Айжан Бактыбек кызы: “БООРУМДУН ЖАРЫМЫНАН КӨБҮН КУРТ ЖЕПТИР”

Жашоого болгон үмүттүн шооласы. “Ушул дарттан айыгып алсам, балам үчүн бактылуу эне, жолдошума татыктуу жубай болсом” дейт каарманыбыз. Боор илдетине кабылган 24 жаштагы Айжан Бактыбек кызы 5 жылдан бери оору менен күрөшүп келет.

“5 жыл мурун операция жасаткам”

– Аты-жөнүм Айжан Бактыбек кызы, 1999-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы шаарында туулгам. Турмушка чыккам, бир балабыз бар. Балам 1 жаш 9 ай болуп калды. Учурда Бишкек шаарында турабыз. Мындан 5 жыл мурда дүкөндө сатуучу болуп иштечүмүн. Бир күнү эле оң жак тарабым чыдатпай катуу оорута баштады. Эртеси ооруканага барып текшерилсем, боордун альвеококкозу деген диагноз коюшту. Ошол эле жылы Бишкектен боорума операция жасаттым. Операциядан кийин хирургдар “баары жакшы, альвеококкозду алып салдык” дешкен. Бир аз убакыт өткөндөн кийин боорум кайра ооруй баштады. Ооруканага барып УЗИге түшсөм кайра боордун альвеококкозу деген диагноз койду. Ошол жерде УЗИ тарткан эже дарыгер экен, мага альбендазол жана АСД деген дарыны ичүү шарттары менен кошо жазып берген. Мен ал дары айыктырат деп ойлоптурмун, көрсө, убактылуу эле ооруну токтотот экен.

“Курт боордогу кан тамырда экен”

– Ал ортодо турмушка чыктым. Балалуу болдук, 6 айлык баламды кайненеме таштап, жолдошум экөөбүз Москвага иштегени кеттик. Орусияда иштеп жүрүп, быйылкы жылдын башында оорум кайра кармап, ооруканага кайрылууга аргасыз болдум. Дарыгерлер баягы эле диагнозду айтышып, “тезинен операция жасатыш керек” дешти. Анан дароо Кыргызстанга келдим да 14-февралда Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасына көрүндүм. Ал жактан дагы боордун альвеококкозу деген диагноз коюшуп, алар эч нерсе кыла албай турганын, боордун көбү желип кеткенин айтышты. Боорду алмаштыруу керек экен. Кыргызстанда жакшы адис хирург бар деп бир дарыгерди сунушташты, ага да бардым. Тилекке каршы, ал хирург дагы жардам бере албай турганын айтты.

Эмне кыларыбызды билбей турганда таанышым аркылуу Гүлзат деген врачка жолуктук. Ал индиялык врачтар менен байланышта экен. Ошол врач аркылуу Индиянын "Фортис" деген клиникасы, андагы хирург менен сүйлөшүп жатабыз. Курт боордогу кан тамырда болгондуктан бул жактагы врачтар операция жасагандан коркуп жатышат. Боордун өзүндө болсо бул жактан жасатууга мүмкүн болмок экен. Аталган клиникадан Бишкекке хирургдар келген, алар менен жолугуп да сүйлөштүк. “Батыраак Индияга барып текшерүүдөн өтө бер, антпесе боордун калган бөлүгүн да курт жеп салат” деп жатат. Анын үстүнө боор илдетинен улам операцияга кезекке тургандар көп экен. Ошон үчүн жолдошум экөөбүз Индияга виза ачтырганы жатабыз, жок дегенде изилдөөсүнөн өтө берсек, кайрымдуу элибизден жардам болуп калар деген үмүттөмүн. Учурда баламды кайненем карап жатат.

“Оорутканда түйүлүп чыдатпайт”

– Операциянын баасын алгач 30 миң доллар дешкен, сүйлөшүп 25 миң долларга түшүрүп беришти. Азыр 5 миң доллардай каражат топтолуп калды, бирок бул изилдөөсүнө гана жете турган каражат. Аз убакыттын ичинде 20 миң доллар иштеп табууга алыбыз жетпегендиктен элге жардам сурап кайрылууга аргасызбыз. Өмүргө эч ким кепилдик бере албайт экен. Индиядан операция болуп келгендер менен да жолугуп, алардан да кеңеш алып жатам. Эгерде боордун соо жери 27 пайыздан аз болуп калса, боорду алмаштырууга туура келет дешти. А меникин жарымынан көбүн жеп салган дешкен. Бул курт жаныбарлардан же чала бышкан тамак-аштан жугат экен. Качан, кантип жугузуп алганымды билбейм. Кээде чыдатпай ооруйт, баса албай же кыймылдай албай калам. Жарым саат-бир сааттан кийин араң коё берет. Башымды да оорутат, жүрөгүм айланат. Азыр дайыма мүнөздөп тамактанам. Кудай буюрса, визаларыбыз бүтүп калса, Индияга жолго чыгабыз. Врачтар менен акчасын операциядан кийин беребиз деп сүйлөшсөк да болот экен. Кудай буюрса, боорду алмаштырууга жолдошум донор болуп берүүгө макулдугун берди. Кайрымдуу, боорукер элибиздин жардамы менен бул жаман дарттан айыгып кетем деп үмүт кылам.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

Мбанк: 996 221 767 414

Кыргызстан банк, виза: 4177 4901 7417 8568

Сбербанк: 2202 2053 1994 9365

O! Деньги: 996 501 509 442

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Прод
2023-05-13 00:02:00
Оорудан коп нерсе жок болуп калдыго, даарысы андан коп. http://kyrgyzcha.site/ Ушул сайтан окуяларды окуймун баары тан калтырат
+1
№ 1065, 5-11-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан