БАКТЫСЫН БАҢГИЗАТ ТАЛКАЛАГАНДАР... Орусия абагында отурган мекендештердин жакындары жардам сурайт

Учурда Орусиянын абагында отурган Кыргыз жарандарынын жакындары, ата-энелери 26-апрель күнү Бишкекте митингге чыгышты. Алар жакындарын Кыргызстандын абагына которуу иши кечеңдеп жатканына нааразы. “Орусияга барганыбыз менен, адвокаты жок түрмөгө киргизбей кетирип жиберишет. Адвокатка алданып миллиондогон акчасынан кол жууган мекендештер көп. Жакындарыбызды мекенине тезирээк которуп беришсин”,- дешет ата-энелер. Расмий маалыматка таянсак, бүгүнкү күндө Орусиянын абактарында миңден ашуун кыргызстандык жаран отурат. Алардын бир бөлүгү баңгизат кылмышы менен кармалгандар.

Адыл Карабаев, соттолгон жарандын агасы: “Инимди коркутуп, баңгизат ташууга мажбурлашкан”

– Орусияга иштегени эч ким жыргаганынан барбайт. Бир тууган агамдын 1996-жылкы баласы да көр оокаттын айынан акча табайын деп Москвага кеткен. Ата-энеси оорулуу, дары-дармегине акча жетпей, Кыргызстанда жарытарлык айлык жок болгонунан иштегени барган эле. Барганда таксиге жумушка кирет, анткени башка багыт боюнча атайын билими жок эле. Таксиде бир жылдай иштеди. Ошентип жүрүп бир күнү баңгизат ташыган уюмдун кылтагына илинген. Баңгизат ташыткан адамдар алгач инимди бир-эки жолу “токой тарапка жеткирип кой” дешет. Эртеси чалып “фирмадан тышкары сүйлөшөлү, бизде сага сонун сунуш бар, биз айткан буюмду керектүү жерге жеткирсең сага абдан көп акча төлөп беребиз” дейт. Иним макул болуп, 1-2 жолу буюмун айткан дарекке жеткирген. Кийин баңгизат курьерлери иниме келип “сен биздин баңгизат ташыган уюмга кошулдуң, болду эч жакка качып кутула албайсың” деп инимдин буюм жеткирип жүргөнү тартылган видеолорду көрсөтөт. Көрсө, инимдин кайсы дарекке, эмне жеткиргенин артынан аңдып жүрүп тартып алышыптыр. Бирок ал баңгизат ташып жүргөнүн билген эмес. “Жок, мен андай арам жол менен иштебейм” дегенде, “бул видеодалилдерди полиция кызматкерлерине берсек, баары бир соо чыкпайсың” деп коркутушкан. Ошентип ошол уюмдун басымы, опузасы менен иним бул ишке аралашып калган. Ошол учурларда ал түнт болуп, бизге деле чалбай, достору менен такыр сүйлөшпөй калды. Көрсө, баарын ичине катып, кыйналып жүрө берген экен. 2-3 ай баңгизат ташып иштептир. Баңги курьерлери инимди башка шаарларга да ишке жөнөтө баштаганда, 2019-жылы Жаңы жылдын алдында милиция кармаптыр. Иним дароо баарын моюнуна алып, 8 жылга соттолду. Учурда Тюмень шаарында абакта отурат. Андан бери тамак-аш алып кире элекпиз, анткени жол алыс, жакындарынын баары Кыргызстанда. Ошого биздин өкмөт Орусияда абакта отурган балдарыбызды Кыргызстанга которуу ишин тездетип берсе жакшы болмок. Акыркы учурларда бул процесс такыр эле токтоп калды. Балаң түрмөдө отурса оюңа ар нерсе келет экен. Же ден соолугу кандай экенин билбейсиң.

Буажар Кубатбекова, соттолгон жарандын апасы: “Буюртмасын алып барса, пиццанын ичинен баңгизат чыгыптыр”

– Кызым Элиза көп жылдан бери Орусияда иштечү. 2020-жылы пандемияда ылайыктуу жумуш жок, курьер болуп жүргөн. Жаш балдарын жетелеп алып буюртмаларга чыгууга аргасыз болду. Антпесе бөтөн жерде ачка калбайбы. Бирок курьер болуп иштегенден 3 күндөн кийин эле кармалып калды. Буюртма боюнча бир дарекке пицца жеткирип барса милиция кармап алыптыр. Пиццанын кутусун ачса ичинен баңгизат чыгыптыр. Кызым баңгизат салып коюшканын билген эмес. Жанында балдары да болгон экен, милиция кармаганда балдарына “силер качып кеткиле” дептир. Балдары качып кетиптир. Кызымдын тергөө иши 2 жылга созулуп, сот аны 5 жыл 6 айга эркинен ажыратты. Кызыма кабатыр болуп жүрүп быйыл 8-мартта жолдошум инсульттан каза болуп калды. Менин да бутум ооруйт, бирок ага карабай минтип балдарыбыз үчүн темселеп митингде жүрөбүз. Буга чейин көп эле жолу митингге чыгып, талаптарыбызды айтып келе жатабыз, жыйынтык жок. Кырчындай кыз-жигиттерибиз Орусиянын баңгизат мафиясына жем болууда, сыз тарткан түрмөлөрүндө куурап отурушат. Качан бөтөн элге кул болбой өз алдыбызча жашайбыз?

Нурзат Топчубекова, соттолгон жарандын эжеси: “Таксиде бараткан жеринен кылмышкердин өнөктөшү деп кармап кетишкен”

– 25 жаштагы бир тууган иним 3 жылдан бери Красноярскта абакта отурат. Иним бул ишке кокустан аралашып калган. Таксиде баратса полиция кызматкерлери тосуп, унаанын ичин текшерип башташыптыр. Айдоочунун чөнтөгүнөн, унаанын ичинен да баңгизат табышат, ал эми менин инимди текшерип эч нерсе табышкан эмес. Бирок ага карабай “кылмышкердин өнөктөшүсүң” деп кармап кетишиптир. Ошол таксини айдап бараткан адам кыргыз жигити болгон, бирок анын баңгизат ташып иштээрин иним билген эмес. Болгону экөөнүн бир үйдөн чогуу чыкканы видеокамераларга түшүп калыптыр. Тергөө иши 2 жыл 2 айга созулду, аябай созушту иши кылып. Бул нерсе адамды моралдык жактан эзип, сындырып таштайт экен. Акыры 10 жылга соттоп жиберишти. Учурда эң катаал абактардын биринде жазасын өтөп отурат. Эч кимибиз бара элекпиз. Өлсө да адамга өз мекенинин топурагы буюрсун (ыйлап). Иним азыр бозоруп, күн көрбөй Орусиянын суук түрмөсүндө отурат. Кыргызстанга которуп бергиле деп тиешелүү мамлекеттик түзүмдөргө кайрылганыбызга 1 жыл болду, жооп боло элек. Кыргызстанда болсо барып өз көзүбүз менен көрүп, тамак-аш киргизип көңүлүбүз тынчый түшөт эле.

Гүлзат Жолдошева, соттолгон жарандын апасы: “Баламды достору каматып жиберишти”

– Балам азыр 23 жашта, 2021-жылы Орусияда иштеп жүргөндө жанынан 5 грамм баңгизат табылып, 10 жарым жылга соттолуп кетти. Уулум дин жолунда, түз жүрчү. Досторунун ушул иш менен алектенгенин көрүп, катуу айтып койгон экен. Кийин ал достору баламдын сумкасына атайын баңгизат салып каматып жиберишти. Балам абакка түшкөндө келиним 2 айлык кош бойлуу эле. Баласын көрө элек, неберем да оорулуу төрөлдү. Өз баламдын кайгысы бир азап, неберемдин оорусу бир азап болуп жатат эми. Орусияда баңгизат таратууга, колдонууга катаал жазаларды берет. Башың менен жер казып, миллиондоп акча берсең деле 8 жылдан жогору мөөнөткө соттошот экен. Биздин чочулаганыбыз – азыр абактагыларды Украинадагы согушка да жиберип жатышат. Же которууга мамлекеттен жардам болбосо, же ата-энесинин колунан эч нерсе келбесе, анан, албетте, “вагнерчилердин” куру убадаларына, кооз сөздөрүнө азгырылып согушка кетишет да. “Балким, чыгып кетем, балким, өлбөй калам” деген тобокелдик менен кетип канчасы өлүп келди. Бул жаш балдар кайдан билсин, абактагыларды жем катары биринчи ыргытарын.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1065, 5-11-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан