүйнөсүн “ремонт кылуу”. Батаны үч түрдүү адамдар бере алышкан. Биринчиси, элге кадыры бийик, кызматы сиңген сыйлуу адамдар, аксакалдар. Экинчиси, жумурай-журттун батасы. Баталардын эң күчтүүсү ушул. Азыркы спортчуларыбызды мисалга алсак болот. Алар элдин батасына арзып, көпчүлүк “жеңиш менен кел”, “кыргыздын сыймыгы бол” деген сөздөрдү айтып, жазып жатышпайбы. Мына ушул бата адамга сөзсүз түрдө тиет. Үчүнчүсү, кыргызда кайып дүйнө батасы деген түшүнүк бар. Азыр көп айтылбай калды. Бирок биздин манасчылар түшүндө аян берилип, сырдуу көрүнүштөрдү көргөндөн кийин манас айтып калдык деп жатышпайбы. Мына ушул кайып дүйнө менен байланыш. Төкмөчүлүк да ушундай, ал кийин үйрөнүп алгыдай өнөр эмес, кайыптан берилет. Бата алуунун да эрежелери бар. Азыркыдай жолдон токтотуп алып “байке, чет өлкөгө иштегени кетип жаттым эле, батаңызды берип коёсузбу?” деп сурашкан эмес. Бата алуу чоң жоопкерчилик. Бата жөн эле, курулай, али жасала элек ишке же жеке бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн берилбейт.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1065, 5-11-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан