Салтанат Мукамбаева, карылар жана майыптар үйүнүн жетекчиси: "КАРЫЛАР ҮЙҮНӨ ӨМҮР БОЮ ЖАКШЫ КЫЗМАТТА ИШТЕГЕНДЕР ДА КЕЛИШЕТ"

Гезитибиздин өткөн аптадагы №1066 санында көзү азиз Советбек Рыскелдиев аттуу каарманыбыз аянычтуу тагдырын айтып берген эле. Ал “карылар үйүндө кабыргамды сындыра сабашты” деп билдирген маектешүүдө. Ал эми Төмөнкү Серафимовка айылындагы карылар жана майыптар үйүнүн жетекчиси Салтанат Мукамбаева байланышка чыгып каарманыбыздын айтканын төгүндөп, окуя такыр башкача өңүттө болгонун билдирди.

“Санаторийде жашагандай эле жашашат”

– Төмөнкү Серафимовка айылындагы социалдык стационардык мекемеде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана кароосуз калган карылар баш калкалашат. Аталган мекемени 2 жылдан бери жетектеп келем. Имарат 500 адамга ылайыкталып салынган, бирок азыркы тапта 315 адам жашайт. Булардын 177си ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар. 200дөн ашык жаран өз алдынча баса албайт, балдак менен же майыптар арабасында жүрөт. Алардын тамак-ашын бөлмөлөрүнө жеткирип, атайын багуучу айымдарыбыз тейлеп турушат. Бейтапкана, жуунганга мончо, атайын спорт менен машыгышсын деп спорт зал да курдурганбыз. Массаж жасоочу бөлмөлөр, ар бир кабатта жуунуучу бөлмө, өзүбүздүн чач тарачыбыз, очокканабыз бар. Чет өлкөдөн инвесторлор келгенде “санаторийдей эле жер экен” деп таң калып кетишет. Мекеме тоонун боорунан орун алгандыктан карылар таза абадан дем алып, сейилдеп жашашат. 3 маал тамак берилет.

“Болгон жыргалыбыз ушул деп бөлмөдө тамеки чегүүнү суранышат”

– Бизде инсульттан кийин өзүнө келе албай, жакындары алып келип таштап кеткендер көп. 55 пайызы кыргыздар, мурун кыргыздар аз болчу. Канчалык менталитетибиз, үй-бөлөлүк баалуулук бизде жакшы дебейли, заманбап жашоонун нугу ошол баалуулуктарыбызды жууп бараткандай. Бул жерге эми эч ким жыргаганынан келбейт да. Майып болуп же картайганда каралбай калгандар келишет. Кээ биринин мүнөзү чатак, бир тууган, жакындарынын үйүнө батпагандыктан келет. Карыганда адам бала сыяктуу болуп, көңүл бурууну талап кылып, таарынчаак да болуп калат. Айрымдары ичиндеги күйүтүн басам деп спирт ичимдигин ичип алышат. Алган пенсиясына “майрамдап” койгондор көп эле. Бизде мажбурлап тыюу жок да, кааласа мекемеден чыгып иштерин бүтүрүп келе беришет. Ичип келип чыр салган аксакалдарыбыз да бар. Бирок алардын баарына сабырдуулук менен мамиле кылабыз. Ойлоп көрсөң аларга деле кыйын. Биздин интернатта 10-15 жылдап жашаган карылар бар, бир бөлмөдө эки адам жатат, зеригет, кээде бөлмөдөн түтөтүп тамеки чегишкенде “чекпегиле” деп урушуп коём. “Болгон жыргалыбыз ушул, жок дегенде ушуну менен өзүбүздү алаксытып туралы” дешкенде унчукпай калам. Тыңдары бар, пенсиясын чогултуп 1-2 күнгө суранып кетип, топтогон акчасын балдарына берип келишет.

“Каза болгондо эч кимиси келбесе өзүбүз көмөбүз”

– Бул жерде эркектер көп. Көпчүлүгү жаш кезинде туура эмес кадамдарга барып тагдыры талкалангандар. 74 жаштагы ысык-көлдүк бир эже бар, өмүр бою мектепте завуч, директор болуп иштеп, такыр турмушка чыкпаптыр. Баласы да жок. Кийин пенсияга чыкканда “жакындарыма жүк болбоюн” деп биздин мекемеге келе бериптир. Абдан сабаттуу, баарыбызга акыл-кеңешин айткан апа. Жаңы келгенде жакшы эле жүрчү, акыркы күндөрү көп иччү болду. Бизге карылар эле эмес, 30-40 жаштагы майып мырзалар да келишет. Көбү энеси каза болгондо же энеси ооруп калганда каралбай калгандар. Эне баарына түтөт, чыдайт эмеспи. Ошол жаш мырзалардын арасында ушул жактан үйлөнүп, балалуу болгондору бар. Жакында бизде түптөлгөн жаш үй-бүлө көчүп кетишти. Инсульт алган мырза менен буту жок аял баш кошкондо бөлмө бердик. Кийин кыздуу болушту, кичинекей кызын биздин кызматкерлер көтөрүп жүрүп чоңойтушту. Ушул жерден кой союп, чоң апа, чоң аталар чуркап, кызына тушоо кесүү жөрөлгөсүн кылганбыз.

Карылар каза болгондо жакындарына кабар берип, 2 күн күтөбүз, эч ким келбесе Төмөнкү Серафимовка айылынан айыл өкмөт бизге жер бөлүп берген, жаназасын окуп, маркумду жерге беребиз. Бул жакта жашагандар бири-бирин таанып, бир туугандай эле болуп калышат да.

“Карылар үйүндө сабалдым деп даттанган мырза өзү карыларды сабачу”

– Сиздерге “карылар үйүндө кабыргамды сындыра сабашты” деп маек берген көзү азиз Советбек Рыскелдиев бизде 6 жыл жашаган. Көп иччү, ичип келген күнү ал жашаган кабатта тынчтык жок. Аялдар башка кабатка, эркектер башка кабатка жайгаштырылган да. Аялдардын кабатына түшүп алып ар нерсени сүйлөп, кыйкыра берчү. Негизи биз “үйүм жок, ооруп жатам” дегендин баарын кабыл ала бербейбиз. Райондун социалдык кызматкерлери ким чынында кароого муктаж, кыйын абалда иликтеп, анан бизге жиберишет, ошол багыттама менен келген карыларды гана кабыл алабыз. Советбек мырза бизге Бишкек шаарындагы карылар үйүнөн которулган, ал жакта да жөн жүрбөй бирөөнү сабап коюп бизге келген. Түнү-күнү чыр чыгарып, тынчтык бербесе ким жакшы көрөт? Биз ал байкени Таласка которолу деп документ даярдап жатканбыз, ага жетпей эле “Ысык-Көлгө барып паспортумду алып келейин” деп кеткен бойдон келген жок. Биздин мекемеде ал кишиге кошуна жашаган карылардан сурап көргүлө, баарына кол көтөрчү. Бул жакта карылар чогулуш кылып “бизге тынчтык керек, бул ээн баш кишини тартипке салгыла же кетиргиле” деп талап коё башташты. Биздин мекеме тууралуу айткан сөздөрү карандай калп жана чындыкка дал келбейт.

Александр Сергеев, карылар үйүнүн жашоочусу: “Советбек түндө ызы-чуу кылган”

– Көп жылдан бери ушул жерде жашайм. Өзүм партияда жана жогорку кызматтарда иштеген адаммын. Бирок, тагдыр экен, азыр ушул интернаттамын. Бул жерге көпчүлүгү тагдыры талкалангандан кийин келишет. Аракечи, сеялсаягы, майыбы бар. Чынында, мындай жуурулушкан социалдык катмар менен иштешүү оор. Бул мекеменин кызматкерлерине рахмат, ич кийимин, памперсин алмаштырып, көчүгүнөн бери жууп беришет. Көзү азиз Совет Рыскелдиев менен кошуна болчубуз. Ал бир жолу ичип келип шеригине кол салып, чоң чыр чыккан. 2-3 багуучу айымды сабап, анын үстүнөн арыз жазып, милиция да келип жүргөн. Чыр чыгарып жатып бөлмөнү жалгыз өзү ээлеп алды. Аны менен жашагандан көбү коркчу. Ошондой бейбаш, ээн баш карыларды мыйзам менен тыйып акыл-эсине келтирип коюш керек. Биз эмне, турмушта көрчүбүздү көрүп бүттүк, бейиттеги жайыбызга жакын турабыз. Мындай куракта адамга тынчтыктан башка эч нерсенин кереги жок.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1067, 19-25-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан