ГЕРОФОРД – баалуу 1 тонна эт берчү уй

Кыргызстан айыл чарбасына ылайыкташкандыктан, калктын басымдуу бөлүгү айыл жергесинде дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен күн көрөт. Акыркы жылдары кадимки 4-5 уйдун ордуна породасы мыкты 1 уй багуу пайдалуу экендигин билип, сандан сапатка ыктагандар көбөйүүдө. Бул жолу эт багытындагы герефорд уй породасы тууралуу сөз кылабыз. Бул жаатта адис Мирбек Бөрүбашев маалымат берет.

МУЗООЛОРУ

– Музоолорунун туулгандагы салмагы 25-28 килограмм болот. Бат чоңоюшат. Жакшы бакса суткасына букачарлары 800-1500, ургаачы торпоктору 800-1200 грамм салмак кошушат. Жайлоодо күзгө чейин бош жүрсө салмагы 200-230 килограммга жетип калат. 1,5 жылда букачарлардын салмагы 550, ургаачылардыкы 420 килограммга чейин жетет.

Музоолору арасында өлүм аз болот. Алдындагы саман таза жана кургак болсо оңою менен оорушпайт.

Туулгандан 15 күнгө чейин энесин эмизип багып, анан беде, аралашма жем, жемге кошо туз, бор аралаштырып аз-аздан бере баштаса болот.

3-4 айлыгынан тартып тамак-ашты сиңирүүчү системин өнүктүрүүгө киришүү керек (чөп, комбикормдон тышкары сулу берип), бул кийин көп жеп баштаганда жегендерин бат сиңирип, салмагынын өсүшү үчүн керек.

КАНЧА СҮТ БЕРЕТ?

– Сүтүнүн майлуулугу 3,9-4 пайыз, 1 жылда 1100-1200 литр сүт берет. Иммунитети күчтүү. Уруктандырууга келсек, 1 дозасы 500 сом, 1 уйду уруктандырууга 1 доза жетиштүү.

БАГУУ СЫРЛАРЫ

- Буканын салмагы уйга салыштырмалуу 30-40 пайыз жогору болгондуктан аны семиртип сатуу кирешелүү. Ошондуктан баккандар букаларга басым жасашат. Герефорд породасындагы уйлардын боюнун өсүшү башка породаларга салыштырмалуу эрте токтоп, семире башташат. Кышында уй кармалуучу сырткы короого калыңдыгы 10-15 сантиметр кылып саман төшөө керектелет.

Чуңкурга жүгөрүнү, арпа саман менен аралаштырып, бастырып жүгөрү силосун камдап алып, кышында берсе витамин, микроэлементтер менен камсыз болот. Рационуна жүгөрүнүн акшагын, күнкараманын күнжарасын, комбикорм кошсо да бат чоңоюп, семирет.

ЭГЕР СИЛОС, ТОЮТ КЫЗЫЛЧАСЫ ЖОК БОЛСО...

– Мындайда колдо бар арпа, буурчактан жем даярдап, беде же эспарцет чөбү менен малды семиртүүгө туура келет. Негизи буурчак менен эспарцет бат семиртет. Эртең менен жана кечинде жем берүүгө болот. Чөп түшкө чейин 3 ирет салынып, анан сугарылат. Түштөн кийин да 4-5 ирет чөп салынат. Бир күндө орто эсеп менен 15-17 килограмм чөп, 7 килограмм жем берилет. Оорулардан сактоо үчүн ар бир букага алгачкы 1 айда 2 ирет иммунитетин көтөрүүчү укол сайылат.

Жаш букалар абдан жакшы эт байлашат. Жармага семиртилгендери сыртынан семиз көрүнгөнү менен, сойгондо этинин салмагы күткөндөн аз чыгат. Жем, чөпкө семирген мал чылк семиз болот.

РАЦИОНУ

Букалар 1 күндө негизги тоютту (көк чөп, силос, кызылча жана башка ширелүү өсүмдүктөр) 20-40 килограммга чейин жешет.

Бул жалпы тоюттун өлчөмүнүн 50-70 пайызын түзөт. Ал эми кошумча берилген кесек тоют (кургак чөп) 12-17 пайызын, жем 12-27 пайызын түзүүсү зарыл. Булардан тышкары минералдардын берилиши да шарт. Чоң букага 5-7 грамм кальций, 4-5 грамм фосфор, 12-15 грамм туз жана 15-20 грамм каротин берилиши керек.

Малдын салмагы жогорулаган сайын кошумча 1 килограмм салмакка жеткирүү үчүн 1 килограмм тоют көбүрөөк жумшалат.

Мал байланган жер сөзсүз таза жана жылуу болуусу шарт. Күн суук мезгилде сууну жылытып берүү сунушталат.

Тоютту дайым белгиленген маалда берип көндүрсө уйлар салмакты жакшыраак кошушат. Анткени тоюттануу убагы келгенин инстинкти менен билип, ашказаны даяр турат жана жегени жакшы сиңет.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1066, 12-18-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан