Элмурат Кочкор уулу, теолог: “ӨКҮНГӨНҮМ – БИЗДЕ АКЫЛДУУ АДИСТИН ЭМЕС, ДЕМАГОГДОРДУН СӨЗҮ ӨТҮМДҮҮ”

Бул жолку маектешим Элмурат Кочкор уулу – 15 жыл теология илимин казган кызыктуу инсан. “Мени көбү дин бузар, Израилден, АКШдан акча алат дешет, бирок эң кедей дин адамы менмин” дейт ал. Калганын маектен окуңуз, окурман.

– Элмурат мырза, эмне үчүн теология илимин тандагансыз? Мисалы, юрист, экономист же аскер кызматкери болсоңуз деле болот беле?

– 9-10 жаштарда болсом керек, айылыбызга күчтүү молдолор келди деп атам мени медресеге алып барган. Диний түшүнүктөгү таасирдин астында чоңойдум. Мектепте химиядан жакшы окуп, олимпиадага катышып жүрчүмүн. Так илимдерге кызыккандыктан медициналык билим алсамбы дегем, бирок кийин диний багытта билим алууну тандадым. Азыркыга чейин сабаттуу эле адамдар “теология факультетинде Куран жаттатабы, Курандан башка китеп окуйсуңарбы?” деп сурашат. Теологияны медресе катары элестетишет. Биздин коом теологиялык билимдин маанилүүлүгүн түшүнө элек. 15 жыл бул илимди окуган адам катары айтарым: биз акылды, билимди, логиканы динден бөлөк карай турган болсок коркунучтуу нерсеге айланат. Анын натыйжасын азыр коомубузда көрүп келе жатабыз. Биз азыр динди илим, билим, логика менен комбинациялап үйрөнгөнгө мажбурбуз, бул замандын талабы. Бирок бизде бул жаатта прогресс жок, артка карай кетип жатабыз.

– Мисалы, кантип?

– Жанагы балдарын мектепке жибербей, аялын, кыздарын көчөгө чыгарбай “күнөө болот, тозокко түшөсүң” деп коркуткандардын кылганы прогресске балта чапкандай эле нерсе. Ар ким өзүнүн ишине так болсун. Дарыгер өзүнүн ишин мыкты жасасын, адамдарды дарыласын. Милицияны ишин таштатып дааватка чакырып, мугалимди мечитке сүйрөгөндүн такыр кереги жок.

– Ата-бабалар карманып келген динди азыркы заманга ылайык колдонууда же жайылтууда агартуучулар эмнеден аксап жатышат?

– Маалыматтын жайылуусу аны айткан адамга гана эмес, ким кандай кабыл аларына да байланыштуу экен. Буга чейин динди акыл, билим, логикадан ажыратып окутушкан. Ошолорго “эй, койгула, бир аз акылдуу бололу, логикага салалы бизге Куран ушул нерсени буюрат, Кудай бизден ушуну талап кылат, минтип учурдун талабына, шарттарына такыр дал келбей турган, бир канча кылым мурдагы версияны азыркы жашоого тыкмалай бербегиле” десем, “сен дин душманысың, дин бузарсың, өлтүрүп кетебиз” дегендер чыкты. Муну эми радикалдуу ой жүгүрткөн, караңгы адамдар айтып жатат.

– Теолог катары айтсаңыз, мектептерге дин таануу сабагынын киргизилишин колдойсузбу? Балдарга бул багытта туура жол көрсөтүлөрүнө ишенесизби?

– Негизи, бул сабак керек. Европада постмодернисттик доордо 21-кылымда илим-билим, технология ушунчалык өнүгүп адамзатта андан ары динге муктаждык калбайт. Динге бечел, коркок, суроолоруна жооп таппагандар гана өтүп кетет. Илимден, билимден жооп тапкандарда динге муктаждык болбойт, дин адамзат жашоосунан толугу менен сүрүлүп чыгат деп болжолдошкон. Бирок ал тескерси реакция берип жатат. Дал ушул себептүү жаштардын диний аң-сезими бүтүн болсун десек, туура билим, багыт берип, түшүндүрүшүбүз керек. Антпесек, бир тараптуу, экинчи тарапка толеранттуулук көрсөтө албаган тар диний түшүнүктөгү адамдардын катары калыңдай берет.

– Элмурат Кочкор уулу ким, анын жашоодогу миссиясы, көздөгөнү эмне?

– Өзгөн районунда төрөлүп өскөм. Орто жашаган үй-бүлөдө чоңойдум. Университетке тапшырарда жакшы кеңешип, багыт берчү гид болгон жок. Диний сезимдеримди ойготкон суроолордон улам эле теологияны тандап кеткем. Бул илимди тандаганыма 50 пайыз өкүнөм, 50 пайыз өкүнбөйм. Өкүнгөнүм – биздин коомдо диний темада акылдуу, билимдүү адистин сөзү угулбайт. Шарлатандын, демагогдун, адамдардын сезимин кытыгылап ойногон, элди тозок менен коркуткан адамдардын сөзү көп угулат. Алардын айтканы башка, жасаганы башка. Сүйлөсө “пайгамбар алачыкта эле жашаган” деп айтат, бирок өзүнүн жашаганы 3 кабат особняк, капчыгында доллар, бизнесине сан жетпейт, мингени кымбат унаалар. Ушул себептүү “доктур же программист болсом өлкөмө көбүрөөк пайдам тиет беле” деп ойлоп кетем. Мага окшогондордун сөзү угулбай жатканы чындап мени капа кылат.

– Агартуучулук ишиңизди таштагыңыз келгендей, көңүл калгандай сүйлөп жатасыз...

– Себеби ачка калдым. Теологдук кесип менен үй-бүлө багуу мүмкүн эмес. Бул кесипке окугуңар келсе интеллектуалдык ырахат алуу, коомду агартуу үчүн гана окугула, бирок акча табыш үчүн эмес деп айткым келет. Мен эң кедей дин адамы болсом керек, учурда Москвада такси айдап карыздарымды төлөп жүрөм. 3 кабат үйүм жок. Материалдык байлык менен көп жакшы иштерди жасаса болот. Мен, ,мисалы мечит эмес, мектеп курмакмын, балдарды молдого эмес, мугалимге окутмакмын. Керексиз, улам-улам басылып тамтыгы чыккан диний китептерге эмес, инновацияга акча коротот элем. Бизде Өзүбек ажы, Акин Токталиев деген чалдар бар. Алар мени “АКШдан акча алат, Израил тыйын берет, ошон үчүн динди бузат” деп да чыгышкан. Биздин коомдун түбүнө ушундай караңгы адамдар жетет. Бирок үзүлбөгөн үмүт экен, көр тириликке кирип кетсем да элге пайдалуу иш кылсамбы деп турам. Онлайн курс ачып, анда бирөө ой-пикирин таңуулай баштаса ага кантип каршы жооп берүүнүн ыкмасын үйрөтсөм дейм. Бизде “дааратты кантип алам, шыпыргыны түз койсо болобу” деген сыяктуу суроолорду бере беришет эмеспи.

– Сиз менен жеңил темада да сүйлөшсөк болобу, мисалы, сүйүү жөнүндө...

– Сүйүп көргөм. Мектепте 6-7-класста бир кызды көргүм келе берчү. Көпкө көз кырымды салып жүрдүм, 11-класска келгенде сөз айтайын деп батына алган жокмун. “Сүйбөйм” деп койсо шагым сынабы дедим. Өзүм да боюм кичинекей, арык элем. Боюмдан намыстандым. Кийин Түркиядан окуп, бозулан жигит болуп келгенде ошол кызды Ош шаарынан көрүп калбадымбы. Маршруттук таксиде Өзгөнгө жеткиче көзүмдү албай карап келдим. Акыры сөз айттым, анан экөөбүз 5 жылдай кыз-жигит катары сүйлөшүп баш кошконбуз. Азыр бир уул, бир кызыбыз бар.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1067, 19-25-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан