Рыскүл Съездбек кызы, 27 жашта: “ДЕНЕМДИН 55 ПАЙЫЗЫ КҮЙҮП, ОПЕРАЦИЯГА МУКТАЖМЫН”

“Күйүк алгандан кийин күйөөм чанып кетти”

– 2022-жылы март айында жолдошум экөөбүз унаада баратканда күйүп кетип ооруканага түшкөнбүз. Унаабыз газ менен жүрчү, жолдошум чылым чегем деп чакмак (зажигалка) күйгүзгөндө от тутанып кетти. Эптеп аман калдык. Ооруканага барсак Кара-Балта шаарынын дарыгерлери “денеңдин 80 пайызы күйүптүр” дешкен. Бирок документке “55 пайыз күйүк алган” деп жазып беришти. Кийин Бишкекке которулуп, 2,5 ай дарыландым. Жолдошум 10 күндөн кийин ооруканадан чыгып кеткен.

Мен ооруканадан чыккандан кийин жашообуз мурункудай болгон жок. Жолдошум менден күндөн күнгө алыстай берди. “Эмнеге мамилең мурункудай болбой жатат?” десем, “жумуштан чарчайм, сенин дарыланууңа акча чогултушум керек” деп койчу. Бирок кийин аны жакын курбум, бизге алысыраак туугандыгы бар кыз менен кармап алдым. Далыма бычак сайгандай эле болду. Ошондо баарына чекит коюп, ажырашууну чечтим. Ортодогу эки балабыз да кармап кала алган жок. Азыр балдарымдын улуусун кайненем карайт, кичүүсү өзүмдүн апамда. Учурда ата-энемдин үйүндө жашап жатам.

“Ортомчуга 3-5 миң доллар беришим керек экен”

– Коомчулукка жардам сурап кайрылгандан кийин эл жардам бере баштады. Адегенде каякка барып дарыланарыңды, пластикалык операцияны кайсы өлкөдө жакшы жасаарын билбейсиң да. Ортомчулар “мен жардам берем” деп чыга калып азгырышат экен. Индияда жүргөн Жаныбек деген мырза мага жардам берем деп элден жардам чогултуу ишине аралашып калды. Мен да “мейли, соопчулук үчүн жардам бергиси келип жаткандыр” деп ойлогом. Бирок ортомчулардын да өз акысы болот тура. Көптөр алардын кызматы бекер деп ойлошот. Бирок Жаныбек байке ставкасын 3 миң доллардан 5 миң долларга чейин деп айтты. Демек, элден чогулган каражаттан ошончо сумманы ортомчуга беришим керек экен. Азыр көпчүлүк мени “Индияга барып операция жасата бербейсиңби, эмнеге элдин акчасына тайраңдап, Кореядан жасатам деп жатасың” деп жемелеп жатат. Чынында, жагдай башкача болуп жатат. Жаныбек байке башында “Индиядагы врачтар операция ийгиликтүү болоруна 100 пайыз кепилдик берип жатышат” деген, кийин эле ал кепилдик 50 пайызга түшүп калды. Мен “эмнеге 50 пайыз кепилдик тууралуу элге айтпай жатасыз, мен ошон үчүн Индиядан баш тартып жатам да” десем, “күйөөң 50 пайыз кепилдикти укса табасы канат, жакшысы айтпай эле коёлу” деп өзүнүн “кылмышын” жашырып жатпайбы.

“Кореядан 100 пайыз кепилдик беришүүдө”

– Мага башында Индиядан аябай көп нерсени убадалаган болчу, кийин эле башкача болуп чыга келди. Бир күнү бошобой калып телефон чалуусуна жооп бербей койсом, “Рыскүл акчаны алып качып кетти” деп жазып чыгыптыр. Ал ортодо менин реквизиттеримди өчүрүп, өзүнүн банк картасын туташтырып алган учурлары да болду. Айтор, ортомчулардын деле ар кандайы болот экен. Көпчүлүк жагдайды жакшы түшүнбөй эле “Индиядан эле жасата бер” деп жатышат. Мисалы, Кореяда жашаган мигрант мекендештер ошол жактагы клиникалар менен сүйлөшүп жатышат. Алар күйүк алган бардык жериңди таптаза кылып беребиз деп 100 пайыз кепилдик беришүүдө. Терини далыдан же донордон алышат экен. Денедеги күйүк алган терини толук алмаштырууга 60 миң доллар кетет дешти, бүгүнкү күнгө чейин чогулган 22 миң долларга бир аз кошумчалап, колум менен бетиме операция жасата берсемби деп жатам. Калганын да көрө жатарбыз.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

Оптима банк: 4169585353820060

Бакай банк: 9714039444416909

Сбербанк: 4817760162734663

Элсом: 0702940190

О деньги: 0702940190

Мбанк: 0702940190

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1066, 12-18-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан