Жаркынбай Кошбаев, блогер: «ЖАШООДО ЖАКШЫ ДОС БОЛЧУ АДАМ ЖОЛУКТУРБАДЫМ»

Адатта, улуу муун десе интернетти жакшы түшүнбөгөн, заманбап технологиялардын тилин билбеген адамды элестеткендер көп. Каарманыбыз андай стереотиптерди бузат, Алайдын төрүндө жашап ааламдын көңүлүн бурган кызыктуу инсан. Блогер, айылдын карапайым турмушу, өзүнүн өтмүшү, азыркы жашоосу жөнүндө жатык тилде, жасалмасыз блогдорду жазып, гитара, аккордеон ойноп ырдап, күйөрман арттырган. Ал – алыскы Алай районунун Ак-Босого айылында жашаган, 62 жаштагы Жаркынбай Кошбаев.

– Жаркынбай аба, арыбаңыз! Сизди көпчүлүк блогер катары жакшы тааныйт. Интернет желесине, блог жүргүзүүгө качан, кантип кызыгып калгансыз?

– Рахмат! Союз маалында гезит-журналдарга айылдаштар, тракторчулар, чарбадагы жакшы иштер тууралуу макала жазып жүрчүмүн. Кызыгуу ушундан улам болуш керек, интернет биздин жашообузга келгенден кийин эле сүңгүп кеттим. Көбүнчө Фейсбукта отурам. Фейсбукта, өзүң билесиң, саясатты жазгандар көп, чиновниктерди, окуяларды сындашат. Албетте, чыгармачыл инсандар да бар. Алар күнүмдүк турмушун, көргөн-билгенин, кызыктуу окуяларын жазышат, арасында мен да бармын. Мен өзүмдүн гана турмушумду жазам, бирөөнү жамандап же мактабайм. Айыл турмушун: аба ырайын, жайлоону, чөп чабыкты, анан күнүмдүк тиричилигимди жазып коём. Ошентип жазып жүрүп эле окурман топтоп алгам.

Анан бирөөлөр тарткан видеолорду баракчама жүктөп коём. Аны көп көрүшөт. Кечээ бир видео жүктөдүм эле, бүгүн карасам 52 миң “жакты” басышыптыр. 3-4 күн мурда ноокаттык аялдын ырдаган видеосун жүктөдүм эле, 1500 лайк, 80 миң көрүү, 500дөй бөлүшүү болуптур. Бул – менин баракчамды көп киши карай турганынын белгиси. Интернеттин бир пайдасы – досторду, пикирлештерди таптым. Азыр кайсы жерге барбайын мени тааныгандар чыгат. Ошолор менен отуруп чай ичем, таанышам. Ар кандай кесиптеги адамдар менен дос, тааныш болдук.

– Убакытты артка кайтарууга мүмкүн болсо, эмнени өзгөртөт элеңиз?

– Убакытты артка кайтарууга кызыкпайм деле. Жашымда кыйынчылыкты көп көрдүм, ошондуктан азыркы убагым эле жакшы. Баарына жеттим, кыздарым, жакындарым, үстүмдө үйүм, астымда машинем бар. Жаш кезде “билим албай калдым” деп өкүнчү элем, бул да тагдыр. Билим алганымда, мүмкүн, көрүнүктүү кызматтарга жетмектирмин. Ким белет, балким, жеңил оокатка азгырылып жаман жолго түшүп кетет белем. Жашоодогу кыйынчылыктар мени өстүрдү, такшалтты, адам кылды, өткөнгө өкүнбөйм.

– Жубайыңызды сыйлай турганыңыз постторуңуздан эле билинип турчу. Айтсаңыз, экөөңүздөр кантип таанышып, кандай жашадыңыздар?

– Аялым экөөбүз Гүлчөдөн, ооруканада жатып таанышканбыз. Баш кошуп, 34 жыл бирге түтүн булаттык. 7 балалуу болдук, тилекке каршы, 1 уул, 1 кызым чарчап калды. 5 кызды тарбиялап өстүрдүк. Кыздарымдын баары турмушка чыгып, өздөрү менен өздөрү. Учурда 17 неберем бар, Кудайга шүгүр. Байбичем экөөбүз турмуш арабасын алыбыздын жетишинче сүйрөдүк. Мындан 6 жыл мурун көзү өтүп кетти. Башыбыздан жакшы-жаман күндөр өттү, барчылыкты да, Союз жоюлган учурдагы кыйынчылыкты да көрдүк. Ысык-суукту көрбөгөн адам адам болбойт, негизи. Өзүм 12 бир тууганмын.

– Бир туугандарыңыз сиздин блогерлигиңизди кандай кабыл алышат? Сыймыктанышабы?

– Кандай кабыл аларын билбейм. Мурун гезитке жазган макалаларымды окуп жүрүшчү, азыр деле жазган постторумду окушса керек. Бир туугандарымдын баары үй-жайлуу, мал багышат, дыйканчылык кылышат, бала-бакырасынын төрүндө сый көрүп отурушат, көбү пенсияда.

– 6 жылдан бери жалгыз жашап келесиз. Жалгыздыктан тажаган, абдан жалгызсыраган учурлар болобу?

– Жубайым каза болгондон кийин кыйналдым. Депрессияга түшүп, санаа тартып, өзүмдү таштап салган күндөр өттү. Айтор, жашоо өтүп жатат. Тамак-ашты өзүм бышырып ичем. Кир-когумду кыздарым жууп, таксиден салып жиберишет. Келип үйүмдү жыйнап берип кетишет. Өзүмдү алаксытып китеп окуйм, гитара чертем, аккордеондо ойнойм, ырдайм. Кээде шаарга түшүп келем. Телефонго алаксып, Фейсбук, Инстаграм, Тикток жана башка социалдык желелерге кирем. Ошентип күн өтө берет экен, интернет аркылуу тапкан тааныштарым көп, ошолор менен аудио, видео байланыш аркылуу сүйлөшөм.

– “Жалгыздык Кудайга гана таандык” дешет эмеспи. Анын сыңарындай, үйлөнөйүн деп ниет кылып кыз-келиндер менен сүйлөшүүгө аракет кылып көрдүңүзбү?

– Негизи тааныш-билиш аялдар, кыз-келиндер көп эле. Бирок эч кимиси менен жакын байланышта эмесмин, үй-бүлө куруу максатында сүйлөшкөн жокмун. Дос катары эле. Жашың өтүп калганда үйлөнүш кыйыныраак экен. Биз курактагылар өзгөрүп, турмуштун жаман-жакшысын түшүнүп калган үчүн менин курагымда аял чыгышы кыйын. Чыккандардын үй-жайы, топтогон дүнүйөсү бар, балдары, неберелери бар, аларды таштап кете албайт дегендей.

– Тескерисинче, сизди шаарга чакыргандар болгондур, балким?

“Тоодо эмне кыласың, шаарга кел. Үйүңдү сатып жибер” дегендер болду. Биз эми айылга көнүп калганбыз да. Шаарда транспорт көп, ызы-чуу, түтүн, аба ырайы жакшы эмес, тынбай акча таап турушуң керек. Шаардын жашоосуна көнө албайбыз. Айыл жакшы, баары тынч, бейпилдик бар. Суу, аба, тамактарыбыз таза. Ошондуктан “шаарга кел” деген аялдарга макул болгон эмесмин. Азыр айылда деле үйлөрдө шарт бар, шаарга караганда айылда жашоо жакшыраак.

– Неберелериңиздин кимиси сизге көбүрөөк жакын?

– Неберелерим кээде эле келишкени үчүн мага өтө жакын эмес. Албетте, келгенде таяталап айланчыктап калышат. Өзүм да кыздарымдын үйүнө барып көп жүрбөйм. Барсам да кайра тез эле кайтам.

– Классташ, жоро-жолдошторуңуз менен катташып турасызбы?

– Теңтуштарым менен жолуккан жерден учурашып жакшы сүйлөшөбүз. Абдан эле тыгыз катыш жок. Себеби Сопу-Коргондо чоңоюп, кийин Ак-Босогого көчүп баса бергем, көп жыл өттү. Ошондуктан өтө эле жакын мамилебиз жок.

– Эң жакын досуңуз ким?

– Тааныштарым, дос сыяктуу жакын адамдарым көп. Бирок аябай жакын досум жок. Мага мыкты дос боло турган адамды жолуктурбадым. Эң жакын досум китеп болду окшойт. Мен сага классиктерди окуганымды айтып берейин. Адабий китептерди көп окудум. Батыш, Чыгыш, АКШ, орус классиктеринин көбүн окугам. Советтик жазуучулар Коммунисттик партиянын саясатына ыктап жазышыптыр. Батыш жазуучуларынын чыгармаларын окугандан кийин көзүм ачылды. Кийин жашоо сырларын диний китептерден таптым.

– Эч кимге айтпаган сырыңыз барбы?

– Ачык-айрым адаммын, жадакалса социалдык желедеги баракчама да баарын ачык жазып салам. Ичимде сыр деле жок.

– Кандай максат, тилектериңиз бар?

– Тилегим – эл-журт тынч болсун. Кошуна мамлекеттер менен ынтымакта бололу, дүйнөдө тынчтык болсун. Мен да бала-чакам менен эл арасында тынч болоюн. Кудай насип кылса, оң келип калса, бир аял... Билбейм эми, ал жөнүндө айтыш деле кыйын. Ошентсе да келечекте көп нерсени пландап жүрөм, баарын айтпай турайын. Чарбамды жакшы жүргүзүп, эл арасында кыбырап жүрсөм эле болду. Анан чет өлкөнү көрсөм дейм. Букара, Самарканд, Ташкент, Кашкарды, эски, тарыхый шаарларды көрсөм деген оюм бар. Насип кылса, Европага барып келсем дейм.

– Тилегиңиз ишке ашсын! Ден соолукта, аман жүрүңүз!

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
zari_kosh
2023-05-17 19:38:00
Ата омурунузду Алладан тилейбиз ден соолугунузду берсин буйруса баардык тилектериниз ишке ашсын оомиийинь
0
№ 1066, 12-18-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан