КОРЕЙ КИНОСУНУН АРДАГЕРЛЕРИ

Дээрлик ар экинчи тасмадан бул адамдарды көрөбүз. Көптөгөн жаш актёр-актрисаларга тасмада чоң ата, чоң эне, ата-апа болгон корей киносунун ардагерлерине гезитибизден сыйлуу орун бердик.

Ким Ён Ок, 85 жашта

Туулган жери: Түштүк Корея, Кёнгидо

Туулган жылы: 1937-жыл, 5-декабрь

Тартылган белгилүү дорамалары: “Жан сакчы”, “Мыкты жигиттер”, “Биринчи ханзаада” кафеси”, “Шопинг падышасы Луи”, “Улуу азгыруучу”, “Боссту коргоо”, “Вайкикидеги күлкү”, “Чирисан”, “Ча-ча-ча шаарчасы”, “Пачинко” жана башка.

85 жашта деп эч ким айтпайт! Жаштар менен тең тайлаша камера алдында иштеп келе жаткан актриса Ким Ён Окко учурда да суроо-талап жогору. Көптөгөн тасмаларда чоң эненин ролун аткарганы үчүн ага корейлер “улуттун чоң энеси” деген элдик наам беришкен. 1957-жылдан бери экрандан түшпөгөн актрисанын фильмографиясында эки жүзгө жакын тасма-сериалдар бар. Түштүк Корея кинематографиясындагы болгон сыйлыктарды алганына таң калбай деле койсок болот. Улутка чоң эне, үйүндө болсо 1 уул, 1 кызга апа болгон Ким Ён Окко бекем ден соолук каалайбыз.

Пак Гын Хён, 82 жашта

Туулган жери: Түштүк Корея, Чонын

Туулган жылы: 1940-жыл, 7-июнь

Тартылган белгилүү дорамалары: “Кылмышкердей ой жүгүртүү”, “Мыкты детектив”, “Такси делюкс”, “Демөөрчү”, “Арал” жана башка.

Магнат, саясатчы, компания жетекчиси, сот, прокурорлордун ролун катыра аткарган Пак Гын Хёндун кино тармагына аралашканына 54 жылдын жүзү болду. Бул аралыкта ал 300гө жакын тасмага көрк кошту жана кошуп келет. Жашынан актёрлукту тандап, театр бөлүмүндө билим алган мырза бүт өмүрүн театр сахнасына, кино талаасына арнады десек болот. Анын кесибин сүйгөнү таасир бердиби, айтор, ата жолун уулу Пак Сан Хун улап, ырчылык, актёрлук менен алектенип жүрөт.

Ким Хэ Сук, 67 жаш

Туулган жери: Түштүк Корея, Пусан

Туулган жылы: 1955-жыл, 30-декабрь

Тартылган белгилүү дорамалары: “Жүрөгүмдө күз”, “Каин жана Авель”, “Падышанын мейманканасы”, “Пиноккио”, “Вавилон”, “Канайымдын кол чатыры алдында” жана башка.

Корей киносунун ардагерлеринин бири - Ким Хэ Сук. Бул актрисаны көргөндө боорукер, шайыр мүнөз болсо керек деп эле жакшы көрө берем. Карьерасынын активдүү уланып келе жатканына 50 жылга жакын убакыт болуп калды. Көпчүлүк учурда экинчи пландагы ролдорду аткарганы менен, эсте каларлык таланты, харизмасы аркылуу көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган айым. Үйүндө болсо эки кыздын мээримдүү энеси.

Ким Ён Гон, 76 жашта

Туулган жери: Түштүк Корея, Сеул

Туулган жылы: 1946-жыл, 8-май

Тартылган белгилүү дорамалары: “Аран жана магистрат”, “Жашыруун сүйүү”, “Мени өлтүр, мени дарыла”, “Нике келишими”, “Күлчү кыз жана 4 ханзаада” жана башка.

Тасмаларга жүрүм-туруму, көз карашы, түрдүү эмоциялары менен өзгөчөлүк кошкон актёрлордун бири – Ким Ён Гон. Эгер бул ардагер актёр-актрисалардын жаштыгы дүйнөнү каптаган “корей толкуну” мезгилине туш келсе бүт дүйнөгө таанымал болушса керек эле. Ошентсе да учурдагы популярдуу тасмаларда улуу муундун образын татыктуу ачып, жаш муундун өкүлдөрүнө үлгү болушууда. Ким Ён Гон да үлгү ала турган адамдардын катарына кирет. Баса, каарманыбыздын эки баласы тең атадан ашкан уулдардан болушту. Ха Чон У жана Ча Хён У аттуу балдары Кореядагы “кымбат” актёрлордун катарында. Өзгөчө тун баласы Чон У актёрлуктан сырткары сценарист, режиссёр, продюсерлик менен да алектенет. 2021-жылы ардагер актёр маалымат каражаттарынын активдүү каарманы болду. Ким Ён Гон менен 13 жылдан бери жакын мамилдебиз деген 37 жаштагы айым кош бойлуу экенин, актёр аны аборт жаса деп мажбурлап жатканын айтып сотко кайрылган. Акыры эки тарап элдешип, 3-ирет ата болууга даяр экенин айткан актёр сүйүктүүсүнөн кечирим сураган.

Ким Ми Гён, 60 жашта

Туулган жери:

Түштүк Корея, Сеул

Туулган жылы:

1963-жыл, 14-октябрь

Тартылган белгилүү дорамалары: “Мураскерлер”, “Сени сагындым”, “Баары жакшы, бул – сүйүү”, “Хилер”, “Сүйүүнүн жана аба ырайынын божомолу”, “Бир күндүн ызы-чуусу” жана башка.

Театр жана кино актрисасы. Биз кубалап көргөн сериалдардын көбүндө апалардын образын Ким Ми Гён аткарат. “Камера алдында көп балалуу энемин” деп тамашалаган актриса жашоодо бир баланын апасы. Кино дүйнөсүндө 1999-жылы гана дебют жасаган. Ошондон бери жүзгө жакын тасмада түрдүү каармандардын образын жаратты. Бара-бара Ким Мин Гёнду чоң энелердин ролунан көрүп баштасак керек.

Чон Дон Хван, 73 жашта

Туулган жери: Түштүк Корея, Кимже

Туулган жылы: 1949-жыл, 5-август

Тартылган белгилүү дорамалары: “Кышкы соната”, “Өлбөс адмирал Ли Сун Син”, “Мураскерлер”, “Маска”, “Дель Луна” мейманканасы”, “Меники” жана башка.

1980-жылдардагы корей киносунун жылдызы. Чон Дон Хвандын өмүр баянына көз жүгүртүп, максатыма жетем деген адам ушундай болуш керек деген ой келди. Эс тартканы актёр болом деген, окуусун да ушул жаатта улантты. Театрда дебют жасап, ар кайсы пьесаларда ойноп баштаган. Бирок кендирди кескен кедейлик окуу акысын төлөгөнгө мүмкүнчүлүк бербей туруп алды. Айласы кетип, аскер комиссариатына кат жазып, окуусун таштап аскерге кызмат өтөгөнү кетип калган. Ал жерден келишимдик негизде Вьетнамдагы согушка аттанды. 18 айдан кийин мекенине кайтып, тасмаларга үн коштоочу болуп орношот. Каражаттын жетишсиздиги Дон Хванды жумушун таштатып, Япониянын Окинава шаарына кант камышын өстүргөн жумушчулардын катарына кошот. Бир нече айдан кийин мекенине кайтып, театрга орношкондо деле акчасы тартыш болуп, пол жуугуч кызматын да өз моюнуна алган. Ошондон бери театр менен кино талаасында тынбай эмгектенген актёр акыры көздөгөнүнө жетип, эл сүйгөн таланттуу актёр болду. Бир уул, эки кыздын атасы. Бир кызы театр актрисасы.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1065, 5-11-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан