ТАГДЫР ЖАЗАСЫ же БАЙЛЫК АЗГЫРЫГЫ

Кан жолдо ээ-жаа бербей зымырап бара жаткан машина алдын тоскон МАИ кызматкерине да караган жок. Рулга колу карышкан келин көз жашын төгүп, өз алдынча күбүрөп бара жаткан эле. “Кечир мени... Мен баарына күнөөлүүмүн. Мен сенин өлүмүңө күнөөлүү­мүн. Эми менин да жашоого акым жок. Анткени, колум сенин каныңа булганган”. Ушул учурда зымыраган машина карт даракка барып уруна берди. Келин үчүн заматта бардыгы астын-үстүн болуп, башына “өлдүм” деген ой, көз алдына күйөөсүнүн элеси жарк эте түштү да, анан белгисиз туңгуюкка кулай берди.

АЗГЫРЫЛГАН БИЙКЕЧ

Кушчубек Адамов өз чөйрөсүндө аты чыккан кадырлуу адам болчу. Өмүр бою жогорку кызматтарда иштеген бул адам өмүрү­нө жетээрлик байлык да, кадыр-барк да жыйнаган. Буттан чалган бир окуя болбогондо жашоосу ошол калыпта өтөт беле, ким билсин?!
Алар капыстан жолугушту. Кумарлуу тигилген он сегиз-жыйырма жаштардагы бийкеч Кушчубектин көңүлү­нө от салып, имерип алаарын ал кезде эч ким билбеген эле. Адатта Кушчубек үчүн бийкечтер бир кечтен кийин унут болчу. Бирок, бул жолу андай болгон жок.
– Ай-ий, ушунчалык керемет гүл­дөр­дү тартуулаган кандай сонун жентельмен! Деги, Адина, баарынан жолдуусуң, ээ?- курбусу кыткылыктай күлдү. Ага каш каккан Адина шаттана жылмайды.
– Сага анын башка белектерин көрсөтсөм чалкаңдан түшпө, курбум,- текебер жылмайган Адина туруп барып чакан кутучаны алып келди. – Мына, анын эки айдан бери берген белектери...
Мына сага, акак таштар чөгө­рүлгөн алтын, күмүш жасалгалар көз жоосун ала төшөктүн үстүнө жайнап калды. Көзү бакырая ар бирин кармалап, таңдайын такылдатып жаткан курбусун шылдыңдай карап турду.
– Ал эми алып барган жерлерин көрсөң оозуң ачылат. Андай жерлерди түшүңдө да көрбөгөнсүң.
Ансайын мактанган Адина бактысын жашыра албай турду. Келбети келишкен, көздөрү ботонукундай жайнаган Адина чын эле өзгөчө жан болчу. Кареги кумарлуу жылтылдап, кандай эркекти болсо да өзүнө тартып ала турган касиети бар эле. Ушул учурда телефон шыңгырап калды. Шып илип алган Адина наздана сүйлөп кирди.
– Ооба, мен сизди аябай күтүп... Сиз “кечикпейм” дебедиңиз беле?! Иштер менен алек болуп?.. Аа, болуптур, анда азыр түшөм.
Айтпаса да табышмактуу жигити менен сүйлөшүп жатканын байкаган курбусу тийише сүйлөдү.
– Эгерде кызганбасаң мени тааныштырып койбойсуңбу?!
Негедир Адинанын кабагы түйүлө түшүп унчукпай калды. “Карасаң, эптеп өзүм өмүрүмдө бир алтын балыкты торума түшүрсөм ошого көз артып калдыбы? Мен апенди белем сени менен тааныштыргандай”. Кабагынын түйүлө түшкөнүнөн түшүнө койгон курбусу унчукпай калды. Анан терезеден карап кыйкырып жиберди.
– Адина, сенин жигитиң тигил чал эмеспи?
– Ооба, эмне экен?
– Тобо-о, небересиндей болуп каласың го... Мындан жашыраагы жок бекен? Кызык, муну эмне кыласың?
– Эмне кылмак элем, күйөө кылам. Анын байлыгынын жардамы менен баарына жетишем.
– Анын үйбүлөсүчү?
– «Үйлөнөм» деп жатса мен эмне демек элем.
Курбусу таңкала баш чайкады. Чын эле буурул чачын артка тараган, чарчаңкы көздөрү мээримдүү тигилген бул адам Адинага ылайык күйөө эмес, атасындай эле көрүнүп турду.
– Кызык...
– Эмнеси кызык, биз бири-бирибизди толуктап турабыз. Анда жок жаштыкты мен берип, менде жок байлыкты ал берет.
Курбусу шашыла эшикке чыгып бара жаткан Адинанын артынан шыбырай үн катты.
– Байлыгына азгырылдым дечи?!

АЖЫРАШУУ

“Карыганда сүйүүгө кезиккен жаман тура. Жарым өмүрүм өтүп кетти деп жүргөндө куду Раймалыга Бегимай жолуккандай жолумдан чыга калды Адинам”,- деп досторуна азил-чыны аралаш актанып калчу Кушчубек. Бирок, сөзүнүн аягында кандайдыр бир өкүнүү жатканы да байкалып турчу. Ооба, орто жашап калган кезинде жанына арка-жөлөк болуп келаткан аялы менен ажырашып, балдарына жек көрүндү болуп, жаш кыздын артынан басып кеткен Кушчубектин жоругун эч ким деле түшүнгөн жок. Бирок, ал аялынын көз жашына да, балдарынын ачык жектөөсүнө да туруштук берип, айдай сулуу Адинага үйлөндү. Тез эле анын кумарлуу караган каректеринин алдында кул болуп, андан башка эч нерсени көрбөй калды. Куттуу очогунан чыгып, жаш аял менен жашап жатканына бир жылга аяк басты.
Газеталарды карап отурган күйөө­сүнүн жанына келген Адина наздана унчукту.
– Бүгүн бир жакка барып келбейлиби?
– Кайда?
– Билбейм, иши кылып көңүл ачкым келип жатат.
Эркелегенге акысы бар жаш аялы чоёктой берди.
– Мен чарчап турам. Айдоочуга дайындап коёюн, өзүң барып кел.
Чарчаңкы гана көз айнегин колуна кармаган Кушчубек жаш аялын кыжаалаттана карап алды. “Адатынча чыр салып, “барасың” деп отуруп албаса экен”,- деп жүрөксүп турду. Ордунан булкуна турган Адина кыжырлана кетти.
– Анда отура бер чириген газеталарың менен. Мен кеттим.
Эшик шарт жабылды. Томсоро тигилген Кушчубек оор үшкүрүп алды. Кийинки кездерде жаш аялы экөөнүн ортосу ачылып бара жатканын билип, жүрөгү сыздап турду. Жашы эңкейип, жанынын тынчын көздөп калган адам менен жаштыгы денесине сыйбай турган жаш бийкечтин каалоосу төп келмекпи? Карыган адамдын ыкшоо кыймылы, коңурсуган карылык жыты Адинанын да көңүлүн айнытып, тээ көкүрөгүндө жылт эткен отту самап, өзүнөн-өзү буулуга берчү болгон. Жаңы оюнчуктан тез эле көңүлү калган ойноок бала сымал ал кайрадан кандайдыр албуут сезимди эңсеп, өзүн бактысыз сезчү болду. Көп өтпөй ал адам да табылды.

“КҮЙӨӨҢДҮ ӨЛТҮР, БАЙЛЫГЫ БИЗГЕ КАЛАТ”

– Абайлап жолукпасак...
– Койчу эми, ал эч кимибизден шек албайт.
Түн ичинде балыктай толгонгон Адинанын таттуу шыбыры да Шухратты алдай албады. Адинанын колун моюнунан алып кага сүйлөдү.
– Албетте, эгерде билинип калса сага эч нерсе эмес. А мен эптеп таап жеп жаткан нанымдан айрылам. Анан да карыган күйөөң мени соо койбойт. Сен болсо анын баарын ойлобой анын көзүнчө деле жалжылдап мени тиктегениң тиктеген.
– Анан сүйүп жатсам эмне кылайын?
– Эх, сенин сүйүүңдү...
Ордунан тура калган Шухрат тамекисин күйгүзүп кирди. Эрдин тиштене калган Адинанын ызасы көкүрөгүнө толуп бара жатты. Шухрат Кушчубектин жеке айдоочусу болуп келгенде эле Адинанын көз кырына илинген. Кең далылуу, көздөрү оттой жанган өзбек түспөл­дөнгөн бул жигит көптөн бери көкү­рөгүндө жылт эте албай турган отту жандандырып жиберген. Кайда болсо да эми Шухрат менен барууну адат кылып алды. Мына ошондой байланышы узаргандан узарып эле бара жатат. Минтип үйдүн кожоюну жок кезде ээн-эркин эле өз бөлмө­сүнө киргизип алат.
– Болду, бул мамилени токтотпосок болбой калды,- деди бир убакта Шухрат. Келиндин жүрөгү тыз дей түштү. Ордунан обдулуп тура калды.
– Эмне деп жатасың? Мен сени эми эч кайда коё бербейм.
– Айтып жатам го. Мени күйөөң билип калса ит аткандай атып салат.
– Жок! Жок, берекем. Ал билбейт. Мени таштай көрбө...
Эчкирип бутуна жыгылган Адина намысын да, башканы да ойлобой ыйлап жатты. Эгерде Шухрат менен мамилесин үзсө эле жашоосу түгөнүп калчудай, карыган чалдын капасында өмүр бою калып калчудай чырылдап жатты. Ого бетер баасын көтөргөн жигит кара күчкө кабагын сала күңгүрөнүп алды.
– Жок, мен мындан ары өз башымды курмандыкка чала албайм.
– Шухрат, берекем, мен сенсиз жашай албайм. Айтчы, эмне кылайын? Баарын кылам сен үчүн.
– Баарынбы?
– Баарын.
Чын эле “азыр жаныңды сууруп бер” десе, ошого деле даяр болчу Адина.
– Анда күйөөңдү өлтүр, байлыгы бизге калат.
Уккан кулагына ишенбеген Адина селдее түштү.
– Эмне-е?
– Ошол. Күйөөңдү өлтүр. Экөөңдө расмий нике болгондуктан, ал өлгөндөн кийин байлыгынын баары сага калат. Же болбосо жарымы.
– Шухрат, кантип?
– Эгерде менин сүйүүмдү кааласаң ошондой кыл. Болбосо жолукпайбыз. Мен сен үчүн башымдан айрылгым келбейт.
Ушул учурда күйөөсүнүн “мен экөөбүздүн никени каттатып койдум” деп айтканы эсине түштү. Бирок, көптү көргөн адам: “Алда кийин кандай болуп кетет. Балким, менден тажаса жаш неме башка бирөөгө кетип калабы?”- деген ой менен никесин каттатпаганын Адина билген эмес. Тапкан айласына маашырлана жылмайган жигиттин караңгыда мыскыл жылмайып турганын Адина байкабады. Үңкүйгөн калыбында бир жерди тиктеп отура берди. “Кантип? Кантип мен анын канына забын боло алам? Ал байкуш мени сүйөт эмеспи. Анан кантип?” Шухраттын айтканын аткарбаса өз сүйүүсү колунан учуп кетчү­дөй.
– Айтканымды аткармайынча экөөбүз жолукпайбыз.
Ушуну айткан Шухрат бөлмөдөн чыгып кетти.
– Шухрат...- деди көмөкөйү каткан келин жалдырап.
Жооп болгон жок.

ӨЛҮМ

Ошол күндөн тартып Адинадан тынчтык кетти. Эки жалындын ортосунда калган байкуш эки жолдун бирин тандап алышы керек эле. Ошол каргашалуу күнү Кушчубек муңайым көзүн Адинадан албай суроолуу тигиле берди. “Эмне мынча тиктейт бул? Шек алып турабы?” Кыжаалаттанган келин көзүн алакачты.
– Эмне көзүңдү алакачып жатасың?
– ...
Суроосу жоопсуз калган Кушчубек жаш аялынын артынан армандуу тиктеп алды. Ошол түн өмүрүнүн акыркы түнү болоорун, болгондо да дал ушул сүйүктүү аялынын колунан өлөөрүн билген жок.

“КАНА, БИЛЕГИҢДИ ТҮР...”

Кушчубекке акырын жакындаган Адина ичинен күбүрөй берди. “Азыр көз ирмемде эле бүтөт. Аз калды. Анан баары жакшы болот. Болгон байлыгын алып, Шухрат экөөбүз башка өлкөгө кетебиз. Баары жакшы болот”. Калтылдаган колдору менен тамырга дары куйчу кадимки ийнени кармап турду. Жүрөгү ооругандыктан, ар дайым ийне сайдырчу Кушчубек эч нерседен шек албай билегин тосо берди. Ушул учурда дозасынан ашык куюлуп жаткан дары менен өмүрүнүн бүтөөрүн билбей, Адинасынан көз албай күлүмсүрөй берди. Ошол замат аялы колундагы ийнени күрөө тамырына батыра сайып жиберди.
Аз убакыт өтпөй өлүктүн жанында шолоктоп ыйлап турган келин чыйрала ийинин силкип алды. Креслодо өлүп жаткан күйөөсүн бир карап алып, колундагы ийнени алпарып дааратканага салып жиберди. Анан чуркап чыгып, даяр турган машинага түшүп кайдадыр сапар алды.
– Ишти бүтүрдүңбү?
Адина алсыз гана башын ийкеди.
– Ооба, мен аны өлтүрдүм!
Ошол замат шолоктоп ыйлап жиберди.

ОҢОЛГУС КАТА

Кушчубек өлгөндөн кийин анын балдары тез эле Адинаны бардык иштен четтетип коюшту. Өзүн “мураскермин” деп жүргөн Адина эч нерсеге ээ эмес экенин билди. Бул албетте, Шухраттын да кулагына жеткен эле.
– Шухрат, мен...
Калтырай кадам шилтеген Адинаны кайдыгер караган жигит мыскыл күлдү.
– Эмне келдиң? Мага келбей жүр деп канча айтам. Бул жумушумдан да айырганы турасыңбы?
Келиндин денеси дүркүрөп кетти. Чөгөлөй калып жалынып жиберди.
– Бул эмне дегениң? Мен сен үчүн баарын жасап...
– Кыйраттың, беш тыйының жок калыпсың го...
– Шухрат, кантип? Мен сени... мен...
– Болду, мени унут! Экөөбүздүн ортобузда эч нерсе жок.
Моюнуна ыйлап асылган келиндин колун силкип жиберген Шухрат өз жолу менен кете берди. Өбөктөй жерге жыгылган келин боздоп жиберди. Ошондо гана өз тагдырын өзү кыйратканын, өз күнөөсүнүн жазасын алганын түшүндү. Сендиректей машинасына түшүп отурду да, катуу айдап жөнөдү. Кайда бара жатканын, эмне кылаарын да ойлогон жок. Тек гана өз колу менен өлтүргөн күйөөсү­нөн кечирим сурап, ыйлап бара жатты. Бир кезде катуу кетип бара жаткан машина жолдон бурулуп алдындагы карт даракты сүздү. Көзүн жумуп жиберген кыз кайдадыр каалгып кетип бара жатканын туйду.
– Кургур, жапжаш кыз экен.
– Кырсыкты кайдан деп болбойт...
Ушинтип күбүрөшкөн адамдар кырсык болгон жерде көк шибер үстүнө чалкасынан жаткызылган келинди аяп карап жатышты. Өзүн мыскылдагандай күлүмсүрөп, көзү ачык калган келин көгүлтүр асманды тиктеген боюнча жаткан эле.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 244, 6-12-июль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан